СЫЙЛЫГЫҢАР КУТ БОЛСУН, АГАЛАР!

12-декабрь – кыргыз адабият дүйнөсү үчүн өзгөчө күн. Себеби бул күнү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлсө, кыргыз поэзиясынын туу чокусу – Алыкул Осмонов дүйнөдөн өткөн. Ушуга байланыштуу кыргыз өкмөтү 12-декабрды адабият күнү деп белгилөө жагын караштырууда. Үстүбүздөгү жылдын бул күнүндө адабият дүйнөсү үчүн дагы бир чоң майрам болду.
Ушул күнү «Жетимен» коомдук кайрымдуулук фонду кыргыздын көйкашка акыны Байдылда Сарногоевдин атын алып жүргөн Эл аралык сыйлыкты эки акынга ыйгарды. Алып айтсак, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановго Байдылда Сарногоев жөнүндөгү китеби, ал эми Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кыялбек Урманбетовго «Сүйүүзар» аттуу китеби үчүн берилди. Сыйлык Байдылданын элеси чөгөрүлгөн чылк алтын медалдан жана 100 миң сомдон турат.
Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлык биринчи жолу Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевге жана белгилүү акын Тургунбек Бекболотовго берилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
SubAz
2010-12-24 16:33:30
жакшы жакшы
0
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан