Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов тарабынан экономиканы өнүктүрүү боюнча көптү үмүттөндүргөн план иштелип чыкты. Алсак, бажы тармагын реформалоо ниетинде өкмөт анын жакынкы үч жылдык бюджетин 950 миллион сомго жеткирди. Бабанов мырза кыска убакыттын ичинде Кытай менен сүйлөшүп, коңшу өлкөдөн Кыргызстанга
30 миллион юань турган айыл чарба техникаларын алып келмей болууда. Вице-премьер тиешелүү министрлерге тез арада өлкөдөгү керектөөнү аныктап чыгууну да тапшырды. Ал эми жаңы жылдын алдында, тагыраак айтканда, 29-декабрда Азербайжанга барып, ал жактан жеңилдетилген шартта күйүүчү май ташуу маселесин козгоду.
Шайлоонун үгүт кербени учурунда Бабановдун берген убадалары ишке дал келеби, жокпу, аны убакыт көргөзөт.