«БАСЫП КЕТСЕМ, АНАН ЫРЧЫ БОЛСОМ ДЕП ТИЛЕЙМ»

Биздин бүгүнкү каарманыбыз Арапбек Ниязов 1994-жылы Лейлекте төрөлгөн. Арапбек – Исакбай ага менен Ниязов Шарапат эженин тун перзенти. Асылган оорунун айынан учурда Арапбектин заарасы токтобой, 14 жашка чыкса да азыркыга чейин "памперс" киет. Мындан тышкары, бутунан баса албай бир жаштагы баладай көчүгү менен жылып отуруп керектүү жерине жетет. Баласын карап үйүндө отурган Арапбектин апасы Шарапат эже менен маектешкенибизде, уулу тууралуу бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди...

БЕЛ ОМУРТКАДАГЫ ШИШИК
– Арапбек төрөлгөндө эле бел омурткасында кичинекей шишик менен төрөлгөн. Алгач ага атасы экөөбүз көңүл деле бурган эмеспиз. Бирок, күн өткөн сайын шишик чоңойгондон чоңоё берди. Жаткырганда көрүнмөк түгүл, билинбей калат. Баланы колго алганыбызда кайра «булк» этип чыга калат. Балама беш ай болгондо ал шишиктин чоңдугу муштумдай болду. Ошондо Лейлектин дарыгерлери Бишкекке барып көрүнү­шүбүзгө жолдомо берди. Ошентип, бул жерден операция жолу менен шишик алынып салынды. Операцияга чейин балам болтойгон семиз бала эле. Андан кийин эле арыктап, бут сөөктөрү ичкерип, таманы ийрилип, башы чоңоё баштады. Исакбай экөөбүздүн оюбузга мындай болот деген нерсе таптакыр келген эмес. "Шишикти алып салсак эле Арапбек оорудан айыгып, убагында басып кетет" деп ойлоп жүрбөйбүзбү. Операция болгондон кийин баламдын туура эмес өсө баштаганынан да заарасы токтобой тамчылап агып калганы жаман болду.
– Эмнеден улам заарасы токтобой калды?
– Кичинекейинен тарта баламдын башы ооруканадан чыкпай калбадыбы. Ошондо дарыгерлердин бири: "Операция убагында бөй­рөк­­кө кеткен нервдер кесилип кеткен, ошондон заара токтобой калды",- деп айткан.
– Оорунун келип чыгышы эмнеден болгон экен?
– Эмнеден пайда болгонун дарыгерлер өздөрү билишпейби же атайын менден жашырып коюштубу, айтор, эмнеден улам ушундай болгонун да, оорунун диагнозун да айтышкан эмес. Менден "боюңузда болгондо ооруган жок белеңиз?" деп сурашканда, "ооруган эмесмин" дегем. Ошентип, операциядан кийин кайрадан Лейлекке кеттик. Жолдошум ал жакта трактор айдачу. Лейлекте жүргөндө баламдын тагдырын, келечегин ойлоп алып көрсөтүп да, көр­сөтпөй да ыйлап күн өткөр­чү­­мүн. «Балдар менен ойносо аң-сезими, кыймыл-аракети өсөбү?» деген ой менен балама чоң жынсы шымды кийгизип, багалегин бууп коём. Балдар менен бак ичинде томолонуп жүрө берет. Бирок, албетте, баламды жалгыз балдарга кошуп коё алчу эмесмин. Ээн-эркин ойносун деп үйгө кетимиш болуп алдыртан байкап отурам. Башка балдарга караганда зиректигин, дилгирлигин байкап алып огобетер маанайым чөгүп, ыйлап алчумун. 15-20 метр жумшак кездеме алып, памперс жасап коём. Аным тез эле сийдик болуп калат. Сыналгыдан памперстин жарнамасын көрүп алып, "Кудайым, мен да ушундай нерсеге жетсем экен" деп ыйлайм. Мага кошулуп атасы ыйлайт. Акыры балабыздын келечеги үчүн "эмнеси болсо да борбордо бололучу" деп Арапбек төрткө чыкканда Лейлектен Бишкекке көчүп келип, батирде жашап калдык. Жолдошум куруучу болуп ишке орношту. Баламдын буттары узарып өскөнү менен жоонойбой ичке бойдон кала берди. Түз да болбой ар кайсы жакка майрыйып өстү. Ошондо бизге гана эмес, чет элдик жарандардын да сообуна калып, аларды бастырып жаткан белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабековго да көрүнгөнбүз. Ал киши «бир эле бутун балдактын жардамы менен баса турган кыла алам» деген эле. Сураштырсак, ага да бир топ каражат керек экен. Каражаттын тартыштыгынан ал дарыгерге да бара албай отурабыз.

