“2011-жылы Кыргызстанда 13 күн эс алуу болот”,- деп Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жарыялады. Анын ичинде 24-март – Элдик революция күнү, 7-ноябрь – Улуу Октябрь революциясы да бар. Балким, Роза Отунбаеваны президенттикке алып келген 7-апрель окуясы дагы майрам болуп калышы ыктымал. Ансыз дагы майрамга бай Кыргызстан эли үчүн бул ашыкча эс алуу майдай жагышы турган кеп.