Майкл Жексонго тиешелүү буюмдарды сатуу боюнча аукцион болуп, анын бриллиант кол кабы 330 миң долларга бааланды. Андан сырткары дүйнө жылдызынын шляпасы 72 миң, күрмөсү 96 миң долларга сатылды. Жексондун сатылган буюмдарынын жалпы баасы 1 миллион долларды чапчыды.