МӨҢГҮЛӨРДҮ КОРГОЙЛУБУ ЖЕ ПАЙДА АЛЫП КАЛУУНУ ОЙЛОЙЛУБУ?

Жогорку Кеңеште мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Анын демилгечилеринин бири «Республика» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова бул нормативдик-укуктук акт биринчи кезекте мөңгүлөрдү сактоого, алардын жаңы реестрин түзүүгө, мөңгүлөргө көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматты же агенттикти түзүүгө да багытталгандыгын белгиледи.
Бирок ошол эле убакта депутат айым жумушчу тобу түзүлөрүн, ал «Кумтөрдө» алтын казып алуудан экологияга, атап айтканда, мөңгүлөргө келтирилген зыянды изилдей тургандыгын белгилөө менен мыйзам долбоорун жазуунун чыныгы максатын билдирип койду. Кызыгы, депутаттар ишкананын ишмердүүлүгү муздун жоголуусуна алып келгендигин бир нече жолу айтышкан. Ошол эле Садыр Жапаров «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды сактоосун текшерүү боюнча КРнын депутаттык комиссиясынын башчысы болуу менен «Кумтөр» кенин иштетүүнүн натыйжасында 5 мөңгү жок кылынганын айткан.
Бирок гляциологдор анын тескерисин тастыкташууда: долбоордун курчап турган мөңгүлөргө терс таасири дээрлик минималдуу. Биз мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрүнүн бири, гляциолог, Борбор Азия жерди изилдөө институтунун ага илимий кызматкери Рыскул Усубалиевге жолугуп, суроо салдык:

– Сиздин көз карашыңыз боюнча, өлкөгө мындай мыйзам канчалык зарыл?
– Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суунун жетишсиздиги азыртадан эле сезилүүдө. Өзгөчө жай мезгилинде. Мөңгүлөр – суу запастары. Алар табигый жаратылыш факторлорунун таасири астында бузулууда, аларга таасир эте албайбыз. Бирок антропогендик факторду – механикалык бузулууларды кыскарта алабыз. Биринчи кезекте бул тоо-кен казып алуу ишмердүүлүгүнө тиешелүү. Себеби көптөгөн кендер мөңгүлөрдөн алыс эмес жайгашкан. Ошондуктан пайдалуу кендерди казып алууда мөңгүлөргө зыян келтирилиши мүмкүн.
Алгач бир нече долбоор сунуш кылынды, бирок жыйынтыгында негиз катарында Аргентинанын мыйзамы – Мөңгүлөр жөнүндө акт алынды. Албетте, биз аны кайра иштеп чыктык. Азыр жумушчу тобунун айрым мүчөлөрүнүн алдында кандайдыр бир ишкананын ишмердүүлүгүнүн мөңгүлөргө тийгизүүчү зыянын эсептөө методикасын иштеп чыгуу милдети турат. Себеби азыр бизде зыянды эсептөөнүн так механизми жок. Мен бул мыйзам долбооруна өзүмдүн сунуштарымды жана эскертүүлөрүмдү жөнөттүм, бирок акыркы талкуулоодо катышкан жокмун жана мен түшүнгөнүмдөй, алар эске алынган жок.

– Алар өзгөчө бир олуттуу нерселерби?
– Жок, негизинен кеп терминдер жөнүндө. Бирок мага «алгач мыйзамды кабыл алабыз, андан соң түзөтүүлөрдү киргизебиз» деп жооп беришти. Атап айтканда, мен мөңгүлөргө катарлаш чөйрөдө (10 чакырым аралыктагы) кенди иштетүүгө тыюу салуу сунушу менен макул эмесмин. Бул реалдуу эмес. Мөңгүдөн 10 чакырым деген эмне? Мисалы, бүтүндөй Ала-Арча эс алуу зонасы бул аралыкка кирет. Мына ошондуктан мен «мөңгү бассейни» терминин сунуш кылдым, ал – мөңгүнүн өзү, андан жаралуучу куймалары менен аны камтыган территория. Андан тышкары мөңгүлөрдүн этегинде көлдөр, ширенди катмарлары бар. Мына ушул аймакта иштетүүгө тыюу салуу зарыл, себеби ошондо зыян келтирилет. А калгандардын баарында зыян минималдуу.

