Экс-президент Курманбек Бакиевдин учурда Беларустун Минск шаарында жашап жаткандыгы белгилүү. Аталган өлкөдө буга чейинки жекшемби күнү президенттик шайлоо болуп өттү. Оппозициянын каршы чыгып, түрдүү митингдерди уюштурганына карабастан, “Александр Лукашенко калктын 70 пайыздан ашык добушуна ээ болду” деп жарыяланды. Беларустагы президенттик шайлоонун сценарийи Кыргызстанда болуп өткөн 24-март жана 7-апрель окуяларына көп жагынан окшоп кетет. Бирок Лукашенко бийликти бекем бучкактап, оппозициянын өкүлдөрүн чилдей кууп, камады.
Не демекчибиз, Бакиев мырза бекеринен Лукашенко менен жакын дос болбогон чыгар. Балким, азыркы тапта бош убактысы көп болгон Бакиев Лукашенкодон митингчилер менен күрөшүү боюнча “сабак” алып жатышы да толук ыктымал. “Билим алууга” эч качан кеч болбойт эмеспи.