ДЕПУТАТТАРДЫН «ОЮНУ» ЗЫЯН АЛЫП КЕЛҮҮДӨБҮ?

Депутаттар эки жылдан бери өкмөттөн «Кумтөр» боюнча маселени чечүүнү талап кылып келишет. Бирок экс-депутат Садыр Жапаров жетектеген парламенттик комиссия аткаруу бийлигине ишкананы улутташтыруу жана башкы келишимди жокко чыгаруу керек дегенден башка жарытылуу идея сунуштаган жок. Кийин мындай жол аркылуу өлкөдөгү эң башкы ишкананын ишин токтотуу менен өлкөбүздүн бюджети бери эле дегенде 5 миллиард доллар чыгым болорун жана кен чыккан ишканада иштеген 3 миң адам жумушсуз каларын түшүнүшүп, сүйлөшүү жолун тандашты.
Депутаттар Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнө акциянын үлүшүн көбөйтүүгө жетишүүнү тапшырышты. Кыргызстан «Центерра голд Инк.» компаниясынын 33 пайыз үлүшүнө ээ. Өкмөт депутаттардын тапшырмасын аткарып, инвесторлор менен биргелешип Кыргызстандын үлүшүн канадалыктар менен бирдей кылып 50 пайызга жеткирүүгө мүмкүн болду. Бирок көптөгөн талкууларды өткөргөн соң өкмөт сунуштаган вариант депутаттарга жакпай калды. Өкмөт менен «Центерранын» сүйлөшүүлөрү кайра башталды. Бирок Кыргызстан үчүн мурункудан да пайдалуу болгон кезектеги келишим долбоору да көпчүлүк депутаттарды канааттандыра албады.

Жаңы түзүлгөн келишим долбоорунун айрым көрсөткүчтөрүн айта кетели:
Биргелешкен ишкана эми улуттук мыйзамдар менен иштейт. Директорлор кеңешинин өкүлчүлүгү Кыргызстанда жайгашат. Эки жыл бою кен чыгаруучу жердеги жумушчулардын 92 пайызын жана жетекчилик кызматтын 70 пайызын республикабыздын жарандары түзөт. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алынуучу продуктылар жылына 10 миллион долларга көбөйөт. Өлкөнүн бюджетине түшүүчү каражат жалпысынан 67 пайызга чейин өсөт.
Бирок министрлер кабинети сунуштаган долбоорго каршы добуш берген кээ бир депутаттарды карап, аларды калктын көйгөйлөрүн чечүү эмес, жеке кызыкчылыктары көбүрөөк кызыктырабы деп ойлоп калдык.
Парламент менен «Кумтөрдүн» ортосундагы «разборкалар» эми башталганда эле саясат таануучулар «бул маселе экономикалык жактан эмес, саясий көз карашта чечилип келген» деп айтып чыгышкан. Ошондуктан бардык инвесторлорду чочуткан, аягы көрүнбөгөн митингдер, ал тургай Ак үйдү басып алуу аракети да болуп келген.
Бирок депутаттар өз «оюндарын» ойногуча келишимге кол коюлбагандыктан, өлкөбүз өткөн жылы 80 миллион доллар жоготту. Депутаттык корпустун ыйкы-тыйкылыгынан жана алардын «оюндарынан» улам «Центерранын» акциясынын баасы түшүп кетип, өлкө андагы өз акциясынан эле 1 жарым миллиард долларга жакын каражат жоготту. Бирок депутаттар бул тууралуу сөз кылышкан жок жана ызы-чуу чыгарышпады. Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө дайыма сын көз карашта болуп келген көз карандысыз экономист Расул Умбеталиевдин пикирине караганда, биргелешкен ишкананы түзүү идеясын баары бир туура деп айтууга болот.
«Кумтөр» канадалык эмес, кыргызстандык болуп иштөөсү үчүн өкмөт эң башкы маселелердин бирин чече алды. Бирок депутаттарга бул жакпай жатат. Себеби фракциялар эң маанилүү экономикалык маселелерди өздөрүнө пайдалуу чечкенге аракет кылышууда»,- деп эсептейт эксперт. Анын айтымына караганда, депутаттар өлкөнүн жана элдин экономикалык кызыкчылыгы үчүн күрөш жүргүзбөй, дайыма саясий соодалашуу жүргүзүп келишет.
«Мени бул ойлорго айрым депутаттардын өкмөттүн сунуштарына макул болбой, популисттик кадамдарга баруусу түртүп жатат. Саясий күчтөр үчүн «Кумтөр» соодалашуу буюму жана пайда табуу болуп калды. Себеби партияларга аймактык уюмдарды каржылоого жана жаңы шайлоолорго даярданууга каражат керек. Бирок эмне үчүн мунун баары өлкөнүн экономикасынын стратегиялык тармагынын эсебинен болушу керек?»- дейт экономист. Биздин депутаттар болсо анын суроосуна туура жооп бере алышпайт же жооп бергиси келбейт.

Айбек Муратов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kaniet
2014-02-12 13:02:41
3000000 адам жумушсуз калат деп бутундой кыргыз элинин ырыскысынан айрып жатышат го булар.
-1
hakker
2014-02-14 21:45:06
Ушул Айбек Муратов дегендерге окшогондор тажатты.Олкодогу кырдаалды корбойбу.67пайыз кыласын деген депутаттар эл учун кылып атса керек а бийлик буларды 50-50 го макул кыла албай убара болуп атпадыбы,акыр кондурушту го.Супердин бардык макаларын колдойм бирок бийликти жактап жазгандарына таптакыр каршымын.С.Жапаров болбогондо бул маселени эч ким которбосо керек эле.Эгер кошоматчы болгондо бир креслодо тынч отура бербейт беле.Тарых баарын оз ордуна коет шашпагыла...
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан