ОМА

Башка ырчылардан айырмаланып ар дайым жандуу үн менен ырдап келе жаткан жаш ырчы Оманын ырларын сүйүп уккан күйөр­мандары күндөн-күнгө көбөйүп келе жатканы талашсыз. "Сага", "Махабатым" аттуу жана башка ырларды мыкты деңгээлде аткарган Ома бүгүн бизде конокто.

Өмүрбек Андарбеков (сахнадагы аты – Ома) 1982-жылы 15-мартта Талас шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин экономика бөлү­мүн аяктаган. Бош убактысында спорттун жеңил түрлөрү менен машыгат.

– Ома, башка ырчылардан айырмаланып, сен сахнага жандуу үн менен ырдап чыгасың. Фонограмма колдонбогонуңа эмне себеп?
– Чыныгы ырчы эл алдына чыкканда ар дайым жандуу үн менен ырдашы керек. Башка ырчылардай ыр­­ла­рымды жаздырып, компьютердин күчү менен үнүмдү оңдоп күйөрмандарымды алдагым келбейт. Негизи, фонограммага түздөн-түз каршымын.
– Өзүңдүн музыкалык билимиң барбы?
– Жок. Бирок, менин үнүм табигый, Алла Тааланын берген белеги десем болот.
– Эртең 18-июлда Америкада боло турган эларалык конкурска сапар тартып жатыптырсың...
– Ооба, буюрса, жолго чыкканы турам. 18-июлдан 27-июлга чейин Лос-Анжелесте өтө турган ырчылардын сынагына катышып келгени кетип жатам. Айта кетсем, бул сынакка Кыргызстандан башка 98 өлкөнүн таланттуулары катышышат.
– Бул сынакка кантип жолдомо алып калдың жана сени финансы жактан колдогон адамдар барбы?
– Бул сынактын өткөрүлүп келе жатканына көп жыл болуп калды. Сынакка катышкым келип, өзүмдүн ырларым жазылган дискти конкурстун уюштуруучуларына жөнөткөм. Анан эле уюштуруучулардан мага конкурска катышууга чакырык келип калды. Көрсө, дискти угуп көрүп жактырышып, конкурска катыштырууну чечишиптир. Ал эми финансы жактан мени эч ким колдогон деле жок. Өз эсебимден кетип жатам. Бул сынакта Кыргызстандын намысын коргомокчумун.
– Эми чыгармачылыктагы жаңылыктардан жеке жашооңо өтсөк. Качан үйбүлө курайын деген оюң бар?
(Күлүп) Ушул суроону эң жаман көрөм. Кантип оңдуу жооп берээрди да билбей жатам. Эгерде менин оюма койсо, үйлөнбөй эле койчудаймын. Кийинчерээк көңүлүмө жаккан кызды жолуктуруп калсам, ошондо гана үйлөнүү тууралуу ойлонот окшойм.
– Сенин сүйүүңө арзый турган кыз кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Акылдуу, чечкиндүү, сырткы келбети да жагымдуу, жылдыздуу кыздар жагат. Мени түшүнүп, бардык жерде колдой билсе деп да тилейм.
– Маалыматка караганда, сен спорттун түрлөрү менен машыгат экенсиң. Бирок, сырткы келбетиңден спорт менен машыккан жигитке окшобойсуң...
– Менин курсагымды айтып жатасыңбы? Спорт менен мен балачактан баштап машыкчумун. Мындан төрт жыл мурун бутумду кокустатып алгам. Азыр спорттун оор түрү менен машыксам, бутума операция жасатканга туура келет. Ошондуктан, учурда спорттун оор түрү менен эмес, жеңил атлетика, сууда сүзүү, теннис сыяктуу спорттун жеңил түрлөрү менен машыгам.
– Дискотека сүйүүчүлөрдүн катарына киресиңби?
– Бий, ырга жакынмын. Бир айда болбой калды дегенде достор менен дискотекага 1-2 жолу барам. Дискотекада берилип бийлеп кеткенимде жаш кыздардын кантип жаныма келип бийлеп калышканын да байкабай калам. Тааныша келсем эле 15-16 жаштагы кыздар болуп калышат. Анан акырын болбогон шылтоону айтып, жандарынан качып кетем. Негизи, жаш кыздар менен мамиле түзгүм келбейт.
– Эртең алыс сапарга аттанып жатып убактыңдын тардыгына карабай биз менен маек куруп бергениңе ыраазычылык билдиребиз. Сынактан жакшы орунду ээлеп келишиңе тилектешпиз. Ишиңе ийгилик!

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 298, 18-24-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан