– Анаркүл эже, белегиңиз кут болсун! Утканыңызды кимден уктуңуз?
– Негизи, мен 2002-жылдан бери "Супер-Инфонун" бир да санын калтырбай окуйм. Эң кызыктуу гезит. Китепканачы болуп иштегендиктенби, ар бир санын чогултуп, аздектеп сактап келем. Утушка ээ болгонумду өзүм гезиттен окудум. Белегимди алып келгенимден кийин айылдаштарым "кайдан жүрүп мындайды таап алдың? Бизге деле айтып койбойт белең, утмакпыз" деп жатышат.
– Уткан белегиңиз керегиңизге жарап, көпкө кызмат кыла берсин.
– Сиздерге да чоң рахмат! Мындай байгелүү оюндардын далайын ойнотуп, окурмандарды сүйүнүчкө бөлөй бергиле.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg