Быйылкы жыл Курманжан датканын жылы деп жарыяланды. Тиешелүү буйрукка президент Роза Отунбаева кол койду.
Кубанганын жашырбаган “Курманжан датка” кайрымдуулук фондунун экс-башчысы, депутат Жылдыз Жолдошева: “2011-жылдын Курманжан датканын жылы катары жарыяланышы улуу инсандарга көрсөтүлгөн таазим”,- дейт.
“Аялзатынын арстаны” атыккан датканын ишмердиги тууралуу алгачкы даректүү баян тартылып бүтүп, көрүүчүлөргө сунушталды. Буга чейин Алай ханышасы тууралуу Султан Раевдин “Тоо ханышасынын көз жашы” деген драмасы коюлган болчу.