АБИТУРИЕНТТИН ЭСИНЕ! КАЙСЫ КЕСИПТЕРГЕ СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ?

Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү престиждүүлүгүнө карап ЖОЖдорго тапшырат. Ошол кезде алар 5 жыл окуган соң кесиби боюнча жумуш таап, иштеп кете алабы же жокпу, ойлоно беришпейт. Учурда жана келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болот? Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, учурда медицина, педагогика, курулуш, компьютердик технология, жеңил өнөр жай, энергетика, транспорт, тоо-кен казуу, туризм, тейлөө тармактарында кадрлар жетишсиз. Сөзүбүз куру болбош үчүн Кыргызстандагы ири компанияларга кайрылып “кайсы кесип боюнча адистерди табууда кыйынчылык туулат?” деген суроо узатып, төмөндөгүдөй жоопторду алдык.

“Кумтөр” алтын кенин казуучу ишкананын ММКлар менен иштешүү бөлүмүнүн менеджери Сергей Дедюхин:
– Негизи, биздин ишкана көбүнчө орто кесиптик-технологиялык кесиптеги адистерге муктаж. Оор жүк ташуучу КамАЗдардын айдоочуларына, экскаваторлордун операторлоруна жана ал техникалардын абалын текшерип, оңдогон слесарларга суроо-талап жогору. Бизде транспорт тармагында миңден ашык жумушчу оруну бар. Мындан сырткары инженер, геолог, металлург адистерине да суроо-талап көп.

“Мегаком” уюлдук байланыш компаниясынын кадрларды тандоо бөлүмүнүн адиси Мээрим Сатаева:
– Биздин компанияга, негизинен, техникалык багыт боюнча, маркетинг, маалымат технологиялары жана кардарларды тейлөө чөйрөсүнүн адистери көп талап кылынат. Кадрларды тандап алууда алардын билим деңгээлине жана тажрыйбасына көңүл бурулат жана ошого жараша айлык акы төлөнөт.





“Шоро” компаниясынын кадрлар бөлүмүнүн директору Оксана Киселёва:
– Бизде дайыма керектүү кадрлар болуп электрик, ширетүүчү, айдоочу, соода агенттери жана ишканадагы жабдыктарды оңдоочулар эсептелет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Медербек Исмаилов:
– Медицина тармагында анес­­те­зио­лог-реа­ниматолог, хирург, акушер-гинеколог жана психиатр адистери жетишпейт. Айтып кетчү нерсе, айлык акыны көтөргөндө мээрман айымдар боюнча тартыштык чечилген, ал эми жогоруда айтылган адистиктеги дарыгерлердин жетишсиздиги курч бойдон калууда. Буга себеп, биринчиден, үй маселеси, аймактардагы инфраструктуранын начардыгы. Жакынкы күндөрү аталган маселени чечүү боюнча өкмөткө сунуш киргизгени турабыз. Ал сунушта алыскы аймакта жетишпеген адистик боюнча иштейм деген дарыгер үчүн квартал сайын кошумча 35 миң сом көлөмүндө айлык акы кошуп берүү керектигин белгилеп жатабыз.

Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы ке­сип­тик- техникалык билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов:
–Учурда Кыргызстандын эмгек рыногунда кесип­­тик-техникалык билимге ээ адистерге суроо-талап чындыгында жогору. Себеби курулуш, жеңил өнөр жай жана тейлөө тармактары өнүгүп келе жатат. Биринчи орунда курулуш тармагына кесипкөй жаштар жетишпейт. Андан кийинки кезекте ветеринарлардын, тейлөө тармагында ашпозчу, официант, бармен өңдүү кесип ээлери жана автоэлектрик, компьютердик технологиялык адистерге иш орундары көп.


Мына ушундай, бүтүрүүчү. Кесип тандоодо анын престиждүүлүгүнө эмес, ал кесиптин келечегине карап тандагыла.

СТАТИСТИКА

Кыргызстандагы окуу жайлардын саны:
Жогорку окуу жайлары – 50дөн ашык.
Орто кесиптик окуу жайлары – 36.
Баштапкы кесиптик-техникалык окуу жайлары – 110.
2012-жылы өлкө боюнча 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны
71 044тү жана 9-классты аяктагандардын саны 93 319ду түздү.
Жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн тестирлөөгө 55 миңге жакын бүтүрүүчү катышкан.
Быйылкы жылдын эсебинен артыкчылык аттестатын алуу үчүн 1998 бүтүрүүчү арыз менен кайрылып, тестирлөөгө 1921и катышкан. Жыйынтыгында алардын ичинен болгону 241и гана артыкчылык аттестатына ээ болуп, калганы тестирлөөдөн өтпөй калган.

Кубаныч Сыдыков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кайсы кесиптерге суроо-талап жогору?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
online
2012-06-12 13:13:45
мектепте жакшы окуп. ЖРТ (ОРТ)га жакшы даярданып, жогорку балл алсан эле болду. Каалаганына отуп окуп, кеткенге эчким тоскоол болбойт.
0
ilgez
2012-06-12 17:46:03
online,
Туура айтасын! Мектептен башташ керек кесипти. Анан эптеп бутуп алып, жогорку билимди албай туруп, кайдагы айлыкты талап кылышат. Жалкоо болуп кеткенибиз менен ишибиз жок эле.
0
mir.kg87
2012-06-12 22:41:22
башын иштебесе .колун менен бутундун шору дегендей.окуш керек Абитуриенттерге ак-жол...
0
Suniya
2012-06-13 10:00:21
jakwi kenewter
0
ernest87
2012-06-13 13:15:51
эн негизгиси турмушта пайдасы тие турган кесипти танданызда. Авторитетине эмес келечекте пайдасына караныздар!
0
kul
2012-06-13 19:20:44
эн пайдалуу маалымат.
0
janaiumka
2012-06-14 09:33:39
Asus84 men manasta okuym kolumdan kelishince jardam berem bizdin univerge dayardansan bolot biyil jetishpesen emki jili tapshirasin
0
abdumalik
2012-06-14 17:57:55
Туризм тармагына да кадрлар жетишпейби? Туризмге окусам, анда бюджет барбы экен...
0
Kamalbek
2012-06-15 21:22:37
bizde azyr medikter menen militsialar koboiup ketti nu u kogo den'gi est' okubasan dele lyuboi ishke alishat
0
Luckyman
2012-06-15 21:56:52
Мен окуган IT (информационные технологии) талаптуу экен суйунуп калбадынбы) окуп бутуп кыргызстанга барганда сразу эле Меакомго барайын анда)
0
horosho
2012-06-16 14:54:26
Dostor. "birok" degen tyrmak4ada bar baary bir. sebeb JOJ lardyn bilim jokko ese. katuu tiyse ke4irester ((((
0
kyrgyzbekov
2012-06-17 14:10:16
Менин досторум айылдан мектепти бутуп,еле Москвага келишип япондордун ресторандарында еч кандай билими жок еле повар,шеф повар,офицант болуп иштеп айына 25-45мин рублъга чейин таап жатышат!
0
kyrgyzdyn_balasy
2012-06-17 21:23:58
kyrgyzbekov, канчага чейин Москвада иштешет андан коро билим алганыар он !
Бул созду силерге коп нерсени билген,коргон киши жазып жата!
0
kyrgyzbekov
2012-06-18 02:36:17
копту коргон киши,сеники да туура албетте окуш керек акча табылат!
0
android-kg
2014-04-23 15:31:10
турк орус деп эле башка жакта окуп ошол жакта калып кетбей кыргызстаныбызды онуктуролучу келечек студент достор
0
Patriot92
2014-09-16 18:13:48
Мен тандаган кесибиме жана озумо ишенем.Буйруса КР нын Бажы козомолун озум колума алам.
0
goodwillhunting
2018-12-25 09:14:47
Манас эн жакшы университет. Бекер жана заманбап. http://manas.edu.kg
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан