Жакын таанышым телефон чалып «балдарга базарлык кылып келдим. Быйыл баары кымбат. Эки балама өп-чап кийим кылганымда эле капчыгым жукарды. Эми окуу куралдары калды...» деп кейиди. Чындыгында, бир баланы мектепке толук даярдоо канча сомду чапчыйт?
Окуучулар үчүн жарымы жүндөн (полушерсть) жана пахтадан согулган кездемелерден тигилген кийимдер ылайыктуу. Анткени бул кездемелер жеңил, чычылбайт жана жууганда бат кургайт. Арзан, синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер жаз-күз мезгилдеринде ысык тартып баланы тердетсе, кышкысын суук тартары белгилүү.
Дептер тандоодо барагынын калың-жукалыгына караңыз. Учурда жука барактуу дептерлер да сатылууда. Алар бир аз ныгыра басып жазганда эле тешилип каларын эске алыңыз. Калем сап аларда эринбестен капкагын ачып чиймелеп, жыттап көрүп албасаңыз, сыясы жагымсыз калем саптар да сатылууда. Башталгыч класстардын окуучуларына сырты үч кырдуу же кармай турган жерине желим кадалган шариктүү калем саптар ылайыктуу.
15 жашка чейинки окуучулардын артка асынма сумка (рюкзак) көтөргөнү эле оң. Бул баланын тулку боюнун кыйшайбай түз өсүүсүн жана туура басуусун шарттайт. Рюкзактын арткы бөлүгү катуу жана далынын тердеп кетпөөсү үчүн аба өткөрүүчү материалдан тигилүүсү шарт. Сумканын тигиштерине да көңүл бөлүңүз. Анткени эптеп тигилген сумка мектептеги окуучулардын жөөлөшүүсүнөн бат эле жыртылып калуусу мүмкүн. Мындан сырткары караңгыда жалтырап күйүп турчу кездемеден кыюу салынган сумканы тандаганыңыз туура. Мындай кыюу караңгыда келе жаткан баланы жол кырсыктарынан сактайт. Балаңызга сумканы сатып берип гана тим болбостон, туура көтөрүүсүнө жана салмагына көз сала жүрүңүз. Сумканы белден 10 сантиметр жогору көтөрүү керек. Ошондой эле далыга толук тийип турушу шарт. Ал эми оордугу баланын салмагынын 10 пайызын гана түзүүсү шарт. Мисалы, башталгыч класстардын бир китебинин салмагы 300 граммга барабар. Күн тартибиндеги предметтерге карап китептерин салып бербесеңиз, алардын ашыкча нерселерди салып алуусу кадимки көрүнүш.
Көпчүлүк мугалимдер окуучуларга жумшак материалдан жасалган пенал алууну сунушташат. Анткени темир пеналдарды сабак учурунда ачып-жабууда башкаларга тоскоолдук жараларын айтышат.
Мына, окурман, бир баланы мектепке даярдоого, арзанына качырып алып бергенибизде эле 5000 сомдой акча сарпталат экен. Мындан сырткары ата-энени алдыда мектептеги кошумча төлөмдөр жана айрым жетишпеген китептерди сатып алуу түйшүгү да күтүп турары белгилүү. Бүгүнкү күндө окуу китептерин борборубуздагы жер өткөөлдөрдөн 250-500 сомго сатып алууга болот экен. Баарын эсептеген соң «бир үй-бүлөдөн 2-3 баланы мектепке жөнөткөн ата-эне баарына кантип жеткирет болду экен?..» деген ойго кептелет экенсиң.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ СИЗДИ КАНААТТАНДЫРАБЫ?
Гүлшайыр Садыбакасова,
КРнын Эл артисти:
– Мени канааттандырбайт. Баламды эң мыкты делген мектепке бердим эле, алган билими көңүлүмө толбой, чет элдик лицейге өткөрдүм. Акча табыш үчүн мугалимдер эки-үч жерде иштеп, физикалык жактан жетишпей, баланын билим алуусуна кайдигер мамиле жасашууда.
Данияр Сагынбаев,
ЖОЖдун окутуучусу:
– Биздин өлкөдө барган сайын билим төмөндөп баратат. Буга кадрлардын жетишсиздиги себеп. Айрыкча кыргыз, орус тили сабактарынан күчтүү адистер жок. Мындан улам сабатсыздык келип чыгууда. Анан мугалимдердин маянасынын аздыгы да буга себеп.
Нургүл Жумалиева,
мугалим:
– Шаарлардын, айрыкча Бишкектин мектептери берген билим канааттандырарлык дегенге толук мүмкүн. Ал эми алыскы айылдарда адистердин жетишсиздигинен улам билим берүүнүн сапаты начар. Жалпы республикалык тестирлөө буга мисал боло алат.
Кенжебек Кыязов,
инженер-программист:
– Канааттандырбайт. Азыр көп сабактардын сааты кыскарып кетиптир. Эң керектүү математика, физика сыяктуу сабактардан адистер жетишсиз. Анан да мектепте иштеп жаткан жаш мугалимдердин көпчүлүгү сырттан окуп диплом алгандар. Алардын деңгээли талапка ылайык эмес.
Жаркынай Токтобекова,
окуучу:
– Менимче, окуучунун билимдүү болушуна мектеп же мугалимдер эмес, окуучу өзү кызыкдар болушу керек. Эгер көңүлү жок болсо, канчалык күчтүү мектеп, лицейде окуса деле билими тайкы болот. Андыктан ар бир окуучунун өз кызыгуусу керек.
Сыймык Бейшекеев,
КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Балдарым окуп жаткан мектептин билим берүүсүнө канааттанам. Бирок элет жергесинде билимдин сапаты начар. Айрым мугалимдер кызуу абалында да сабак өтүшөт экен. Мектеп билим гана эмес, татыктуу тарбия да бериши керек.
Клара Алибекова,
ырчы:
– Азыркы билим берүүнүн сапаты мени толук канааттандырат. Нааразычылык жок. Балам катардагы мамлекеттик мектепте эле билим алууда. Билим деңгээли жакшы. Башка мектептер деле татыктуу билим берсе керек.
Салтанат Мукасова
koom@super.kg