Дүйнөнүн эң чоң агенттиктеринин бири “Рейтер” “Кыргызстанда парламенттик республика исламчыл экстремисттердин бийликти басып алуусуна алып келиши ыктымал” деп кабарлады. Бул тууралуу агенттиктин 2011-жылга карата саясий божомолдорунда айтылган.
“Кайсы бир партиянын кызыкчылыктары каралбай бара жатса, ал бат эле бир канча миңдеген адамдарды көчөгө сүйрөп алып чыга алат. Анын үстүнө бийлик өзү Кыргызстанда радикалдуу исламдын өсүп жатканын айтууда. Демек, жакырчылыктан жабыркаган жаштардын жоон тобунун согушчандарга кошулуп кетүү коркунучу бар”,- деп жазат “Рейтер”.