БИЛИМГЕ УМТУЛУУ
– «Бешке чыкты» деп сүйүнгөнүбүз менен Арапбек бир жашар балача көчүгү менен жылып жүрдү. «Өзү баспаган майып болсо, анан сабатсыздыгы жоюлбай калса, балабыз кандай күнгө туш болот?» деп атасы экөө­бүз сарсанаа болобуз. Бирөөлөр­дүн кеңеши менен балабызды бактырыш үчүн эмес, сабатсыздыгын жоюу үчүн Белеводск шаарчасындагы майып балдар үйүнө бердик. Ал жерге алып баргандан кийин тарбиячылар бала көнгүчө менин эки ай келбей туруумду суранышты. Анткени, ага чейин бара берсем, балам «үйгө кетем» деп тарбиячыларды бушайманга салышы мүмкүн экен. Бир ай болгондо эле чыдабай барып алдым. Оорунун тийгизген таасириби, айтор, барсам, балам мени тааныбай: "Койчу, сен менин апамсыңбы?"- деп таңкалды. Ал жерден аны угуп алып шолоктоп ыйлаганымды сураба. Ошентип, Беловодск шаарчасында бир жыл окуду. Тамганы үйдөн эле мен өзүм үйрөткөн элем. Ал жактан орус тилин, анан шар окуганды үйрөндү. Эки жылдан бери Бишкектеги реаблитациялык борбордо билим алууда. Ал жакта балам жалаң "4" жана "5" деген бааларга окуп жатат. Баса, ал борбордогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга элибиздин патриот уулдары ар кандай жардамдарды берип, жайкысын Көлгө эс алдырып келишет. Былтыр депутат Аскар Салымбеков Көлдө эс алууга шарт түзүп берген. Быйыл да баламды алып эки жума эс алып келдик. Баламды окууга, мечитке, концертке, кыскасы, кайсы жакка көңүлү тартпасын, ошол жакка алып барып үйдө отурам.

ТУБАСА ТАЛАНТ
– Балам майып болуп калганы менен тубаса таланттуу десем болот. Кичинекей кезинен эле жакшы ырдайт. Азыркы жаңы чыгып жаткан эстрада ырчыларынын баарын тааныйт. Ал гана эмес, кайсы ырчынын кандай ыры бар экенин жатка билет. Ырчылар көбүнчө "Супер-Инфо" гезитине чыгат эмеспи. Гезитке чыккан ар бир ырчынын макаласын кесип алып, үч жылдан бери чогултуп келатат. Ар апта сайын бул гезитти сатып барганыбыздан кийин «Арапбек кесип файлына салып алгыча окуп калалы» деп аңдып турабыз. Балам 6-7 жашка чыккандан тарта кайсы ырчы концерт бербесин, дайыма барабыз. "Менден 200 сомуңарды ая­ба­­гыла"- десе эле көзү­бүз­дү жашылдантып алып карыздап бол­­со да билет алып, такси жалдап жөнөп калабыз.
Бир жолу "Сейтек" балдар борборунда концерт көрүп отуруп кыргыз телевидениесинде балдар көрсөтүү­сүн даярдаган Салика эже менен таанышып калдык. Ал киши бизге Жаныбек Алыкуловдун "Куудул отурушуна" чакыруу билетин берди. Арапбекти коляскага отургузуп, таксиге салып алып бардык. "Жаныбек байкенин колун кармашым керек" деп жолдон гүл да алдыртып алган. Сүрдөгөнү­мдөн сахнага калтырап-титиреп жатып баламды көтөрүп чыктым. «Гүл берип кетип калат экенбиз» десем, Арапбек куудулдун колунан микрофонду тартып алып: "Талантыңыз мындан нары да өркүндөй берсин!"- деп сүйлөп жатпайбы! Анда Жаныбек байке: "Азыр апаң сени көтөрүп чыкса, эмкиде сен апаңды көтөрүп чык",- деп жакшы сөз айткан эле.
Учурда Арапбектен кийинки балам Ильязбек менен кызым Нуриса комуз үйрөнүп жатышат. Аларды көргөн Арапбек өзү эле дилгирленип, эч ким үйрөтпөсө деле комузду үйрөнүп, анын коштоосунда ырдап калды. Баламдын «келечекте белгилүү ырчы болсом» деген максаты бар.

Апасынын бизге айтып берип жаткандарын чөгүңкү маанай менен тыңшап отурган Арапбек менен да маектешкен элек.

– Окууларың кандай, Арапбек?
– Мен жаман окугум келбейт. Бизде каникул деген жок болгондуктан, азыр да окуп жатабыз. Бардык сабактарды «5ке» окуганга аракет кылам. Бирок, кээде "4" аралашып кетип жатат.
– Баарынан сага кайсы сабак жагат?
– Бардык сабактардан мага орус тили жагат. Андан дайыма "5" деген баа алам.
– Орус тилин кимден үйрөн­дүң эле?
– Беловодск шаарчасындагы балдар үйүндө жүргөндө үйрөнгөм. Мага орус тилинде сүйлөгөн абдан жагат. Мурда орус тили сабагынан кыргыз эжеке берчү. Азыр орус мугалим окутуп жатат.
– Мектепте дагы эмне кыласыңар?
– Буту баскан балдар футбол ойношот. Мен коляскада отуруп алып волейбол ойногонду жакшы көрөм.
– Досторуң барбы?
– Эң жакын досторум Аскат менен Айбек. Айбек 21 жашта, Аскат болсо 18де. Экөөнүн тең буттары баспайт, үчөөбүз реаблитациялык борбордо чогуу окуйбуз.
– Жакшы көргөн кызың барбы?
– Ооба, бар. Ал быйыл 6-классты аяктады. Аны менен майып таежесин коляска менен сүй­рөп жүр­гөн­үндө таанышкам. Азыр ал экөө­­­бүз жакшы дос­тор­донбуз.
– Келечекте ким болгуң келет?
– Келечекте бел­­ги­лүү ырчы болсом деген тилегим бар. Кичинекей кезимден эле ырдаганга кызыгам. Азыркы чыгып жаткан ырчылардын арасынан Ильяз Абдыразаков өзгөчө жагат. Анын бардык ырларын ырдайм.
– Бош убактыңды кантип өткөрө­сүң?
– Сабактан кел­генден кийин уктап эс алам. Анан комузда жаңы ырларды үйрөнөм, гезит окуйм, сериал көрөм.
– Мечитке барат экенсиң, ошон­до өзүңө Кудайдан эмне тилейсиң?
– Кудайдан «басып кетсем, ырчы болсом, анан ата-энем, биртуугандарым аман болсо экен, ата-энемдин эмгегин актасам экен» деп тилейм.

Арапбектин маегинен соң «анын жүрөгүндөгү аруу тилектери аткарылып, келечекте башка балдар сыяктуу басып кетсе экен, анан белгилүү ырчылардан болчу күн келсе экен» деп бата тиледик. Биз менен коштошоор алдында эл арасында кеңири ырдалып жүргөн "Классташым" деген ырды ырдап берди.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 298, 18-24-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан