Учурдун темасы такка талапкерлердин тегерегинде болуп жатканы кимге сыр? Кыргызстандын президенттигине талапкер болгон 6 атуулубуз: Курманбек Бакиев, Жеңишбек Назаралиев, Алмазбек Атамбаев, Нурлан Мотуев, Токтайым Үмөталиева, Темир Сариев. «Булардын кимисине насип буюруп, таажы тиер экен?» деген суроо менен төлгөчүлөргө төлгө тарттырып көрдүк.
Алима
– Кыргыздарга бир жолу келкел келген эле. Бирок кармай албадыкпы, көз тийдиби, айтор, жолубуз жакшы ачылбай турат. Төлгө таштардын айтуусунда, бул жолку шайлоодо Курманбек Бакиев эле президент болот. Ал эми кийинки шайлоодо Орусия тараптан 2 баласы бар адам шайланат. Улуту орус болгону менен кыргыз менен жуурулушуп, элге бейпилдик алып келет. Биз оңолсок, мына ошол адам бийликке келгенден кийин оңолобуз. Кыргыз элин алдыда бир топ эле кыйынчылыктар күтүп турат. Ошентсе да жакшы бир бурулуштун болору күтүлүүдө.
Каным
– Эмнегедир алдыга суурулуп чыга турган адамды даана көрө албай жатам. Күчтүүлөрү жок болуп жатат. Эл арасында жаңжалдар болушу мүмкүн. Негедир Атамбаевдин колдоочулары көбүрөөк болуп тургансыйт. Алдыда ушул келе жатып эле бүдөмүк болуп калды. Нары жагын так айта албай турам. Негизинен эки адам өзүлөрүнүн күчүнө ишенип турушат. Экөөнүн тең элге болгон ишеничтери чоң. Экөө тең элге ниети таза адамдар, тең чыгып калуулары мүмкүн.
Жеңишгүл
– Бул жолку шайлоо тынч өтөт. Бирок шайлоо бүткөндөн кийин тамак-аш кымбаттайт. Түшүмдүн быйыл начар болуп калышы күтүлүүдө. Эмнегедир төлгөдө Алмазбек Атамбаев биринчи чыгып келе жаткансыйт. Бакиевдин бул жолу тактыга бут коюусуна ден соолугу тоскоол болуп тургандай. Алмазбектин айланасындагы адамдар катуу иштеп жатышат. Тоскоолдуктар деле байкалып жатат, бирок эл колдоп кетет окшойт. Алмазбекке элдин батасы тийгени түшүп жатат.
Мария
– Учурда ким бийикте турса, ошол эле президент болот. Болгондон кийин жаңы демилгелерди көтөрүп чыгат. Бирок баары эле ишке аша бербейт. Абдан катуу даярдык менен ат салышып жатат. Сыйынган күчтөрү да катуу колдоодо. Жакынкы арада өлкөдө чоң өзгөрүш болбойт. Шайлоодо эл арасы тынч эле болот. Бирок жогору жактагылардын интригасынан жапа чеккендер болушу ыктымал. Ал ызы-чуулар чечилбей көпкө чейин уланышы мүмкүн. Баса, быйыл кыш абдан катаал болот. Эл эртерээк камынышы керек.
Рыскан
– Элде шайлоодон кийин деле кыйынчылык болот. Курманбек Бакиев өтөт. Бирок куюшканы оор болуп турат. Арты жамандык менен бүтпөсө эле болду. Бул адамга нааразы болгондордун саны күн санап өсүп баратыптыр. Бул адам да жөн адам эмес көрүнөт. Тукумунда колдоочулар бар экени көрүнүп жатат. Негизи, талапкерлер ичинен 3 адам суурулуп чыгат. Мына ушул 3 адамдын тегерегинде ызы-чуулар көп болот. Алар кимдер экенин айта албай турам. Бирок үчөө тең татыктуу атаандаштар.
Салкын
– Азыркы эле президент ордунда калат. Теңтайлашкан күчтүү адамдар бар. Алардын арасында ар кандай жолдор менен бийликке жетүүнүн амалын издегендери да жок эмес. Бирок аракеттери ишке ашпайт. Шайлоо ызы-чуусу жок, тынч өтөт. Ал эми элдин абалы шайлоодон кийин бир кыйла жакшырат. Орчундуу маселелер да чыкпай койбойт. Бирок буларды шайлана турган президент чече албайт. Кийинки шайлоо убакытынан эрте болуп кетиши мүмкүн.
Дамира
– Президент Курманбек Бакиев эле болот. Таштарды карасаң, бөйрөгү ток, көңүлү жай турат. Ал өзүнүн тегерегиндеги адамдарга катуу ишенип турат. Шайлоодо астына ат салдырбасына көзү жетип турса да, кооптондурган маселеси бар өңдөнөт. Негизги атаандаштары үчөө экен. Шайлоодон кийин элде анча-мынча өзгөрүү эле болбосо, чоң бурулушту көрө албай жатам. Бирок толкундоолор күтүлүүдө.
Бүбүмария
– Мен өзүм ыйман жолундагы адаммын. Ошон үчүн элиме жакшылык гана тилейм. Шайлоодо ким өтөрүн деле так айта албайм. Жаратканга кимиси жакыныраак болсо, ошол өтөт. Негедир таштар көп бир туугандуу, башында таажысы бар адамды көрсөтүп жатышкандай. Бакиев мырза өзү эле болот окшойт. Калган талапкерлердин ичинен Назаралиев «мен президент болом» деп өзүнө ишенип тургансыйт.
Бахияна Сатылганова
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg