Илгери кыргыздын жаштары түнкүсүн ай нурунда ак чөлмөк ойноп, селкинчек тээп, жаштыктын кызыгына батышса, азыр түнкү клубдарда көңүл ачышат. Аларга кошулуп биз дагы баш калаадагы «Platinum» түнкү клубуна барып көңүл ачып, аны менен катар бүгүнкү күндүн жаштарынын чыныгы жашоосуна байкоо жүргүздүк.
Face control
Клубдун кире беришинде турган текшерүүчү, кайтаруучулар азыр жаңылык болбой калган. Эки жагына эңгезердей эки коопсуздук кызматкерин койгон татынакай айым кыздардан 300 сом, балдардан 600 сом акы алып, колдоруна мөөр басып жатты (шайлоого барганда коюлуучу мөөрдү элестетсеңиз болот). “Акча тартыш, жакырчылык” дегенибиз менен, эс алууга келгендердин кезеги сыртка чейин чубалып турду. Андан сырткары, face control (клубдарда азыр баштагыдай футболка, чолок шым же кроссовка менен кире берүү деген жок. Спорттук кийимчен келген кардарларга көпчүлүк клубдарда эшик жабык) өңдүү текшерүүдөн өттүк. Азырынча мындай текшерүүлөр элиталык клубдардан гана байкалат.
Биз “периштедей ак кечеге” туш болуптурбуз. Эреже боюнча бул күнү клубдун кардарлары баштан-аяк ак кийинип келүүлөрү керек экен. Бирок кыргызчылыгыбы же башкасыбы, айтор, эрежени сактабаган кардарлар көп эле учурады. “Мунун деле себеби бар” дешет клубдун кызматкерлери. Атайын даярданып кийинип келгендер – клубдун туруктуу кардарлары, калганы – кафе-ресторандарда саат 12ге чейин эс алып, анан банкеттин уланышын каалап келгендер экен. Ошентип, клубда бизди тамекинин ачуу түтүнү менен кулакты жарган музыка тосуп алды.
Баары бийге!
Клубга жаштар бийлеп, таанышып, көңүл ачканы келишет эмеспи. Ошентсе да бий аянтчасында алка-шалка терге түшүп, тынымсыз бийлеп жаткандарды көрүп, эрксизден жылмаясың. Анан да шиш такалуу бут кийимчен кыздарыбыздын секиргенин айтпа! Ушинтип секирип жатып, клубдун жылмакай полунан тайгаланып, колу-бутун кокустатып алгандар да болот экен. Андан да берилүү менен бийлеп жатып, эс-учун жоготуп койгондор да аз эмес. Мындай учурларда эс алдыруучу жайлар деле жок. Болгону, коопсуздук кызматкерлери жардамга келишет. Бий демекчи, клубга коюлуучу музыкаларда өзгөчөлүктөр бар. Тагыраак айтканда, кадимки ырчылардын ырлары коюлбайт.
Клубга жараша музыка
Негизи, клубдарга арналып, атайын бийге ылайыктуу ритмдүү музыкалар жазылат. Көбүнчө саат 11ден 12ге чейин “ланч-мюзик” коюлат. Бул – кардарлар бири-бири менен жакындан таанышып алуу үчүн коюлуучу жайыраак музыка. Андан соң “хаус” стилиндеги музыка башталат. Башкача айтканда, конокторду бийге азгыруучу музыка. Андан кийин “оор хаус” музыкалар коюлат. Бул кызып турган канды ого бетер оргуштатып, кызытат. Кээ бир клубдар өздөрүнүн өзгөчөлүгү, багыты (жаштарга, орто жаштагыларга, гейлерге жана жалаң кыздарга арналган клубдар) боюнча музыка коюшат. Мисалы, “Ретро-Метродо” дайыма 80-жылдардагы хиттер жаңырат. “Ош” базарда тынымсыз жаңырып туруучу “Ай, жеңелер” өңдүү ырлар клубдагы ди-джейлердин түшүнө да кирбесе керек.
23 миң сомдук шампанга кол жууп...
Кечки клубда тамак-аш көп желе бербейт. Ошондуктан менюдан каалаган тамагыңды таба албайсың. Ал эми ичимдиктерге сөз жок. Виски, коньяк, самбуко – жандандыруучу суусундуктар ченемсиз көп ичилет. Анан да клубда баалар асмандын башында. Жөнөкөй гана мисал, 1 литр кола 150 сом турат.
Көңүл ачкандарды карап отуруп, залга кирген кара терилүү эки конокко назарыбыз бурулду. Алардын бере турган заказын официант айттырбай эле билет окшойт. Эми гана орун алып жайгашканда, “Dom perignon” шампанын көтөрүп жетип келди. Алар шампан атып, тост айтардан мурун ичимдикке кол жууп киришти. Андан соң гана экинчи шампанды ачып, бокалдарга куюшту. Алар заказ кылган шампандын бирөөсү эле 23 миң сом турарын угуп алып, “вау, мына сага эс алуу! ” деп койдук.
Кульминациялык учур
Кульминациялык учур түнкү саат 01.30дан өтүп башталды. Жарым жылаңач болуп, элди кызытып бийлеп жаткан кыздар ого бетер жанданышып, эми көптөн күткөн шоу-программа башталды. Негизи, шоу-программалар күн сайын ар кандай тематикада даярдалат. Биз башта айткандай, “периштедей ак түндөр” кечесине туш болуптурбуз. Ортого түшүп бийлеген атайын бийчи кыздардын кыймыл-аракеттери “мен эркекмин” дегендерди каратпай койбочудай.
Биз барган клубда арт-директор болуп бардык шоу-программаларды уюштуруучу кызматын аткарган ырчы Микаэль эрди-эрдине тийбей сүйлөп, болушунча элди жандандырып жатты. Ырчы жигитибиздин уюштурган программалары да өзүнүн стилиндей өзгөчө экени байкалып турду. Биз күрүгүүгө толгон залдан Микаэлди четке чыгарып, кепке тарттык.
Микаэль: «АКЧАНЫ ЖАКШЫ ТӨЛӨШӨТ»
– Микаэль, кандайча бул клубда иштеп калдың?
– Акчасын жакшы төлөшөт, ошол үчүн иштеп калдым. Анын үстүнө, “золотая молодёжь” келип эс алгандыктан, элиталык клубдардын катарына кирет. Клуб ачылганда мени бул жердин кожоюну чакырган. Алгач кардарлар аз болот эмеспи. Бирок кызыктуу шоу-программаларды уюштуруп, сапаттуу музыка менен кардарлардын санын көбөйттүк.
– Кандай ыңгайсыздыктар бар?
–Көп эле ыңгайсыздыктар болот. Биринчиден, бизде көбүнчө клубдар атайлап фундаменттен баштап салынбайт. Ошол себептен залдын ичиндеги абаны соруп тазалап туруучу “вытяжка” жок, тамекинин түтүндөрү уюп калып жатпайбы. Дубалдар да үн изоляциясы менен курулушу керек. Көпчүлүк клубдарда изоляция жок.
– Шоу-программалар ачык кийинген бийчи кыздарсыз өтпөйт эмеспи. Аларга кардарлар тийишсе кантесиңер?
– Андайлар болбой койбойт. Бирок клубда 12ден кем эмес коопсуздук кызматкерлери тартипти карап турушат.
– Кайсы күндөрү кардар көп болот?
– Өзгөчө кирешелүү күндөр – жума жана ишемби. 400-500 адамдай келет. Калган күндөрү 150-200дүн тегерегинде кардар болот.
– Шоу-программалардын идеясы сага тиешелүүбү?
– Ар кандай идеяларды ойлоп таап, шоулорду кызыктуу жасаганга аракет кылабыз. Мисалы, эртең жалаң клуб сүйүүчүлөрүнүн кечеси болот. Дагы бир күнү сүйүшкөндөр үчүн. Айтор, фантазияга жараша. Анан залдын кооздолушу, бийчи кыздарыбыздын кийингенине чейин каралат. Өзүбүздүн бийчи кыздарыбыздан сырткары, бийчи, чоорчу конокторду чакырып турабыз. Алардын бир сахнага чыгуусу 1000 сомдон кем эмес.
Ди-джейлер керең болуп калуудан коркушабы?
Микаэль менен маегибиз бүткөн соң ушунча элди бийлетип, башкарып турган клубдун “падышасы”, ди-джей Ярослав менен маектештик.
– Ярослав, бул жерде канча жылдан бери иштейсиң?
– Клуб ачылгандан бери иштейм. Бирок буга чейин башка клубдарда иштеп такшалып калгам.
– Кулак жарган музыкадан тажасаң керек...
– Негизи, катуу коюлган музыкадан өзүм ырахат алам. Анан кулактарыбыздын тарсылдактарын аяп, наушник тагынып алабыз. Ал үндү кичине басаңыраак угузат эмеспи. Катуу коюлган музыканы күндө уга берип, керең болуп каламбы деп да корком.
– Эмгек акың канча, сыр болбосо?
– Күнүнө 1800 сомдой табам.
– Жабык кечелерде өзгөчө музыкалар талап кылынса керек...
– Негизи, жабык кечелер алдын-ала уюшулат. Кардарларга кандай стилдеги музыка керек болсо, ошону коюшубуз керек.
Таңга маал акыркы кардарлар клубдан темтеңдей басып чыгып кетишти. Биз да өз жолубузга түштүк. Бирок эс албай эле бирөө жанчып салгандай талыкшый, чарчап бараттык.
Баш калаабыздагы клубдар
Жалпы багыттагы клубдар:
“Citу”, “Ibiza”, “Golden Bull”, “Monarch”, “The Heaven”;
Диско-Клубдар:
“Арбат”, “Apple” “Five Stars”, “Фараон”, “Эпицентр”;
Рок-клубдар:
“Teguila Blues”, “Promzona”, “Zeppelin”.
Көпчүлүк клубдардын орточо кирүү баасы 300 сомдон башталат. Ал эми майрам күндөрү 100 доллардан кем болбойт. Көпчүлүк түнкү клубдарда кыздарга кирүү акысы эркектерден 50 пайызга арзан.
Бахияна Сатылганова,
Акбар Токшумаков
koom@super.kg