2005-ЖЫЛ, 23-МАРТ. М.СУТАЛИНОВ: «К.Бакиевдин күнөөсү далилденсе, ага кылмыш иши козголот»

Мындан төрт жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында болгон окуялар бир эле Кыргызстан эмес, жалпы Борбор Азия мамлекеттеринин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган.
2005-жылдын 23-мартында бир күндөн кийин бийликтин алмашарын эч ким так билбесе дагы, кырдаалдын адаттан тыш курчуп турганы жалпыга маалым болчу. Оппозициянын 24-мартта Ала-Тоо аянтында өткөрмөкчү болуп турган митингин айтпаганда дагы Ош, Жалал-Абад, Таласта митингдер күн сайын өтүп жаткан. 27-февралда болгон парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыктарына нааразычылык күчөп, жалпы республика пикет, митингдердин талаасына айланып бараткан. Түптө, Кочкордо башталган көчө жүрүштөрү өлкөнү каптаган...

Бир күн ичинде...

23-мартта Бишкекте «Интербилим» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен «Биз чындыкты билгибиз келет» аттуу митинг өттү. Анын башкы максаты – бишкектиктерге өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу чыныгы маалыматты берүү эле. Уюмдун жетекчиси Асия Сасыкбаева: «Бийлик элге бир жактуу маалымат таратып, эл дале болсо өлкөдө эмне болуп жатканын жакшы билбей жатат»,- деп чыкты.

Жаштар тобу...

Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына негизинен «Кел-Кел» жана «Бирге» жаштар уюмдарынын 100гө жакын мүчөлөрү, бир катар бейөкмөт, коомдук уюмдардын өкүлдөрү чыгышты. Алар Ош жана Жалал-Абаддагы пикетчилердин талаптарын колдоорун билдиришти. Акция адеп жаңы башталганда эле 200гө жакын милиция кызматкерлери пикетчилерди автобуска жүктөп, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Окуя тууралуу «Кел-Кел» жаштар уюмунун жетекчиси Алишер Мамасалиев «Азаттыкка» ошол 23-мартта мындай деген эле: “Акция маалында «Кел-Келдин» 7 мүчөсү кармалды. Калгандары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер. Эл жөн гана Жалал-Абадда, Ошто эмне болуп жатканын билиш үчүн чыккан. Себеби КТР жана мамлекеттик гезиттер бир жактуу гана маалымат беришип, калпты таратып жатышат”.

28 адамды акыйкатчы бошоткон

Милиция тарабынан кармалгандардын арасында Кыргызстан элдик кыймылынын саясый кеңешинин мүчөсү Болот Шамшиев, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов, «Интербилим» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү, №1 Университет шайлоо округунан талапкер болгон Болот Марипов болуп, жалпысынан 28 адам бар эле. Ушул эле күнү кармалгандарга карата райондук ички иштер бөлүмүндө көчмө сот өтүп, алар Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун кепилдиги менен бошотулушкан. Болот Мариповго эскертүү берилген.

Тартип сакчылардын шефтери алмашкан

Ушул 23-мартта президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен вице-пре­мьер-министр жана ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалган. Ал эми премьер-министр Николай Танаевдин буйругу менен ички иштер министринин орун басарлыгына Султан Акаев, Темирбек Субанов, Сергей Баженов дайындалышкан.
Аскар Акаевдин дагы бир жарлыгы менен башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Мурат Суталинов дайындалган.

Башкы прокурордун маалымат жыйыны...

Ушул эле күнү К.Дүйшөбаев дагы, М.Суталинов дагы маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Азыркы тапта Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп турган Мурат Суталинов ошол күнү Ош, Жалал-Абадда облустук бийликтин имараттарын басып алгандарга жана Кыргызстан элдик кыймылынын (КЭК) жетекчиси Курманбек Бакиевге кылмыш иши козголушу ыктымалдыгын айткан. “Азыр алар мамлекеттик өтө оор бир топ кылмыштарды жасап жатышат. Сегиз берене боюнча: күч менен мамлекеттик бийликти басып алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, өзүм билемдик жана башкалар. Азыркы тапта жолдош Бакиевге каршы кылмыш иши козголо элек, бирок материал, фактылар даярдалып жатат. Эгер анын бул иштерге катышы далилденсе, биз мыйзамдын алкагында аракет кылабыз”,- деген эле андагы ашкы прокурордун милдетин аткаруучу, азыркы УККнын жетекчиси Мурат Суталинов.

Ал андан ары сөзүн улап: “Ош жана Жалал-Абадда­гы окуяларга тиешеси бар 400-500 адамга кылмыш иши козголот”,- деген. Мурат Суталиновдун ошондогу айтканы боюнча, түштүк облустардагы көтөрүлүштөрдүн башында баңги заттарды саткан адамдар турган. “Биздин колубузда “түштүк аймактарда күнү тууп жаткандардын башында кылмышка катышы барлар турат” деген айныгыс маалыматтар бар. Мен ал жакта баңги заттарды сатууга катышы барлар жүргөнү боюнча фактыларды келтире алам. Силер эл аралык баңги зат жолу Ооганстандан башталып, Кыргызстандан өтөрүн жакшы билесиздер”,- деген.
Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев болсо: “Өлкөдө Конституциялык тартип орнотуу үчүн керек болсо курал колдонууга даярбыз”,- деп айткан.

Акаев оппозиция өкүлдөрүн кабыл албай койгон

Ал аралыкта 23-марттын кечинде Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, “Ата Журт” кыймылынын лидери Адахан Мадумаров жаңы Жогорку Кеңештин депутаттарын, оппозиция лидерлерин, ишкерлерди «Хаят» мейманканасына чогултуп, президент Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө барууну талкуулашкан. Оппозиция даярдаган сунушта өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөттү, Борбордук шайлоо комиссиясын, Жогорку Сотту кызматтан кетирип, үч айдын аралыгында президенттик шайлоо өткөрүү сунушталган.
Бул сунушту Ас­кар Акаевге айтуу үчүн Өкмөт үйүнө Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Жан­төрө Сатыбалдиев, Акматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов баштаган адамдар барышкан. Бирок аларды президент Аскар Акаев кабыл албай койгон.
Жиберилген кишилер премьер-ми­нистр Николай Танаевге, президенттик администрациянын башчысына гана жолугуп чыгышкан.
Андан бир күн мурда, 22-мартта жаңы шайланган парламенттин жыйынында премьер-министр Николай Танаев оппозиция менен сүйлөшүүгө бийликтин барбай турганынын себеби тууралуу: «Алар бийлик түзүмүн кайра калыбына келтирип, баштапкы абалга кайтып барышмайынча биз алар менен сүйлөшүүгө отурбайбыз»,- деген эле.
Аскар Акаев сүйлөшүүгө макулдугун бербей койгондон кийин Адахан Мудумаров «Азаттыкка» берген интервьюсунда: «Бул «Кыргызстандагы абал президентти таптакыр кызыктырбайт. Же болбосо бул абалды жөнгө салуу боюнча эч кандай чаралар көрүлбөйт» дегенди билдирет»,- деп айткан.
Ушул эле 23-мартта Кыргызстан элдик биримдигинин жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү абал талкууланган. «Оппозиция сүйлөшүүгө даяр эмес» деген бийликтин сөзүнө карата Координациялык кеңештин төрагасы Курманбек Бакиев: «Абалдан чыгуу керек. Президент Акаев мырза акыр аягы абалды жөнгө салуу боюнча оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр болду го деп ойлойм»,- деген.
Бирок Аскар Акаевдин айланасында дагы “оппозиция менен сүйлөшүүгө баруу керекпи же жокпу?” деген суроого келгенде талаш-тартыштар болгону белгилүү. Мисалы, жаңы шайланган парламенттин 22-мартта өткөн биринчи жыйынында депутат Бермет Акаева: “Оппозиция менен сүйлөшүүгө барбоо керек”,- деген. Жыйында өлкөгө өзгөчө кырдаал абалын киргизүү демилгеси дагы козголгон. Бирок аны президент туура көргөн эмес.
Президент Аскар Акаевди жактоочулардын бири, генерал Болот Жанузаков эмне себептен бийлик сүйлөшүүгө барбай жатканы тууралуу «Азаттыкка» берген интервьюсунда: «Президент да, премьер-министр да сүйлөшүүгө даяр. Бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ага жагдай, шарт керек. Жанагинтип баарын талкалап, тоноп жатышса кантип сүйлөшүү болсун?! Бардыгын токтотуш керек. Ошондон кийин гана сүйлөшүү болот»,- деген эле.

Бороон алдында...

Бул аралыкта коргоо министри Эсен Топоев менен жаңы парламенттин депутаты Ташкул Керексизов баштаган топ Ошко барып, оппозициялык лидерлер менен пикир алмашкан.
Ушул эле 23-мартта Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында пикетке чыккан “Ар-намыс” партиясынын Эмил Алиев баштаган мүчөлөрүн, аларга кошуп Кочкор районунан келген 4 аялды Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.
Ал эми бул күнү Москва районунун Ак-Суу шаарчасында пикетчилер экс-депутат Эркин Бөлөкбаевдин демилгеси менен боз үй тигишип, “Президент кызматтан кетсин!” деген плакаттарды илип, жол жээгинде 100дөн ашуун киши нааразычылык билдирип турушту.
Ал эми Кыргызстан элдик конгрессинин төрагасынын орун басары Алмаз Атамбаев 24-мартта Бишкектин Алматы-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде митинг өткөрүүгө даярданып жатканы маалым болду.
Анын алдында КЭКтин төра­гасы Курманбек Бакиев күч органдарынын кызматкерлерине кайрылып, элге каршы курал колдонбоону өтүнгөн: “Сиздер аркылуу офицерлерге, солдаттарга кайрылгым келет. Мен элге каршы күч колдонбоого алардын акыл-эси жетет деген ойдомун”.

Мына ушундай, окурман. Мындан төрт жыл илгери толкуган калк Акаевди ээрден шыпырып түшөрдөн бир күн мурунку күндөгү урунттуу окуялар ушулар болчу.

Кубат Оторбаев
www.azattyk.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 334, 27-март-2-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан