«Супер-Инфо» окурмандары үчүн быйыл да чыныгы спорттук майрам уюштуруп, укмуштуу эмоцияларды, кубаныч жана адреналин тартууламакчы. Футбол боюнча атактуулар арасында «Суперфутбол-2012» гезитибиздин 10 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын өзөгү болмокчу. Баш байгеге кубоктон тышкары болочокто аргымак боло турган тай сайылды. Калган 2 орун үчүн каралган сыйлыктар да эч кимди кайдигер калтырбайт деп ойлойбуз. Чемпиондук 26-27-майга белгиленип, ага катышуу тилегин билдирген командалардын саны 10дон ашты. Салтка айлангандай эле таймаштар шоу-программалар менен коштолуп, күйөрмандарга балмуздак, суусундуктар бекер таратылат. Суперкубок тууралуу толук маалыматты эмки сандарыбыздан окуй аласыздар. «Супер-Инфонун» кубогуна кош келиңиздер! «Супер-Инфо» – биримдик жана сергек жашоо үчүн!»