РАЙКАН АЛКАНОВ КОЛ САЛУУ БОЮНЧА ИИМ ЖЕТЕКЧИСИНЕ КАЙРЫЛДЫ

Ушул жылдын 25-октябрынан 26-октябрга караган түнү «Алканов жана кампания» ЖЧКсынын жетекчиси, ишкер Райкан Алкановду Талас шаарындагы үйүнөн бычактап кетишкени жалпы журтка белгилүү болду. Райкан Алканов бычактан 11 жараат алган. Таластагы ооруканада ишкерге операция жасалып, бир нече күндөн соң Бишкекке алынып келинген. Ишкер окуя тууралуу бул жумада кайрылуу таратты. Кайрылуу ИИМдин жетекчиси Мелис Турганбаевге даректелиптир.

– Чын дилимден Сизди кыргыз милициясынын 90 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына келишиңиз менен куттуктайм. Сизге өлкө үчүн катаал мезгилде Кыргызстандын ички иштер органдарын башкаруу насип болду. Тилекке каршы, криминалдык чөйрө өзүнүн терс таасирин тийгизүүнү улантып жатат. Буга өлтүрүү ниети менен ырайымсыз кол салуу окуясы далил болууда.
Үч кылмышкер кыз мени, адамдарга жакшылык гана жасап жүргөн, 79 жаштагы улгайган адамды өлтүрүүнүн амалын алдын ала түзүп, арам ою менен келишкен. Мага 11 ирет бычак урулуп, алардын төртөө терең жаракат болгон.
Эки кылмышкер кыздын энеси алдын ала мага кайрылып, менин неберелеримди багып иштеп жүргөн кызы турмушка чыгып жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам сурап, эки улуу кызын мага жөнөткөн. Алар менен бирге дагы бир кыз келди. Арам оюнан кабарым жок үйгө киргиздим. Алар Талас шаарындагы менин үйүмдөн 30 чакырымда жайгашкан Арал айылынан келишиптир. Кеч кирип калгандыгына байланыштуу алардын өтүнүчү боюнча менин үйүмдө түнөп калууга уруксат бердим. Түн жарымында балта менен башка чабуудан улам ойгонуп, колдорунда балта жана бычак кармап, менден акча талап кылып турган эки кызды көрдүм. Мен акча берүүдөн баш тартканда, алар бир нече ирет бычак менен ичке сайышты, мындан соң аларга акчанын кайда экенин айтууга мажбур болдум. Алар тапкан акча аз болуп, мени бир нече саат бою кыйнашты. Бул убакыт аралыгында үйдүн биринчи кабатынан эркек кишинин үнү угулуп жатты. Башка акча жок экендигине ишенген немелер 150 000 сомдун тегерегиндеги акчаны алып, мени кансыратып таштап кете беришти, мен алган жаракаттардан улам кыймылдан калып жатып калдым.
Кээ бир ИИМ кызматкерлеринин позициясы таң калтырат, алар мени «кылмышкер кыздар менен жакын мамилеге барды» деген имиштерди таратып, менин жан дүйнөмдү жаралаган сандырак сөздөрдү айтууга чейин барышты. Мындан тышкары жогорудагы божомол сөздөр укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга таянуу менен кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып кетти. Жабырлануучу катары менин позициям жана абалым эч кимди кызыктырбады.
Түзүлгөн абалга байланыштуу сизден кылмыштын бетин тезирээк ачып жана кылмышкерлерди мыйзам чегинде жазалоо үчүн бардык чараларды көрүүңүздү өтүнөм. Чындыкка коошпогон, текшерилбеген маалыматты тараткан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракетине тийиштүү баа берүү зарыл деп эсептейм.

Урматым менен КРнын Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын, Согуш, эмгек ардагерлер уюмунун төрагасынын орун басары жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин координациялык кеңешинин мүчөсү

Райкан Алканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
gulperi.kg
2014-11-10 20:41:56
Ай ким билет.Балким озу ак конул кишидир ,балким тескерисинче.Аллах озу кубоо.
+1
Ariet7
2014-11-11 04:14:21
ой бунун ХХХ ХХХ ХХХ да .ошонун бадрушкелери го дейм кыздын аты ким эле атын очкур ?
0
admin_superstan
2014-11-11 09:59:12
Ariet7, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
kg_sulushka
2014-11-11 23:38:30
Тооба 80 жаштагы чалды ушунча кыйнаптыр да а жаш кыздар болбогон акча учун
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан