Ырчы Темир Назаров учурда “темир тулпарлуу болдум” деп сүйүнүчү коюнуна батпай жүргөн чагы. Анын сатып алган күлүгү 2004-жылы жарык көргөн Тойота Will VS үлгүсүндө. Ырчынын айтымында, мындай машина Кыргызстанда үчөө эле.
Темир көптөн бери мындай үлгүдөгү машиналуу болууну кыялданып жүргөн. Анан Япониядан тааныш байкелерине заказ кылып алдырган экен.