Арстанбек Абдылдаев, коомдук ишмер: «БОЗ ҮЙДӨ ЖОМОК МЕНЕН ӨМҮР БАР, АК ҮЙДӨ ТОЗОК МЕНЕН ӨЛҮМ БАР»

Ааламдык табигый илимди, «Манасты» молдо, кожолор, жан дүйнөсү жарды пенделер жомок деди, жомок болсо неге жазылып коймок, жомок акыры чындык болмок. Кыргыз элин улут дегенге болбойт, улуу эл же жомоктон бүткөн, жылдыздан түшкөн ордолуу журт, ок, уюл десе туура болот. Кыргыз эли өнүксө улуу жашоого карай өнүгөт, убактылуу жашоого токтолбойт. Ою көктө, көзү ок, сөзү от, жүзү кызыл, өзү кызыр эл.

Кыргыз элинин канындагы касиетин эч ким, эч нерсе жоё албайт, тескерисинче, күчүнө кирип оргуштап чыгат. Күндөн касиет, кереметтүү кеңеш, айдан аян алып, акыретти, о дүйнөнү дилинде көрүп алат, көксөгөнү көңүлүнө келип турат. Кыргызчылык – кылымдарды карыткан каада- салттуу, үрп-адаттуу, ырым-жырымдуу, түбөлүктүү, учу-кыйры ченемсиз, чексиз өнүккөн касиет. 21-кылымда кыргызчылык кайра кырына чыгат, аалам жерге табигый мыйзам болот, табылма мыйзамдар эскирет, күчү кетет. Кыргыз элинин салты адамзатты ааламдык саясатка жана салкын кандуулукка тарбиялайт. Биринчи маселе – кыргыз элинин касиетин, улуулугун өзүнө-өзүн таанытуу, андан соң бардык улуттар баш ийет, биригет.
Көкө Теңир 21-кылымды «Алтын доор» деп жарыялап, 2000-жылдан баштап бурулуш заманында улутуна, жашына, жынысына карабастан адамзатка улуу илим, касиет, ыйык кудурет, керемет ыйгарып жатат. Ошол себептен ар бир адам өз касиетине ылайык ыйман, жаңы жан дүйнө, кеңири түшүнүк, түбөлүктүү жол алып жашоого тийиш. Жаңы доордо инсан табигый мыйзамдардын талабын такай аткаруу менен, ар кандай кыйынчылыктан оңой кутулуп кете алат. Көкө Теңир адамдын тарыхына карабастан, анын касиетине, ишеничине, түшүнүгүнө, аракетине, сезим-туюмуна, касиеттүү аалам кабарын кабылдоосуна карап Теңирге тагдырын тапшырса, пендечилик жашоону экинчи орунга койсо, ошол инсанга илим, касиет берет. Жаңы замандын улуу кабары урпактарга буйрулгандан тартып эски замандагы адам эркиндиги жоюлду. Теңир күчтөрү күн өткөн сайын ар тараптан кысып, кылым мыйзамы күчөп, адам акылы эч бир негизги нерселерди чече да, жетектей да, токтото да албай калды. Мындай оор тагдырдан кутулуу үчүн ар бир адам (дүйнө эли) жаңы доордун табигый мыйзамын толук кабыл алып, тобосуна жанып, Жараткандан жардам сурап, эл арасынан суурулуп чыгып, чыныгы жашоо маңызын, улуулук маданиятын, Теңир буйругун, эки дүйнө келечегин, жаңы заман кабарын ар инсанга жарыяласа, Көкө Теңир ошол инсандарга кут жашоо, кең келечек тартуулайт, айтканы орундалат, элдик кызмат болот.
