17-декабрда УЕФАнын ЧЛсынын салтка айланган чүчү кулак таштоо аземи өткөрүлдү. Жарым чейрек финалга чыккан 16 команда атаандаштарын тапты. 8 жуптуктун ичинен экөө күйөрмандардын кызыгуусун күчөтүүдө. Алсак, өткөн жылкы финалчылар “Интер” менен “Бавария” өз ара күч сынашса, чемпиондукка башкы талапкер болгон “Барселона” лондондук “Арсеналды” сыноодон өткөрмөкчү. Чемпиондор Лигасы кыска тыныгуудан кийин 15-февралда старт алат.
"Рома" – "Шахтёр"
"Милан" – "Тоттенхэм"
"Валенсия" – "Шальке"
"Интер" – "Бавария"
"Лион" – "Реал"
"Арсенал" – "Барселона"
"Марсель" – "Ман. Юнайтед"
"Копенгаген" – "Челси"