Саясий серепчи Валентин Богатырев жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө карата өзгөлөрдөн өзгөчө пикирин айтты. Анын сөзүнө кулак салсак, “ташиевчилер” менен “бабановчулар” өз ара сүйлөшүп алып, жаңы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевди кыжырданган элдин маанайына такап, кызматынан алып түшүү үчүн премьерликти беришкен имиш.
Богатырев мырзанын пикири туура болуп калышы да ыктымал. Анткени эпсиз чоң тешиги бар бюджет жана оор абалда турган өлкөнү бутуна тургузуп кетүү милдети өкмөт башчынын моюнуна илинет. Анын үстүнө келерки жылы президенттик шайлоого карата кызуу күрөш жаңы жылдан тарта эле башталат. Серепчилер кандай дебесин, иш тажрыйбасы мол Алмаз мырза оор абалдан өлкөнү чыгарып кетер деп ишенели.