Алтын доор кабарын, өзгөчөлүгүн уккан инсан умтулууга милдеттүү. Ар бир үй-бүлө, ар бир адам доордун касиетин кабыл алыш үчүн табигый илим алуусу керек. Табигый илимсиз жаңы доордо жашоо улантууга мүмкүн эмес. Азыр Теңир менен адамзаттын ортосунда ыйман ылгоо, эсеп-кысап, чоң тазалоо, тактоо жүрүп, бал китептерде жазылган кыямат күн ушул деңгээлде өтүп жатат. Жол-жобо түшүп, адамзаттын ааламдык жана адамдык жашоосу эсеп-кысаптан өтсө, жаңы жашоого укук алат. Жаңы доордо жерди жана элди сактоо, тегиз жашоо үчүн Теңирдин куттуу илими гана ийгилигин берет. Эскиче саясат, партиялык систем, ар кандай агым диндер, атуу, камоо бийликтин кагаздан бүткөн мыйзамы, Бажы союзу, Европа союзу жардам бербейт. Ар ким өзүнүн өмүрү үчүн күрөшүү – күн тартибиндеги маанилүү иш, маселе. Теңир буйругун жазуу – тилмечтин милдети. Ал эми касиеттүү кабарды кабылдоо, коштоо, талкуулоо, элге жеткирүү, ар бир адамдын парзы. Табигый мыйзам, кабар тараткандыгы үчүн Теңир алдында күнөөгө батпайт, ал чоң сооп иш кылган болот. Себеби адашкан адамзатты агартуу, багыт көрсөтүү, милдет аткаруу – бул элдик кызмат. Эки дүйнөдө Эгеси сүйгөн адам деп эсептелет.
Бул кылым өзгөчө өтө сырдуу, көп кырдуу адамзатты кең түшүнүккө такап, пендечиликтен чыгарып, аргасыз көкүрөгүн ойготот. Адамзат бул касиеттүү 21-кылымды көкүрөк дээри менен изилдесе, изин таап ийгилигин, кызматын, ооматын көрмөк. Бул касиеттүү кылымда ар бир инсан аалам, Көкө Теңир астында жооптуу парз, милдет, кызматын сезбесе, өтө оор акыбалга келет.
Ар бир инсандын ички жан дүйнөсү жай бербей, бул жашоого тойбой сыгылып турганда ыйык Көктөн келген кеңеш баяндамаларды окуса, аткарса, ооматтуу жашоо тапмак. Жаңы заманда адамзат өзүнүн жашоого жаралуу максатын билбесе, жашоосу жардыланат, ден соолугу жараксыз болуп, жан дүйнөсү өчөт, сөзүнүн куну кетет. Түшүнүгүң канчалык кеңейсе, ошончолук оорудан, турмуш туткунунан бошоп, боштондукка чыгып, өмүрдү өзүң жетектейсиң. Адам өзү эч нерсенин ээси эмес, анын ээси ааламда, бир гана ааламга таазим этип, Жер эненин сырын билип, табигый илимди таратуучу касиеттүү тилмечтерден, өзөктүүлөрдөн илим, кеңеш, багыт, бата алып, түшүнүк кеңейтип, түш талабын аткарып, касиетке, акыретке ээ болот. 21-кылым адамзат үчүн өтө чоң акыреттик ачылышка бай, пендечилик жашоого баш ийбеген, жараткан менен жан дүйнө аркылуу сырдашуучу сырдуу кылым.
Асман, күн, ай, жылдыз, табият, зоо-таш, суу жана адам баласына берилген касиеттен жаралган жарыктагы иштер – керемет көзгө көрүнгөн кубулуштар деп аталат. Мисалы, таза ойлуу адамдар караңгы күчтөр менен сырдашып, ак жамгыр жаадырган – бул керемет. Кудурет – бул караңгы күчтөр, сыйкыр кереметтер. Кудайдын кудурети дегени ошондон. Касиет – чексиз энергия, сыйкыр күчтүн адам баласына ыйгарылышы касиет деп айтылат. Арбай – бул элес. Касиет – бул кызмат. Кудурет – бул күч. Теңир – бул тегиз дил. Кудай – кут-ай-ой. Кут – жарык нур. Молдо – момун, динди пир туткан убактылуу кызмат кылуучу пенде. Молдочулук акты тааныйт. Караңгы сырды – кереметти, касиетти тааныбайт. Намаз менен ыймандуулукту кармайт. Молдо өзүмчүлдүктү көп ойлойт. Сөздүн да оң-солу бар. Намаз – ыймандуулукту, пайгамбарларды пир тутуу. Аллахка таазим этүү, (ал–ак) акка иштейт, караңгы сырларга иштебейт. Караңгы сырлардын аныгына молдолор жетпейт.
Теңир – тегиз, теңдик. Ак-караны, жаман-жакшыны, оң-солду, аял-эркекти, Теңир ата менен Жер энени, акыл менен сезимди теңдеп турат. Караңгы сырларды улуу касиет менен күн адамы гана иштей алат (күн баштаар – кыргыздар). Күн баштаарда бардык күчтөр иштейт, бүт адамзатты өзүнө тартат.
Кыргыздын касиети кемибес дөөлөт, кетпес оомат. Кыргыз Теңирдин уюлу, бейиштин төрү. Кыргызчылыкта «Теңир колдосун» дегени «теңдик болсун» дегени. «Кой аксагы менен жүз», «жаманы болбой жакшысы болбойт» деп жетим-жесирин, жарым жандуусун журтка таштабай келген. Кыргызчылык – бул түшүнө, касиетине, кайып илимине (нике кайып, өлүм кайып), төлгө белгилерге карап учур чак менен жашоо. Шаманчылык (шам бала) – бул бата берүү, алуу, самап айтып жаратуу, бирөөнү ою менен боёо, дух берүү, ырым-жырым колдонуу, бирөөгө мээрим төгүү. Сыйкырчылык – бул улуу кыргыздын адамзатты аруулантып бириктиргени, табиятка сыйынып жетектегени , ааламды сыйкырлап башкарганы.
«Алп кара кушту атынан ата» дегендей, мен Теңир деп жазып, сүйлөсөм теңирчи деп чыгышты. Теңирчилик деген Кудайчылык же аалам мыйзамы деген сөз, же жалган саясатчылардын сөзү менен айтканда, Акаевчилер, Бакиевчилер дегендей. Теңирчилик, кыргызчылык дин эмес, кайыптан келген, ааламдан түшкөн улуу, түгөнбөс, теңдешсиз аяндар, кабарлар, акырет, Теңир сырлары, нур дүйнөнүн түпкү нускасы. Теңирчилик, кыргызчылык – бул дүйнө тааным.
21-кылымда табигый мыйзам түшкөндөн кийин адам тагдыры өз колуна тапшырылды. Себеби акыл токтоп, адам ааламдык сезим системине өтүп, өлүмгө өзөгү менен жооп бере турган болду. Ким эски эркиндигин колдонсо кор болот. Сезим – бул аалам менен адамды бириктирүүчү улуу күч. Ошол себептен пенде өз келечегин өзү түзүүчү жана ага өзү жоопкер.
Табигый илимди алуу жана аткаруунун айырмасы. Ички дүйнө илимин окуганда улуу жашоого жол табылат, ал эми аткаруу үчүн аракет, эрк керек. Аткаруу – аалам этикасына эркин калыптануу, дээр системине өтүү, сыйкыр кереметке ээ болуу. Окуу менен аткаруу тырышчаактыкты, зиректикти талап кылат.
Адамзат жаралганда аң сезими пас, чийки аш жеп, сүйлөө мүмкүнчүлүгү болбосо көптөгөн доорлордун, эволюциянын, эмгектин, тажрыйбанын негизинде 21-кылымда гени, сөөгү жетилип, бош жаткан кара куш мээси иштеп баштайт. Кара куш мээ – жаратуучулуктун ролун аткарат. Кара куш мээ иштеш үчүн улуу окуулар, чоң талкуулар, суроо-жооптор сөзсүз керек. Адамдын гени дене кутучасы жетилип, энергиясы толуп, дене кумарын, аял эркек ырахатын, ак-кара (инь-янь) гармониясын жерип, эң майда татаалдашкан ырахатты табияттан, ааламдан, түркүн жашоо мүмкүнчүлүктөрүнөн табат. Бул ырахатты сезим-туюму өөрчүгөн адам тез көрөт, пайдалана билет, утат. «Мен ак, ал кара, ал жаман, мен жакшы» деген түшүнүктөн, эмоциядан, кызуу кандуулуктан арылуу керек. Ал сезимдер өчпөсө энергия дене кутучаны күйгүзүп, аты жаман дарттарга чалдыктырат, сактоого кеч болуп калат.
Макаланы түшүнбөй, өзүн-өзү кулпулап, рамкага түшүп алган жан дүйнөсү жарды пенделер илимди, мени, өзгөчөлөрдү жаман дешүүдө. Анда сен жакшысыңбы? Президент, муфтий, агаң, жездең жакшыбы? Жаман адам жок, жан дүйнөсү жарды адамдар бар. Кудай, арбай, периштелер жерге түшүп, илим жазып жарчылык, тилмечтик кылбайт, адамзаттын аң сезими байлык-бийлик деп менчикке иштеп же айбанча өнүгүп, адамзат туңгуюкка такалганда улуу тоодон, карапайым элден бирөөлөрдү тандап алып, көктөн илим касиет берип, кыргызды ойготуп, адамзатты куткарып, улуттарды бир мыйзамга бириктирет. «Кызга кырк үйдөн тыюу» дегендей, ааламдык, кайып табигый илимдеринин максаты бирөө гана, ал – жер пендесин ыйманга чакыруу.
Ар бир адам улуу, ыйык, касиеттүү. Өз касиетиңди баалабаганың, бирөөнүн касиетине баа бербегениң сенин аң сезимиңдин артта калганы. Жан алып, жан салууга, кыргызчылыкты мыйзамдаштырууга, улутун жеригенди, тааныгысы келбегенди айыптоого, кырсыктатууга арбайлардын укугу бар. Элдин талабын күчөтүп, эч нерсеге баш ийбей турган деңгээлге жеткизүүгө (ок атылса да көксөгөнүн бербейт) арбайлардын укугу бар. Ар кимди кийип алып иштөөгө (окуганды, жаттаганды билбеген Үмөттүн манас айтышы) арбайлардын укугу бар. Илимдин өзөгүн жазган энени ачыкка алып чыккан мени да чоң жан кийген. Ааламдык илимге, мага сын койбо, Теңирден тетири кетпе. Пенде, жүзүмө караба, ичимдеги касиетке, сыртымдагы жөлөмө күчтөргө кара. Мен болгону ааламдык кызматымды аткарып жатам. Теңирдин, жогорку күчтөрдүн, өзөгү өскөн адамдардын алдында жүзүм жарык. «Касиеттүү адамдын назарынан калба, кырсыгасың, сөзүн угуп, батасын ала жүр» дейт карыялар.
Арбай тирүү, сен аны көрө албайсың, арам акыл-оюңду жоё албайсың, көөдөнүңдү көрктөндүр, акыретте арбай, адам экөөнү бөлө албайсың. Кудай, аба көзгө көрүнбөйт, Кудайдын ак оюнан табият, адам, күн, ай, жылдыз, он сегиз миң аалам, жандыктар жаралган. Аба куюнга айланып, адамзаттын тобосунан жандырып, кыйроо алып келет. Көзгө көрүнбөгөн күчтөрдөн көзгө көрүнгөн нерселер жаралат. Арбак ыраазы болмоюнча тирүүнүн иши жүрбөйт.
Табият – Кудайдын көзгө көрүнгөн керемети. Табият ар бир секунддагы жашооңо күбө. Табият Кудайдын адамзат үчүн тынымсыз кам көрүү кызматына ыйгарылган. Улуу кыргыз табият менен тирешпей, тирүүсүндө кам көрүп, өлгөнүндө сөөгүн өзүнө жашырып алган Жер эне менен пикирлеш, сырдаш болгон. Жер эне Теңирдин көчүрмөсү, саатына жер ааламга көңүл бөлөт, мээрим төгөт. Адам Көктүн жердеги көчүрмөсү, ак ойлон, чындыкты сүйлө, тобоңо жан, калыс бол. Тобосуна жанган адамдын жан дүйнөсү токтоосуз өсөт. Калыс адамды касиет жылоолойт. Ниети жакшы, ак ойлонгон адамдын жүзү нурданат, жашарат, өмүрү узарат.