– Тоо-кен ишканаларынын, атап айтканда, «Кумтөрдүн» мөңгүлөргө таасир этүүсү жөнүндө айтуу менен айрым экологдор ал жаратылыш факторлоруна көп зыян келтирбегендигин айтышат...
– Алардыкы туура, жаратылыш факторлоруна салыштырмалуу «Кумтөрдүн» курчап турган мөңгүлөргө таасир этүүсү өтө аз. Мисалы, жардыруу иштеринде алар дээрлик чаң чыкпаган технологияларды пайдаланышат. Астында кен жаткан Давыдов мөңгүсү жапа чекти. Ошол эле учурда муз массасын ал жоготкон жок, орто бөлүгүн иштетүүдө аны төмөнкү бөлүгүнө кайра коюшат, мөңгүнүн тилине төгүшөт.

– Акыркы каталогдоо өткөн жүз жылдыкта жүргүзүлгөн жана бул убакыт аралыгында көп мөңгүлөр эрип кеткен, бирок алардын саны болжолдуу. Мыйзам долбооруна мониторинг жүргүзүү жана жаңы каталогду түзүү киргизилген. Бул кандайча жүргүзүлөт?
– Космостук сүрөт тартуулардын негизинде атайын компьютердик программанын жардамы менен анализ жүргүзүлмөкчү. Андан кийин маалыматтар чындыкка канчалык дал келе тургандыгын жеринде текшерүү зарыл болот. Техникалык жактан муну жүзөгө ашырууга болот. Баары каражатка гана барып такалат. Мындай жакшы чечилиштеги сүрөттөр кымбат турат. Андан тышкары каталогду түзүү маселеси адамдык факторго барып такалат. Бизде гляциологдор өтө аз, ЖОЖдордо адистерди даярдоо жүргүзүлбөйт. Бирок биз каталогдоо боюнча ишти жарым-жартылай жүргүзөбүз. Мисалы, «Кумтөрдүн» заказы боюнча биз Москва мамлекеттик университетиндеги кесиптештер менен бирдикте Ак-Шыйрак массивинин (300гө жакын мөңгү) каталогун түздүк. Бул биринчи кезекте ишкананын районундагы кар чокулары менен реалдуу картинаны көрүү үчүн жасалган. Себеби көптөр «Кумтөрдөн» улам мөңгүлөр жоголуп жатканын айтышат. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Отчёт мөңгү аянттарынын кыскаруусу бардык жерде жана табигый факторлордун таасири астында кыскарып жатканын көрсөттү. Баса, компания кен ишканасынын районунда изилдөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
Ошондой эле Сары-Жаз дарыясынын бассейни үчүн да изилдөө жүргүзүлгөн, ал акыркы каталогдоодон бери кандай өзгөрүүлөр болуп өткөнүн көрсөттү. Иш жүзүндө биз бул жер үчүн жаңы каталогго ээбиз деп айтууга болот. Жана анда мөңгүлөр кыскарганы көрүнүп турат. Бул «Кумтөрдүн» же адамдын эмес, табигый факторлордун– климаттын өзгөрүүсүнүн таасири астында жүргөн.

– Жылдызкан Жолдошева «Кумтөрдөн» мөңгүлөрдү калыбына келтирүүнү талап кылуу керек» деп да айтты...
– Адамзаттын күчү муну жасай албайт. Азырынча мөңгүлөрдү калыбына келтирүү технологиялары жок. Сактоонун да технологиялары жок. Биз аларга механикалык таасир этүүнү болтурбоого гана аракеттене алабыз.

– Чынында эле биз үчүн ишкананын ишинен алынган экономикалык пайдага караганда ишкана бир же бир нече мөңгүгө келтирилген зыяндын алдын алуу көбүрөөк баалуубу?
– Ар кандай ишмердүүлүк жаратылышка зыян келтириши, экологиялык таасир этиши мүмкүн. Бирок бизге суусу менен бир мөңгүбү же өлкөнү көтөрүү үчүн алтын маанилүүбү, ушул жөнүндө ойлонуу керектир? Албетте, тандоо оңой эмес. «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүнө мыйзамдын таасири тийбесе керек, бирок эгерде пайдалуу кендер мөңгүнүн астынан табылса, болочокто аларды иштетүүгө тыюу салынмакчы же зыян келтирбеген технологиялар пайдаланылмакчы. Мисалы, жер астындагы ыкма менен иштетүү.

Айбек Муратов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
hakker
2014-02-26 12:28:58
Бийликке баргыча Кумторду улутташтырабыз деп барышып эле Ажо болгондон кийин оозуна талкан салып унчукпай калышат.Бул--элдин кызыкчылыгын чооон акчаларга сатуу болуп эсептелет.Таза иштегенде качан эле онукмокпуз.
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан