Аба ырайын болжолдоочулар бул жыл эң ысык жылдардын бири болорун айтышууда. Ал эми өкмөт өлкөбүзгө 2 миллиондон ашык туристтин келүүсүн болжолдоп, түшө турган кирешени алдын ала эсептеп байып отурган кези. Сезон июнь айынын башында ачылганы менен, көлдөгү эс алуучулардын саны аз экенин белгилеген эс алуу жайынын ээлери жакшыдан үмүтүн үзбөй жол карап отурушкан чагы. Мына эми сезон кайнайт деген июль, августта баалар түз эле жогору карай секирет эмеспи. Анда эмесе, эс алууга жөнөөрдүн алдында эс алуу жайларындагы быйылкы баалар менен таанышып алыңыздар.
ЖОЛ КИРЕНИН БААСЫ
Бишкек-Ысык-Көл каттамы боюнча жол кире баалары
(Бишкектеги Батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде 1 адамга)
Бишкек-Балыкчы каттамы:
Такси – 300 сом
Кичи автобус – 150 сом
Автобус – 144 сом
Бишкек-Чолпон-Ата каттамы:
Такси – 500 сом
Кичи автобус – 270 сом
Автобус – 209 сом
Бишкек-Каракол каттамы:
Такси – 600 сом
Кичи автобус – 348 сом
Автобус – 320 сом
ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫ
Дискотека – 100-300 сом (1 кишиге)
Бильярд – 200 сом (саатына)
Интернет зал – 50 сом (саатына)
Катер, скутер – 300-500 сом (5 мүнөткө)
Кинозал – 50 сом (1 кишиге)
Стол тенниси – 100 сом (саатына)
Квадроцикл – 150 сом (5 мүнөткө)
Акваланг – 4500 сом (1 саат 30 мүнөткө)
Сауна – 500-1000 сом (саатына)
Велосипед – 100-150 сом (саатына)
Теплоход – 300-500 сом (1 кишиге)
Катамаран – 100-150 сом (саатына)
Парашют – 1000 сом (1 кишиге 1 жолку учууга)
Боз үй – 5000-6000 сом (1 күнгө)
Жеке үйлөрдөгү бөлмөлөр – шартына жараша 200-500 сом (1 күнгө, 1 кишиге)
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg