АКЧА ТУЗАГЫ ЖЕ БЕЙАЖАЛ ӨЛҮМ

АРГАСЫЗДЫК

Алим бири-биринен өткөн шылуун жигиттерди карап туруп өзүнөн өзү чочуп жатты. Мээсинде «каап, бекер эле келген окшойм» деген өкүнүч сызылып өттү. Бирок, аны акчанын тартыштыгы, анан калса таанышы Сабиттин үндөөсү мында келгенге аргасыз кылган эле. «Сен ал «бизнести» тез эле өздөштүрүп кетесиң. Бардыгы эле сага окшогон балдар. Алгач алардын ишенимине кириш үчүн иштейсиң, анан сага да «доля» бөлүнө баштайт. Мен ал иштен чыгып жатам. “Өзүңө окшогон жигиттерден таап кел” дешкендеринен сага келдим. Болбосо кароолчунун акчасы менен канчага чейин чыдамак элең?» деп көндүргөн эле Сабит.
Ошентип, Алим булардын жашыруун чогулган жерине келип отурат. Тиги үчөө өздөрүнчө күбүрөшүп ортодогу акчаларды бөлүшүп бүтүшкөн соң гана селдейип турган жигитке көз жүгүртүштү.
– Кел, дос. Сабитжан өзү келбейм дедиби?
– ...
Бөлмөдөгүлөр өзүн сынай карап жатышканын сезген жигит жини келе түштү. «Булар эмне мынча мени жеп жиберчүдөй карашат?»
– Атың ким?
– Алим.
– Кайда иштечү элең?
– Окуйм, анан кароолчу болуп иштейм.
– Окуйм дечи?!
Жигиттер бири-бирине карап алышты. Анан улуурагы сөз баштады:
– Алим, биздин ишибиз жөнүндө Сабит айтып бергендир. Бизди «куурайчылар» деп коюшат. Баңгизат сатып оокат кылабыз. Шаардагы белгилүү «точкалар» биздин колдо. «Заманың бөрү болсо бөрү бол» деп койчу беле ... Биздики да ошондой. Сен эң биринчи биздин ишенимибизге киришиң керек. Азыр «клиент топтогонду» үй­рө­нүп башта, анан кийин «товар» сүрүп келгенди үйрөнөсүң.
Алим мостоюп угуп жатты. Эшикти «карс» жаап кетип калайын деп барып, кичинекей карындашын, оорулуу апасын ойлоп токтоду.
– Түшүндүңбү, балакай?
Алим «түшүндүм» дегендей башын ийкеди да, чыгып кетти.

АКЧАНЫН ТУЗАГЫ

– Мына, апа, бул акчаны да мурункуларга кошуп коюңуз.
Алим колундагы акчаны апасына сунду. Мурун уулу берген акчаны кубаныч менен алчу апасы бүшүркөй карады. Уулу мынчалык көп акча алып келгенин дилинде жактырбай турду. «Бул кайдагы эле акчаларды алып келип жатат? Деги баскан-турганы шойкомдуу болуп калды. Кудай өзү сактаса экен?» дейт эненин сак жүрөгү. Телмире тиктеп калган апасынын алдында өзүн күнөөлүү сезип кетти уулу.
– Бул кайдагы акчалар, балам?..
– Иштеп жүрбөймүнбү, апа?! Башка ишке которулганымды айттым эле го...
– Окууңа залалы тийбес бекен?
Алим унчукпай кутулду. Энеси дагы эле жооп күтүп турган экен.
– Апа, мен Наргизди окутайын, сизди багайын деп жүрбөймүнбү... Андан ары сүйлөй албай токтоду.
Алим апасынын үмүттүү көздө­рүнөн көзүн ала качты да, терс бурула үйдөн чыгып кетти.
Тез эле Алим «куурайчылардын» арасында оозго алынып, иштин көзүн табууга жетишти. Табылганын өзүнө тиешелүүсүн унчукпай алып, «честный» иштеген бул жигитти тигилер да урматтай баштаган эле. Алим азыраак акча топтоп алган соң, бул оюндан чыгып кетүү­нү көздөп жүрдү. Бирок, кан жыттанган, ый, кайгы коштогон бул ыплас дүйнө өзүнө баш багып алган кишини тузагынан чыгара койбостугун али сезе элек эле.

«ДОЛЯДАН» ЧЫККАН ЧАТАК

Чатак ойдо жок жерден чыкты. Көлдөн алып келишкен «долянын» эсебин таба албай, бирин-бири жеп жиберчүдөй болуп турган абалда Алим кирип келди.
– Ана, эч нерсени билбеген кишидей болуп келе калганын... Ушу келгенден бери ишибиз жүрүшпөй калды.
Ызырына сүйлөгөн Расул аттуу жигит Алимдин маңдайына барып токтоду.
– Эмне-е?
Расул жооп бербестен Алимди ээктен ары уруп жиберди. Башкалары да жабыла келип, Алимди тепкилеп калышты. Эч нерсени түшүнбөй калган Алим ызадан буулугуп чыкты. Расул атайлап жалаа жаап, кутум иш ойлоп турганын сезе койду.
– Эмне кылыптырмын силерге? Энтиге дем алып, акырын суроо узатты.
– Алим, сен бизге карыз болуп калдың, иничек.
– Кандайча?
– Ошондойчо! Мына булардын бардыгы айтып жатышат. Сен саткан «товардын» акчасы чыкпай жатат. Жүз миң сом...
Башы дүңгүрөй түштү. Мынча акчаны кайдан табат? Оозуна сөз кирбей отуруп калды.
– Ошо, балакай, сен көрсө колуңдан келбеген ишке чарпылып алган экенсиң. Эми акчаны төк... Эки күндөн кийин акчаны алып кел, болбосо бизден жакшылык күтпө.
Бардыгы мелтейип карап турушту. Бир нерсе деп каяша айтса бул жерден соо чыгарышпасын билет. Алим шалдайып эшикти көздөй басты.
– Уктуңбу?!
Артында өкүм кыйкырып калган үндү угуп, жүрөгү «солк» эте түштү.

БЕЙКҮНӨӨ ЖАН, ТӨГҮЛГӨН ЖАШ

­– Наргиз!
Башын көтөргөн кыз агасын көрө сала «дирт» эте түштү. Денесин тытылган көйнөктөрү менен жаба салды. Каны башына тээп чыкты Алимдин.
– Ким кылды? Ким? Азыр өлтүрөм! Айт деп жатам!
Кыз онтоп алды.
– Билбейм, университеттен чыгып келе жаткaм. Тааныбайм өңдөрүн. Байкеңдин карызы үчүн дешти...
Алимдин бүткөн бою солкулдап кетти. Ушундай болоорун билген эле. Жерди муштап жиберди да, үйгө чуркап кирди. Көзүнө атасынан калган мылтык урунду.Төрдө илинип турган жеринен жулуп алды да караңгы түндө жүгүрүп жөнөдү.

КАРЫЗЫМДАН КУТУЛДУМ

Таксиден жулунуп түштү. Калчылдаган колдору менен айдоочуга акчаны уучтап берди да, чуркап жөнөдү.
– Ай, калган акчаңды ал!-деп артынан кыйкырган айдоочунун сөзүн укан да жок. Болжогон жерге жете бергенинде алыстан эле кыздардын үндөрү, каткырыктар угула баштады. Кирип барса шарактап бир тобу бирден кызды кучактап отурушкан экен. Өңү купкуу болуп мылтык кармап кирип барган Алимди көрүп ордуларынан тура калышты.
– Эй-й!..
Селдейген калыбында баары катып калды.
– Карызымдан кутулайын деп келдим,-деди кекээр жылмайган Алим.
Калтаарыган жигиттердин арасынан Расулду жана дагы өзүн өчү бардай тепкилеген жигиттердин бирин тааныды. “Тарс-тарс”... Эстерин жыйганча экөө эки жерге кулап түштү.
Кыйкырып жиберген жигиттерди, өзүн корко караган кыздарды карап туруп эмне кылып жибергенин түшүндү. Көзүнө боздогон апасы, темир тордун артында өтчү күндөрү элестей калды. «Жок, антип жашагыча өзүмдү өзүм...» деди да мылтыктын оозун өзүнө каратты. Бир нерсени кыйбай жаткандай терезеге акыркы жолу көз жиберип алды. да мылтыктын машаасын басып алды. Ал өзүнө өкүмдү өзү чыгарып эки өлүктүн жанына кулап түштү.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 196, 4-10-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан