МӨҢГҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН СОЮЛ БОЛУП КАЛБООГО ТИЙИШ

Быйылкы жылы Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мөңгүлөрү тууралуу маселе жетиштүү кызуу талкууланды, бирок талкуу негизинен «Кумтөрдү» иштетүүнүн контекстинде гана  жүрдү. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бул документ учурда президентте кол коюуда турат.
Белгилүү окумуштуу, КРнын Климаттын өзгөрүшү боюнча борборунун директорунун орун басары Шамиль Ильясов парламент кабыл алган мөңгүлөр жөнүндө мыйзамга эксперттик баа берди.

– Мөңгүлөрдүн азайып жаткандыгы анык. Сиз мөңгүлөр тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоого катыштыңыз эле, «Кумтөр» компаниясынын мөңгүлөрдүн азайып баратышына тиешеси бар деп ойлойсузбу?
– Мен бул мыйзам долбоорун талкуулоого бир нече жолу катышсам да, иштеп чыгууга катышкан жокмун. «Кумтөрдүн» мөңгүлөргө таасири боюнча айтсам, албетте, кенди иштетүүдөн мөңгүлөргө таасир этүү бар. Бирок маселе таасир этүүнүн канчалык экендигинде. Мөңгүлөр эбегейсиз чоң өлчөмдө экендигин эске алганда, ага таасир этиши минималдуу. Жөнөкөйлөп айтканда, муну Бишкек шаарынын бир жашоочусу таштанды таштап салса, ал таштанды курчап турган чөйрөнү канчалык булгап жана ага канчалык таасир эте ала тургандыгы менен салыштырууга болот. Ал дээрлик байкалбай турганы түшүнүктүү. «Кумтөрдө» алтын казып алуу да мөңгүнүн эришине минималдуу таасир этет. Кен казып алынган аймакка таасир этүү, кимдир бирөөлөр айткандай, глобалдуу зыян келтире албайт. Анан албетте, «Кумтөр» жайгашкан жерди гана эмес, бардык жердеги мөңгүлөрдүн абалына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруу керек.
Жер шарынын жылуу тарта баштаганын да унутпоо керек. Акыркы 20 жылда эле биздин республика мөңгүлөрдүн жалпы көлөмүнүн жок эле дегенде 15 пайызын жоготкон. Бул жоготууларга салыштырмалуу «Кумтөрдүн» таасири болбогон кеп.
Бүткүл дүйнөнүн жылуу тарта баштоо процесси бүтүндөй дүйнө боюнча мөңгүлөрдүн эрүүсүнө алып келүүдө. Тилекке каршы, бул процессти адамзат эч кандай мыйзам менен токтото албайт. Мына ошондуктан, адистердин эсептөөлөрү боюнча ушул кылымдын акырына чейин чоң эмес мөңгүлөр таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. Калың муз катмары бар өтө ири мөңгүлөр гана калат. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен азыр да анча чоң эмес мөңгүлөрдүн эсебинен толуп турган дарыялардын какыраган нуктарын көрүүгө болот. Бирок ал мөңгүлөр дал ушул глобалдуу жылуу себебинен улам жок болгон.

– Сиз мөңгүлөрдүн абалын мониторингдөө керектиги тууралуу айттыңыз, ал эми Кыргызстанда, мисалы, мөңгүлөрдүн заманбап картасы барбы? 
– Республиканын мөңгүлөрүнүн абалына акыркы жолу өткөн кылымдын 60-80-жылдар аралыгында кеңири анализ жүргүзүлгөн. Андан кийин республиканын бюджетинен бул иштерге жана карталарды түзүүгө акча бөлүнбөй калып кеткен. Ал эми көз карандысыздык алгандан кийинки жылдарда изилдөөлөр айрым мөңгүлөргө гана жүргүзүлгөн.
Мөңгүлөр жөнүндө мыйзамдарда каржылоо булактары каралган өлкөлөр бар. Бирок биздин мыйзамдар түз аракеттеги эмес, мына ошондуктан анда каржылоо көрсөтүлбөйт жана каралган эмес. Акчалар өкмөттүн токтомдору жана мыйзамдык актылары менен гана бөлүнүшү мүмкүн. Азырынча мен бул мыйзамга байланыштуу мөңгүлөргө мониторинг жасоого бюджеттик каражаттарды бөлүү пландаштырылганын уга элекмин. Мөңгүлөрдүн абалын жана ишканалардын мөңгүлөргө таасир этүүсүн изилдөөлөр жөнүндө гана эмес, Ош шаарында гидрометеостанция таптакыр жок экендигин да ойлоо керек. Ошондуктан бизде мындай станциялар жок болуп жатканда мөңгүлөрдүн кайсы мониторинги жөнүндө сөз кылууга болот?..

– Демек, азыр Кыргызстанда суу запастарын үнөмдүү пайдалануу керек турбайбы?
– Ооба, дал ушуну жасоо керек, себеби биздин өлкөдө сууну үнөмдөө боюнча практика жок. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда суунун 94 пайызы сугатка жумшалат. Ал эми дүйнөдө качантан бери эле суу ресурстарын олуттуу үнөмдөө үчүн жаан суусун топтоо, айыл чарба муктаждыктарында тамчылатып сугаруу системи иштеп жатат. Бирок Кыргызстанда мындай заманбап инновациялар колдонулбайт. Сууга тийиштүү мамиле кылбаса, ушул кылымдын ортосуна карата Кыргызстан азык-түлүк менен камсыздалуу үчүн суу ресурстарына ээ болбой калат. Азык-түлүктү толугу менен импорттоп калышыбыз мүмкүн. Суу агымдарынын азаюусу олуттуу энергетикалык көйгөйлөргө да алып келет. Бул жөнүндө өкмөт жана парламент ойлонушу керек.

– Мөңгүлөр жөнүндө мыйзамда мөңгүлөрдүн табигый абалына кайталангыс таасир эте алуучу жана алардын бузулушуна же деградациясына алып келиши мүмкүн болгон ишмердиктин бардык түрүнө тыюу сала турган берене бар. Атап айтканда, кеп пайдалуу кен байлыктарды ачык ыкмада иштетүүгө жана көмүркычкылтек (углеводород) казып алууга тыюу салуу жөнүндө жүрүүдө. Бул ошол эле «Кумтөр» долбоору консервацияланышы же токтотулушу мүмкүндүгүн билдиреби?
– Мен бул мыйзам долбоорун талкуулоого катышып жатканымда анын иштеп чыгуучуларына ушундай эле суроолор берилген. Алар кеп жаңы ишканалар жөнүндө гана жүрүп жаткандыгын жана иштеп жаткан ишканаларга кандайдыр бир чектөөлөр болжолдонулбаганын айтышкан.
Мөңгүлөр жөнүндө мыйзам талаптагыдай иштөөсү үчүн, биринчиден, ал документ инвесторлорго карата союл катарында пайдаланылбоого, экинчиден, анын негизги жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү каржылык жана техникалык базага ээ болууга тийиш.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-05-19 09:46:00
ЖКда отурган бир популисттин жазаган ишида, корунуп эле турбайбы, башындале кумторго карата саботаж жонунжо мыйзамды чыгарбадыбы
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан