Бир бүркүм... КАЗЫНАНЫН ЖЫРТЫГЫ 18 МИЛЛИАРД СОМ...
Быйылкы жылы тышкы карыздын көлөмү дагы 340 миллион долларга көбөйүп, жалпысынан 2 миллиард 820 миллион долларды түзүп калды.
Премьер Алмазбек Атамбаев алгачкы сапарын Кремлден баштамакчы.
“Кыргызстан” аба компаниясы Боинг 737-300 жана ATR 42-320 учактарын сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Ош жана Жалал-Абад облустарында жашаган, июнь окуясынан жабыркаган 2 миң үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр таркатылат.
Президент Роза Отунбаева 22-декабрда Түркиянын Стамбул шаарына Экономикалык кызматташуу уюмунун кезектеги жыйынына катышуу үчүн кетти.
1-вице-премьер Өмүрбек Бабановдун айтымында, келерки жылга карата казынанын кирешеси 68,8 миллиард сом, ал эми чыгашасы 87,3 миллиард сом болушу күтүлүүдө. Ошентип, бюджеттин таңсыктыгы 18,6 миллиард сом болду.
Бишкектин Жал кичирайонунда 6-8-апрель окуясында каза болгон жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө арналган жалаң бир бөлмөлүү 72 квартирадан турган 9 кабаттуу үй курулуп бүттү.
Расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад облусунун 20 миңден ашуун тургуну жумушсуз калса, кандуу кагылыштан кийин 38 миңдейадам бул аймакты таштап кетишти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы президенттин буйругу менен кайрадан Комитет болуп түзүлдү.
Учурунда Рыспек Акматбаевди, азыр Санжар Бакиевди актоо аракетинде жүргөн белгилүү адвокат Рыспек Нагаев инсульттан көз жумду.
2011-жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы мурункудай 220 сом боюнча калат. ЮСАИД уюмунун жардамы менен өткөрүлгөн бул тестирлөөнүн баасы акыркы он жылдан бери өзгөрө элек.
Белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдык юбилейинин урматы үчүн Бишкекте илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Жаңы жылга карата 3-январга чейин Кыргызстан-Кытай чек арасы жабылат.
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэриясы пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга тыюу салды.
2011-жылдын 1-январынан тарта мугалимдердин айлыгын 30 пайызга жогорулатуу боюнча токтомго өкмөт кол койду.
2011-жылдын бюджетин парламент кийинки жылы карамай болду.
31 жаштагы Айбек Азыранкулов Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Орусиялык «Риа Новости» агенттигинин версиясы боюнча, Кыргызстандын апрель окуясы 2010-жылдын эң маанилүү эл аралык 10 окуянын катарына кирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.