АТАКТУУ ТҮРМӨЛӨР

Түрмө дегенде эркинен ажыратылгандар жашоочу жай элестейт. Дүйнөдө түрмөлөр жалпы, аскердик жана саясый деп бөлүнөт. Мындан тышкары, алар ички шарты, өз мыйзамдары жана материалдык абалы менен да айырмаланышат.

Атактуу түрмөлөр

Төмөндө батыштык басылмалар түзүп чыккан планетабыздагы атактуу түрмөлөрдүн тизмеси берилди:

Сан Паулу шаарындагы Carandiru түрмөсү (Бразилия)
Бул түрмөдөгүлөрдүн абалы өтө оор. Анткени жаткан жайы бомждордукунан айырмаланбайт жана эч кандай медициналык жактан камсыз болбогондуктан, мезгилсиз өлүмгө учурашат.
Бул түрмө дагы тартибинин катаалдыгы менен айырмаланат. Ошондуктан абактагылар тарабынан көтөрүлүштөр көп чыгып турат. Мисалы, бир жолку көтөрүлүштө 102 адам каза болгон. Бирок түрмөдөн качып чыккандар жокко эсе.

Колорадо штатындагы ADX Florence түрмөсү (АКШ)
Бул түрмөдө катуу режимде отургандар жумасына 7 гана саат сыртка чыкканга укугу бар. Башкача айтканда, бир күндө 1 саат гана күндүн көзүн көрө алышат. Бул түрмөнүн өзгөчөлүгү – кылмышкерлер жалаң бир адамдык камерада камалгандыгында. Ушул себептен бири-бири менен сүйлөшө алышпайт.

Париж шаарындагы La Sante түрмөсү (Франция)
1867-жылы курулган бул түрмөдө 2005-жылы өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн саны 124 адамга жеткен. Мунун башкы себеби – тамак-аштын жетишпестиги жана камакта отургандардын мыкаачылыгы.

Тадмор түрмөсү (Сирия)
Бул аскердик түрмөнүн өзгөчөлүгү – орто кылымда колдонулган башты балта менен чабуу жана дарга асуу ыкмаларынын бүгүнкү күндө да колдонулгандыгында.

Гуантанамо түрмөсү (Куба)
Аталган түрмө 2002-жылы курулган. Жалаң аскер адамдары жана талибандар камалат. 2002-жылы
алгач Ооганстандан 20 адам алынып келинген. Түрмөдө камалгандар 40тан ашык улуттун өкүлдөрүн түзөт. Көпчүлүк кылмышкерлер Сауд Арабиясынан, Ооганстандан алынып келинген аскер адамдары.

Алькатрас түрмөсү (АКШ)
Түрмөнүн баштапкы орду аскер адамдары отурукташкан жер болгон. 1912-жылы ал жерге чоң түрмө курулуп башталган. Алькатраста аскерий кылмышкерлер, гангстерлер, өзгөчө кылмышкерлер жана өлүм жазасына чектелгендер камалган. Андыктан тартип өтө катуу болгон. 1963-жылы бул түрмө жабылып, учурда бул жай музейге айланган. Бирок эң катаал түрмө катары тарыхта калган. Нью-Йорк шаарындагы Rikers Island түрмөсү (АКШ)
Бул түрмө ички башаламандыгы менен атактуу. Анткени 5 жылдын ичинде түрмө администрациясы менен камактагылардын ортосунда 1000 ирет кагылышуу чыккан. Ошондуктан “камерада чыр чыгарган адамга дагы 7 жыл мөөнөт кошулат” деген мыйзам чыгарылып, ошондон кийин көтөрүлүштөр 70 пайызга төмөндөгөн.

Мендос шаарындагы түрмө (Түштүк Африка)
Бул түрмөнүн шарты өтө жаман экенин мындан билиңиз, камераларда даараткана жок. Алар желим бөтөлкөлөргө заара ушатып, целлофан баштыктарга заңдашат. Мындай абалга жана тамак-аштын тартыштыгына чыдабай өлүмгө дуушар болгондор көп.

Азиядагы түрмөлөр

Ооганстан
Ооганстандагы эң чоң түрмө Кабулдагы түрмө болуп эсептелет. Ал өлкөнүн президенти Мухаммед Дауддун буйругу менен 1970-жылдары салынган. Учурда 1300 адам жаза өтөөдө. Түрмөдөн адамдардын качуусу кыйын. Камактагылар кызгылт-сары өңдөгү форма кийишет.

Индия
Дели шаарындагы Тихар түрмөсү Азиядагы эң чоң түрмө катары эсептелинет. Мындагы орун
13 000 адамга эсептелинген. Саясый кылмышкерлерге, башка өлкөнүн жарандарына ыңгайлуу шарт түзүлгөндүгү жана вегетариандык тамактардын бериле тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Баарынан кызыгы, тамеки чегүүгө тыюу салынган.

Иран
Иранда Университет аттуу түрмө бар. Бул түрмө премьер-министр Сеид Зия эд Динанын мурунку үйүндө жайгашкан. Ээси 1969-жылы көз жумган соң үйдү сатып алышып, түрмөгө айлантышкан. “Андагы тарбияланып чыккандар оң жолго түшсүн” деген тилек менен Университет деп аталган. Түрмөдө видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынган. Бул тартипти сактабаган журналист кыз Захра Каземи катуу жазаланган.

Кытай
Бул жакынкы он жылдыкта курулган эң бекем түрмөлөрдүн катарына кирет. Түрмөдөгү абал өтө начар. Ачкачылыктан жана оорудан өлгөн адамдар да көп катталат.
Кызыгы, бекем деп эсептелген бул түрмөдөн бир гана киши качып кете алган. Ал кир шейшептерге аралашып, машинага түшүп түрмөдөн качып кеткен. Бирок төрт айдан кийин кайра камалган.

Монголия
Улан-Баторго жакын жайгашкан Амгалан түрмөсү шарты, ички мыйзамы менен өзгөчөлөнөт. Камактагылар үй курушат, фермаларда эмгектенишет, айрымдары өтүк тигишет. Ар дайым таза абада жүрүшөт жана ден соолуктары чың. “Эң тартиптүү түрмө” деген атакка да ээ.

Кыргызстан
Кыргызстандагы эң чоң түрмө болуп Молдовановкадагы №1 колония эсептелинет. Ал эми №19 түрмө Жаңы-Жер айылында жайгашкан. Бул колония мурун укук коргоо кызматында иштеген кылмышкерлердин камала тургандыгы менен өзгөчөлөнөт.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 342, 22-29-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан