– Айпери, суроолорго жооп табуу кыйынга турган жокпу?
– Жок, жеңил эле болду. Анткени гезиттин ар бир санын калтырбай окуп, чогултуп келебиз. Мен эле эмес, биздин үй-бүлө толугу менен «Супер-Инфонун» фанаттары. Жооп табууда ошол топтомдун жардамы тийди десем болот.
– Ашкана комбайның бар беле?
– Жок болчу. Алсакпы деп жүрдүк эле. Минтип тилегибизди сүйүктүү гезитибиз заматта орундатып койду. Сиздердин жамаатыңыздарга чоң рахмат! Ар дайым элдин талабындагы кызыктуу макалаларды жарыялай бериңиздер. Биз ар убак сиздер менен биргебиз! Жашасын, «Супер-Инфо»!