Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жаңы жылдын алдында орусиялык кесиптеши Владимир Путинге өзгөчө белек тартуулоону чечти. Чүй облусунун Москва районунда орун алган Кыргыз тоосунун 4500 метр бийиктиктеги чокусун Владимир Путиндин ысымынан атоо жөнүндө мыйзам долбоорун жакында депутаттардын кароосуна жөнөтмөкчү.
Бул иш көпчүлүктө ар тараптуу талкууларды жаратууда. “Чокуга ысымын берчү кыргыздын залкарлары жокпу? Мынча болду, мамлекетти деле Орусиянын маанайына жараша атап албайлыбы?” деген да пикирлер болду. “Өкмөт Орусиянын күйүүчү майлардын ар бир тоннасына салган салыгын жоюуну, бул өлкөдөн карызга акча алууну ушул иш менен тездетүүнү көздөп жатабы?” деген да суроо туулат.