“Ортобузда достук, анан бир аз сүйүү бар” деген "Non-stop" тобунун ырчылары Чолпон менен Максаттын чыгармачылыктагы тандеми сүйүүгө айлангансыйт. Анткени экөө жаңы жылдык эс алууну укмуш өткөргөнү жатышат. Кантип дебейсизби? Таттуу, ой, таланттуу ырчылар кыштын кыраан чилдесинде, тагыраак айтканда, 2-9-январга чейин керемет Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде эс алышат. Кандай романтика! Баса, ырчыларга бул жолдомону продюсери Алексей Сидоров бериптир.