ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 18 ЖЫЛ!

Убакыт – учкан куш дегендей, көз карандысыздыкка ээ болгонубузга 18 жыл болду. Бул жылдары улут катары таанылдык, ийгиликтерге да жетиштик, көп сыноолорду башыбыздан өткөрдүк. Эгемен өлкө болгондон кийинки он сегиз жылдын ичинде кыргыз атын даңктап, желегин желбиреткен инсандарыбыз да аз болгон жок. Алар менен ар бир кыргыз атуулу сыймыктанса болот.

Кыргыз желегин желбиреткендер...

Чыңгыз Айтматов

Кыргыз элин таа­ныткан­­дардын көч ба­шында улуу жазуучу Айтма­тов Чыңгыз Төрө­кулович турат. Анын калеминен жаралган “Кассандра тамгасы” “Тоолор кулаганда”, “Кылым карытар бир күн”, “Жамийла” чыгармалары ар бир өлкөдө кыргыздын менталитетин, кыргыздын мүнөзүн, кыргыз улутун таанытты. Өзү эки гана тилде жазса да, анын чыгармалары дүйнөнүн 100дөн ашуун тилинде сүйлөй алган. Кыргыздын кең пейилдиги, улуу тоолору, Ысык-Көлү Айтматовдун чебер тили менен бүт дүйнөгө саякат жасады. 2008-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген эле. Залкар жазуучу өзүнүн юбилейин эли менен бирге белгилөөгө жетишпей, кылымдарга өлбөс-өчпөс болгон сапарын карытып, кете берди. Кыргыз эли бул чыгаан уулунун ысымын унутпай, түбөлүккө сактайт.

Салижан Шарипов

Кыргыз элинин атын тааныткандардын арасында жерде гана эмес, космосто жүргөндөр бар. Кыргыз Эл баатыры, таанымал космонавт Салижан Шарипов да Өзгөн шаарында туулуп өскөн. Орусиянын өкүлү катары Шарипов алгач 1998-жылы, экинчи жолу 2004-жылы космоско учту. Космос тууралуу ал: “Космоско учууну мен ар бир адамга каалар элем. Андагы сезимдерди сөз менен түшүндүрө албайм» деп келет.

Алмазбек Раимкулов

Элибиздин атын таанытып келе жаткан дагы бир чыгаан жигиттердин бири – мушкер Алмазбек Раимкулов. АКШда жашап, иштеп жүргөнү менен, кыргыз деген атты тааныткандар­дын катарын толуктайт. Профессионал бокс боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы ондукта. Америкалыктарга Кид Даймонд деген ысым менен таанымал болгон бул жигитибиз жашынан спортко кызыккан. Алмазбек 19 жашында спорт чебери, 23 жашында Эл аралык спорт чебери болгонго жетишет. Анын дүйнөлүк аренага чыгуусуна бактылуу кокустук көмөк берген. АКШда профессионалдык бокско катышууга келишим түзүлүп, Александр Воиновдун көрсөтмөсү менен жол алат. Баса белгилеп кет­чү нерсе, Алмазбек ар дайым кыргыз желеги менен чыгат. Ал “желекти алып кой” деген шартты четке кагам деп полицияга да түшүп берген.

Курмангазы Азыкбаев

Музыка дүй­нө­сүндө бараандуу орду бар Курман­га­зы Азыкбаев да бул жылдары үзүр­лүү эмгектенди. Кубулжуган обондору дүйнө жүзүндөгү көп өлкө­лөрдүн сахнасында сыздап, кыргыз атын даңктап келет. Анын чыгармачылык өнөрү да кызык башталган экен. Германияда аскер кызматында жүргөндө көчө музыканттарын көрүп, ээси оогончо аларды ээрчийт. Сыбызгыган ыргактарга кызыгып, музыкант болгусу келет. Кийинчерээк Костенко деген адам менен таанышып калат да, ал сыбызгы үйрөнүүсүн кеңеш берет. Ошентип, училищеде андан соң консерваторияда окуган Курмангазы музыка сересине талыкпаган эмгектин аркасы менен чыккан. Айтымында, гастролдоп дүйнөнүн 102 мамлекетине барган. 62 түрлүү музыкалык аспапта ойнойт жана 11 тилде эркин сүйлөйт.

Актан Арым Кубат

90-жылдардан кийинки жылдары кино тармагы өнүгүү бул жакта турсун, таптакыр каралбай, дымы чыкпай кеткени эсиңиздедир?.. Ошол учурда кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын мыкты тасмалары өзүнчө бир агым болуп кирип келди. Кыргызстанда эле эмес, көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлгөн «Бешкемпир», «Маймыл» тасмалары татыктуу баасын ала алды.

Канат Бегалиев

Спорт жаатында кыргыз атын чыгарган уулдардын бири - Канат Бегалиев. Өткөн жылы Бээжинде өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси боло алды. Бул эгемен мамлекет болгондон бери Олимпиадалык оюндардагы биринчи алгылыктуу жеңишибиз болду. Канаттын же­ңи­­ши жаш кыр­гыз спортчуларына канат байлатып, ийгиликке умтулууга шыктандыра алды.

«Город - 312» тобу

Учурда Орусиянын шоу-биз­несинде өз ордун тапкан, ырларынын дээрлик баары хит болгон топтун бири, “Город – 312”. Аталышы эле билдирип тургандай, бул таланттуу ырчылардын тамыры Кыргызстан. Мекенибизден чыккан Светлана Назаренко баштаган музыканттар тобу ийгиликке умтулуп, Орусияны багындырмакчы болуп, Москваны көздөй жөнөшөт. Максаттарына жеткен топ кыргыз жери менен сыймыктанышат.
Сүйүктүү шаарынын атын дайыма эстей жүрүү максатында алар топтун атын Бишкектин коду менен аташкан.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 356, 28-август - 3-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан