ЖЕССИКА АЛЬБА

Табигый сулуулук, көргөн жанды кош көңүл калтырбаган сексуалдуу келбет, керемет жылмаюу, сырдуу көз караш жалгыз Американы гана эмес, бүткүл дүйнөнү багынтты. Бул артыкчылыктарга ээ болгон актриса Жессика Альбаны тымызын сүйүшкөнүн биздин жигиттер да жашыра алышпайт. Голливуддун эң атактуу актрисасынын жанында боло албасаңыз да ал тууралуу маалымат алып, каниет кылыңыз...

БАКТЫСЫЗ БАЛАЛЫК
Жессика Мари Альба 1981-жылы 28-апрелде Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн. Көп өтпөй Альбалардын үйбүлөсү Миссисипи штатына көчүп кетет. Жессиканын атасы мексикалык, апасында француз каны болгондуктан, эл аларды «куураган эмигранттар» деп жаман көрө турган. Бул себептүү ата-энеси оңдуураак жумушка орношо алышпаса, Жессиканы болсо мектепте дайыма чычалата беришчү. Эптеп акча табуу үчүн ата-энеси эки-үч жерде кара жумушта иштешкен. Атасы бир топ убакыттан соң эптеп Аскердик аба күчтөрүнө жумушка орношуп, анын кызматына байланыштуу Жессика 9 жашка чыккычакты үйбүлө шаардан-шаарга көчүп жүрө беришкен. Жессиканын үйбү­лөсүндө жогорку билимге ээ жалгыз киши таятасы болгондуктан, ал Жесстин татыктуу тарбия алып, мектепте жакшы окуусуна себепчи болот. Атасы менен апасы достору менен шаңдуу кечелерди өткөрүп көңүл ачып жүрүшсө, Жессика дайыма чиркөөгө барып, Кудайга сыйынып турчу. Болочок жылдыз ошол кезде эле өзүн «башкалардан өзгө­чө­мүн» деп ойлоп, дайыма өз оюн гана туура деп эсептечү. Жесс сологой болгондуктан, мугалимдеринин дайыма оң кол менен жаздыртууга кылган аракеттерине жини кайнап, аларды кеңкелес катары саначу.

АКТРИСА БОЛУУ
Антсе да ошондой кыйынчылык турмушка карабай кичинекей кыялкеч Жесс 5 жашында эле «актриса болом» деп чечкен. 12 жашка чыкканында актёрдук курстарга барып, бир жылдан соң “Адашкан лагерь” фильминдеги биринчи ролуна ээ болгон. Алгач Жессти жөн гана массовкага кошуп тартып жатышкан. Башкы ролду ойноочу кыз кокусунан ооруп калганда Жессти таланттуу болгону үчүн эмес, чачынын өңү башкаармандыкына окшош болгондугу үчүн гана бул ролго тандап алышкан. Кинокарьерасын аябай эрте баштап алган кичинекей актриса бул кесиптин балалык кыялында элестеткендей жеңил эместигине көзү жетет. “Бай жана атактуу адамдардын катарына кошуучу жалгыз жол ушул” деп ишин таштаган эмес. Мектептен келген соң курбуларындай болуп көңүл ачуунун ордуна үй тапшырмаларын даярдап, андан кийин 10 барактан сценарий жаттачу.

АКЖОЛТОЙ КЫРСЫК
Жесс 14 жашында күтүүсүз кырсыкка кабылат. Аны “Флиппер” сериалына тартылып жаткан убагында уурдап кетишкен. Жесстин ата-энеси киши уурдоочулар талап кылган чоң өлчөмдөгү акчаны төлөп бере алышкан эмес. Бактыга жараша, кызды кокусунан эле машинанын арткы жүк салган жеринен таап алышкан. Ал эми кылмышкерлер болсо ошол боюнча дайынсыз бойдон калган. Жесс табылгандан соң бул кылмыш гезиттерге жарыяланып, кызга болгон көңүл буруулар көбөйөт. Натыйжада, актриса “Беверли-Хилз, 90210” сериалына тартылат. Көп өтпөй эле Жеймс Камерондон “Кара периште” тасмасына тартылуу сунушу түшөт. Бул тасмалардан соң Жесс эл оозуна алына баштайт да, 2001-жылы ал “Эң ысык 100 кыз” тизмесинде биринчиликке ээ болот. Учурда Жесс АКШдагы эң сексуалдуу делген айымдардын катарынан түшпөй келет.

