АТАКТУУ СПОРТЧУЛАР ФУТБОЛДУ ТАНДАШАТ

2006-жылы атактуу “Тур де Франс” веложарышын жеңип алган испаниялык Оскар Перейро велоспорттон кетип, футболдук карьерасын баштады. 33 жаштагы Перейро жакында Испания чемпиондугунун 3-дивизионунун “Коручо” командасы менен келишим түзгөн. 19-декабрда аталган команданын курамында алгачкы жолу оюнга чыкты.
3 жолку Олимпиада чемпиону, дүйнө рекордчусу, ямайкалык жөө күлүк Усейн Болт карьерасын аяктагандан кийин футбол менен алектенүүнү кыялданып жүргөндүгүн моюнга алды. Бул тууралуу: “30 жашка чейин чуркасам дейм. Андан соң Англиянын төмөнкү футболдук лигаларында болсо да ойноого макулмун. Албетте, менин кыялым – “Манчестер Юнайтеддин” курамында ойноо. Көпчүлүк “күчүңдү сынап көр. Мүмкүн, кыялың ишке ашат. Анткени сенде ылдамдык бар” деп жатышат”,- дейт Чагылган атка конгон планетабыздын эң ылдам адамы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан