– Эже, байгелүү болушуңуз менен куттуктайбыз! Уулуңуз белегиңизди алып кетти эле, дарегиңизге жетсе керек...
– Ооба, алары менен салып жибериптир. Силерге чоң рахмат! Ушинтип окурмандарыңарга байгелүү оюн уюштурганыңарга. Мындан ары да өркүндөп-өсө бергиле.
– Биздин гезит менен качантан бери байланыштасыз?
– 10 жылдан бери, “Супер-Инфо” тамтуң баскандан бери эле үзбөй окуп келе жатам. Ар тармактуу, кызыктуу гезит. Өзгөчө “Алтын балалык”, “Сандан-санга” рубрикаларыңар жагат. Неберелерим да билишет, “жомок окуп бериңизчи” деп дароо гезитти көтөрүп келишет. Жайында Москва шаарында 2 ай жүрүп келдим. Ал жакка да жетет экен. Баары кызыгып окуп жатышканын көрүп, ичимден жетекчиңерге ыраазы болдум. Азамат жигит экен! Кечээ жаңылыктардан Кылычбектин КТРКнын Байкоочу кеңешине төрага болгонун да угуп, аябай сүйүндүк. Биздин ага болгон ишеничибиз зор.
Дамира Арстанова
koom@super.kg