«ЖЕР-ҮЙ» КАНТИП КОЛДОН КОЛГО ӨТҮП ОТУРГАН?»

2013-жылдын 10-ноябрында “Дело №” гезитине Е.Раминдин авторлугундагы “Верните наши деньги” деген макаласы жарык көргөн. Аны окуган адамга "Жер-Үй" алтын компаниясына (инвестору “Визор групп”) берилген лицензияны өкмөт эч себепсиз алып койгондой сезилет. Алтын кени жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жашоочусу катары өз оюмду айтууну туура көрдүм.

"ЖЕР-ҮЙ" КЕНИНИН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ"
– Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагында орун алган "Жер-Үй" алтын кени СССРдин кезинде эле изилденип, 1989-жылдан тартып алтын кен комбинатынын инфраструктурасын куруу иштери башталган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1993-жылы “Кыргызалтын” ишканасы менен америкалык “Моррисон-Гнутсен” компаниясынын ортосунда “Жер-Үй голд” деген компания түзүлгөн. Ошол учурда компания район жана колхоздун жетекчилерин АКШга чейин алып барып келишип, "Бекмолдо айыл өкмөтүнө жардам" деп 60 миң доллар бергенде, айыл эли калпакты көккө ыргыта сүйүнгөн элек. Бирок бул жардамдын аягы район башчысынын иштен кетүүсү жана кыргыз өкмөтүнүн 3 миллион доллар айып төлөөсү менен аяктады.
1996-жылы сынак жарыяланбай туруп, Кыргызстандын өкмөтү Канаданын “Камэко” компаниясы менен "Жер-Үй" кени боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок ал компания баш тартып койгон. 1997-жылы Англиянын “Оксус” компаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 1999-жылы “Талас голд майнинг” компаниясы (ТГМК) түзүлүп, ага мөөнөтү 2011-жылга чейин созулган лицензия берилген.
Бирок 2002-жылы Мамлекеттик геология агенттиги ТГМКнын лицензиясын алып коюп, аны 2003-жылы кайтарып берген болчу. Көп өтпөй 2004-жылы агенттик “ТГМКнын эл аралык финансы институттары жана "Жер-Үй" долбоорун каржылоо боюнча келишими жок” деген себеп менен компаниянын лицензиясын экинчи жолу алып койгон. Мындан улам “Оксус” алтын кендин долбоору үчүн
55 миллион долларды тез арада тапкан. Каражаттын бар экенин аудиттик компания да ырастаган эле.
2005-жылы Март революциясынан кийин мамлекеттик геология агенттиги 30-мартта өкмөткө ТГМКнын лицензиясын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бийлик башына келген Курманбек Бакиев Таласка болгон сапарында “кендин иши бир күнгө да токтобойт” деп билдирген. Ал мезгилде "Жер-Үйдө" 700дөй адам иштеп, жумуштун 70-75 пайызы бүтүп калган болчу. Бирок ТГМКга лицензия кайтарылып берилбей, 2006-жылы Англиянын ошол кездеги премьер-министри Т.Блэр К.Бакиевге лицензияга байланыштуу өтүнүч кат жиберген. Ал эми К.Бакиевдин “ТГМК Кыргызстандын мыйзамдарын бузду, ошол үчүн ишеним жоготту” деп жооп бергени айтылып-жазылган эле. Жыйынтыгында ТГМК лицензия ала албасына көзү жетип, 2006-жылы ишин токтотууга аргасыз болгон.
Алтын кенге жаңы инвестор табуу “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси А.Жакыповго тапшырылып, кийин өкмөт "Жер-Үйдү" иштетүүгө “Глобал голд” деген компанияга лицензия карматышкан. Эки тараптын ортосунда "Жер-Үй" алтын ЖАКсы түзүлгөн. Бирок 2006-жылы Жогорку Кеңеш "Жер-Үй" алтын кени тууралуу маселени карап чыгып, “Глобал голд” компаниясына берилген лицензия жокко чыгарылсын” деген токтом кабыл алган. Макташкан “Глобал голд” 1 жылдай "Жер-Үйгө" ээлик кылып турган чакта өз үлүштөрүн Казакстанда катталган “Визор групп” деген компанияга 130 миллион долларга сатып жок болушту. Ошол эле “Глобал голд” компаниясы Березовскийге караштуу” деп 2007-жылы басылмалар жазып чыгышты. Атүгүл Орусия тарап Березовскийдин Кыргызстанга келип кеткендиги жөнүндө билдирүү тараткан болчу.
2013-жылы “Forbes” журналына “Кто разорил Березовского?” деген макала жарык көргөн. Анда минтип жазылат: “Революция 2005-года совершено за счёт финансов Бориса Березовского. Взамен он получил у экс-президента Курманбека Бакиева долю золотодобывающем активе – месторождении "Джер-Уй". Предварительно лицензию отобрали у британской золотодобывающей компании "Oxus Gold" и передали “западным инвесторам” – австрийской компании "Global G.O.L.D Holding Gmbh". Представителем инвесторов и председателем совета директоров стал Рафаэль Филинов. Он прожил в Киргизии полтора года, провёл перепродажную подготовку компании”.
2007-жылы кенди казакстандык “Визор групп” компаниясы сатып алгандан кийин "Жер-Үйдө" жарытылуу деле иш жасалган жок. 2009-жылы алар өз үлүштөрүн “Consalidated Explaration Holding” компаниясына 48 миллион доллардын тегерегиндеги каражатка сатып жиберишкен. "Жер-Үй" алтын кенине берилген бул сапардагы лицензиянын мөөнөтү 2010-жылдын 1-ноябрында бүтмөк, бирок лицензиялык келишим аткарылган эмес. Андай жыйынтыкты Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия да жарыялап, 2010-жылдын 18-ноябрында кыргыз өкмөтү "Жер-Үй" алтын компаниясына берилген лицензияны жокко чыгарган. Компания тарабынан арыздануулар болгондуктан, 2012-жылдын аягында Жогорку Сот “лицензия туура алынган” деген соңку чечимди чыгарып берген.

"ЛИЦЕНЗИЯСЫН АЛДЫРГАН ТАРАПТЫН ДООСУ КҮЧ"
– Азыркы учурда завод эмес, заводдун пайдубалы да курулбай турат. Лицензиясын алдырган “Визор групп” жана “Consalidated Explaration Holding” компаниялары Бүткүл дүйнөлүк банктын “Эл аралык инвестициялык талаштарды чечүү” борборуна кайрылышып, эки компания кыргыз өкмөтүнө 400 миллион долларлык доо коюшкан. "Жер-Үй" алтын компаниясы "долбоор үчүн 235 миллион доллар короттук" деп басылмаларга билдирген. Бирок кенде жайгашкан курулуш иштеринин көбү 2006-жылы эле ТГМК тарабынан курулган. 2006-жылга таандык токтомдо да “тоо-кен байытуучу фабриканын даярдык деңгээли 75 пайызга бүттү” деп жазылат. Биздин көргөнүбүз боюнча жумушчулар шаарчасындагы үч кабаттык имаратты “Глобал голд” баштап бүтпөй калгандыктан, "Жер-Үй" алтын аягына чыгарды, андан башка курулуш иштерин жасаганын эл көргөн жок.

"АР БИР АТУУЛДУН ЫЙЫК ПАРЗЫ ЭМНЕДЕ?"
– Кыргыз өкмөтү тарыхта биринчи жолу 2013-жылы 12-январда "Жер-Үй" алтын кенине ачык сынак жарыялаган. Бирок ушул эле жылдын 16-майында өтмөк болгон сынакка 1 эле компания документтерин тапшыргандыктан, мыйзамга ылайык "сынак өткөн эмес" деп табылган. Алтын кенге өткөрүлө турган 2-сынак жарыяланса, бул сапар ийгиликтүү өтөт деген ишеним чоң. Анын шарттары да жакшы түзүлгөн деп эсептейм. Кенен таанышып, маалымат алам деген каалоочулар болсо, КРнын Геология агенттигинин www.geology.kg
сайтынан карап көрө аласыздар.
Менимче, кыргыз өкмөтүнүн "Жер-Үй" алтын кени боюнча лицензияны алуудагы чечими туура, ал эми "Жер-Үй" алтын ЖАКсынын койгон дооматы туура келбейт деп эсептейм.
Ар бир инвестор өз укугун коргоп, жергиликтүү жана эл аралык сотторго кайрылууга укуктуу, бирок эл аралык сот деле жогорудагы аргументтерге көз салууга милдеттүү.
Кыргызстандын ар бир атуулу өз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин туура жасаган иштерин туура деп айтуусу атуулдук ыйык парзы.

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жашоочусу,
Аксакалдар кеңешинин төрагасы С.Оторбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
LISICHKA
2014-07-21 14:39:07
Эх кыргыз окмоту колунарда турган алтын кенин иштете албай ар кимге сатып,акчасын чонтогунорго салып,быкы-чыкы кылдынар.Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул.Башка мамлекет болгондо качан эле онуп-осуп гулдоп кетишмек.Биздин чондор акмактар,колунардан б*к дагы келбейт,асмандын башын суйлойсунор.П О З О Р!!!
+1
Gerachka
2014-07-23 12:25:48
Биз жакыр мамлекетбиз деп айтышкан менен жайнаган бай бизнесмендер бар.Ошолордун арасында бироо чыкса сонун болмок.Кен байлыгы жок эле жашап жатат Кытайга окшогон мамлекеттер.А биз аны корунгонго таланды кылып жатабыз.Алтын балыгым колумда болсо мен эле иштетип берет элем корунгонго Жер-Уйду кор кылбай.
+1
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан