Өткөн аптада Айя Садырова Бишкек шаарынын Жибек Жолу-Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылды. Рулда отурган Айянын машинасын жогорку ылдамдыкта келе жаткан автоунаа уруп кеткен. Ырчы: “Учурда абалым жакшы эле. Бутум сынып, гипстелген. Доктурлар үйдө 2 ай жатышың керек дешти. Жаңы жыл алдында мындай жагымсыз окуяга кабылганым өкүнүчтүү, бирок аман калганыма сүйүнөм”,- дейт. Ал эми баласын багууга жолдошу жардам берүүдө.