ПЕРИНИН ЖЕКЕ ТУРМУШУ
Ар кайсы улуттун каны Жессиканын ажарына оң таасир этсе керек. Анткени, ал дайыма келишимдүү жигиттердин курчоосунда. 2005-жылы “Фантастикалуу төртилик” аттуу тасмага тартылып жатканда Жессика кинопродюсер Кэш Уоррен менен таанышып калат. Экөөнүн мамилеси акырындык менен өнүгүп отуруп 2008-жылдын май айында баш кошууларына алып келген. Июнь айынын онунда бактылуу жубайлар кыздуу болушту. Кызы Онор Мэри – Жессика үчүн көптөн бери кыялданып күткөн бакыт. Башка жылдыздарга окшоп наристесинин сүрөтүн журналдарга көрсөтүп акча табуу идеясын Жессика колдобойт.

ЖЕССИКА ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨЙТ
“Дайыма элдин көңүл борборунда болуунун жакшы жактары болгону менен бул нерсе да тажатпай койбойт. Айрыкча ресторандарга барганда официанттар болбогон шылтоолор менен кайра-кайра келе беришет. Ашпозчулардын ашканадан чыга калышып, «тамак жактыбы?» демиш болуп көкүрөгүмдү, жамбашымды теше тиктегендеричи?! Дүкөн кыдырсам андан бетер кыжырды кайнатышат. Бирок, эми менин башка жолум жок да… Актриса болуп эле жүрө бербей такшалып отуруп бир күнү режиссёрдук орундукта отуруу тууралуу кыялданам. Эмнегедир мага жалаң гана жеңил ойлуу каармандарды сунуштай беришет. А мен болсо чыныгы сезимдерди чагылдырган ролдорду аткаргым келет. Сыр айтайынбы? Стриптиз бийчисинин ролун аткарганда мен хореограф жалдабастан, стрип-барларга барып, бийлеген кыздарды астыртан карап отуруп үйрөнгөм... Баса, тасмаларда мен аябай тыкан, чапчаң кыздын ролун аткарсам, жашоодо аябай жүдөмүш­мүн. Чалынып, жыгылып эле жүрөм. Ал гана эмес, бир жолу машинама отуруп жатып башымдын сыртта экенин ойлобой эле эшигин тарс жаап, башымды кыпчып алгам...”

АКТРИСА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • «Жессика» деген аттын мааниси – «Кудайдын көркөмдүгү» дегенди билдирет.
  • Кичинекейинде Жесс астма оорусу менен ооруган.
  • Балачагында «Жөргөмүш киши» актрисанын суперкаарманы болчу.
  • Жесс моюнуна гүл түрүндө татуировка тарттырган. Дал ушундай тату анын апасында, таенесинде да бар.
  • Актриса Тимбалэнд менен Мисс Элиоттун ырларын угууну жактырат.
  • Жакшы көргөн түсү – кызгылт көк, жакшы көргөн күнү – аптанын жумасы.
  • Алгачкы жолу 7 жашында өбүшкөн. Ал эми 13кө чыкканда жигит күтө баштап, аны менен 3 жыл сүйлөшкөн. Кыздык абийиринен 18 жашында айрылган.
  • Кыжаалат болгондо чачын манжаларына орогулай берет. Муну өзүнүн кемчилиги катары эсептейт.
  • Бут кийим дүкөнүнүн жанынан кыя өтө албаганы үчүн үйү толо бут кийим.
  • Бою – 169 см, салмагы – 55 килограмм, мүчө-келбетинин өлчөмү – 86-63-91.
  • «Dolce&Gabbana`дан» кийинет.
  • Мотоцикл айдаганды билет жана мушташта өзүн коргой алат.
  • 13 жашында эле жеке киноагенти бар болчу.
  • Дельфиндерди аябай жакшы көргөн­дүктөн, аларды көрүү үчүн ар аптанын соңунда океанариумга барат.
  • Жессика 2001-жылдан тарта «L`Oreal» фирмасынын жүзү болуп саналат.
  • MTV каналына өзгөчө фотосессия берүү үчүн маймыл менен өбүшкөн.

Даярдаган Махабат Догдурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 298, 18-24-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан