Коомдук биринчи канал тарабынан уюшулган “Кош жылдыз” телешоусу жыйынтыкталды. Жогорку упай топтогон долбоордун айымы "Сахна ханышасы", мырзасы "Сахна мырзасы" аталып, төш белги, дипломдор менен сыйланмак. Анан ушунун баарына кимдер ээ болушту дебейсизби? Алар – айтылуу ырчы Айчүрөк Иманалиева менен анын шериги, Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын сектор башчысы Авланбек Жумабаев.
Ал эми “Жарашыктуу жуп” деген наамга стилист айым Замира Молдошева менен ырчы Марат Ибраев ээ болушту. Мындан тышкары шоунун бардык катышуучулары түрдүү дипломдор жана наамдар менен сыйланышты.