21-кылымда адамзат абаны туура пайдаланышы керек. Себеби абада өмүр булагы, акыл-эс, ден соолук, жаңы идеялар, тазалык булагы, келечек чырагы бар. Абага туура мамиле жасоо үчүн адам психологиясын кайра курууга жоопкер. Психологияны кайра куруу үчүн сезим-туюм өтө тез өнүгүшү керек. Терс сөздөрдү, ойлорду жоюп, ойду иреттөө, коомдо айтылган жараксыз сөздөрдүн маанисин туура кабылдоо. Дайыма ойду туруктуу, тынчтыкта сактоо зарыл. Эч нерсени кыйратпоо, тескерисинче, куруп, боёп жомоктоштуруп, жашоону өз чегинде кармап турууга ар бир адам милдеттүү. Сенин чөйрөңдөгү жакшы-жамандын баары өзүңдүн эле оюңдун, психологияңдын жыйынтыгы. Кимдин ою тунук болсо, улуу ойлорду көп ойлонсо, өзүн-өзү соттоп, тарбиялап, жараксыз кыял жоругун жоюп турса, ошол инсандын орду бийик болот. Адамдын жаратуучулугу иштеп баштаганда сезимиңе түшкөн адам коңгуроо кылса, тууган-таанышыңды кеп кылсаң, үйгө келип калат. Жаман оюңарды, сөзүңөрдү жойгула, орундап калат. Адамзаттын ички жан дүйнөсүндөгү мүнөзү табиятка, ааламга түздөн-түз таасир этет. Улуу чындык ааламдашуу мыйзамы – бул жалган жашоого киришкенде ар бир инсандын чөйрөдөгү орду, кызматы аныкталып, өз касиетинен ашыкча иш аткара албайт.
Аба (духов возит) өз эсебин баштады. Абанын курамы өзгөрүп, ар бир инсандын терс сапаттары, арам ойлору ишке ашпай, эч кимге жамандык кыла албай өзүнө таасир этип талкаланат.
Ушул жылдан баштап психологиялык кыргын бурулушу башталды десек болот. Психологиялык өлүм өтө көп болот. Себеби адам эски түшүнүгүн өлтүрүп, өзүн жаратып, оюн иреттеп көнгөн эмес. Жаратып жашоо, байлыксыз жашоо, бийликсиз жашоо, аял-эркек ырахатын жоюп жашоо сыяктуу психологиялык кыйынчылыктарды басып өтүү керек. Бирин-бири колдоо, сыйлоо. Жамандашканыңды унутуп бирөөнү жаңыдан кабылдоо үчүн көптөгөн ички дүйнө бурулушу бар. Ички жан дүйнөнү өлтүрүү, жаңы түшүнүк менен тирилүү, жакшы ойлорду ойлоо, тилсиз жаратылыш менен сүйлөшүүгө жетүүгө ар бир адам жоопкер. Бул бурулушка, жаңы психологияга карапайым, эмгекчил калк тез өтөт. Себеби, алар табигый жол менен өнүккөн. Бул жаңы доордун көптөгөн улуу шарттарынын 60 пайызы кыргызчылыкта, теңирчиликте бар. Ошондуктан байыркы улуу кыргыз элинин бул кылымда башчылык кылуу орду чоң.
Адамдын гени жетилгенде сырттан эч нерсе кабылдабай, сөөгүнөн, денесинен энергия бөлүп чыгат. Мурун бир койдун, бир тайдын этин жеген аталар бар экенин укчубуз. Азыр бир жилик этти толук жеген адам жок, сары май, майлуу эт желбей калды. «Эркектин үстүнөн аттаба» дегендей, адамзат абадагы энергиядан 60 пайыз тамактанып, улуу сүкүттөн чоң ырахат ала баштайт. Кара куш мээде жаратуучулук, жакшы ой иштегенде көкүрөгүңдөгү ишеним да иштейт. Андан соң ойдогу иштер орундалат.
Учур чак менен жашап-үйрөнүүнүн өзү зор эмгекти, эркти талап кылат. Ички дүйнөнү иреттөө үчүн күнүгө кечинде максат коюп, эски адатты жокко чыгаруу керек. Учур чак күчүнө киргенде адамдын ою өтө чоң роль ойнойт. Жакшылыкка иштеген о дүйнөнү тез эле бир багытка өткөзөт. Бул пендечилик жашоодо адамзаттан башка улуу, ыйык, күчтүү, эмгекчил, эсеп-кысапты туура иштеткен эч бир күч жок. Адам өзүн таанып, чыныгы жүзүн таап, болгон касиет кереметин колдонуп улуу жашоого өтөт.

(Уландысы бар)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Dalil
2014-11-24 09:42:06
Кыскасы зима не будеть.
+3
sagyn01
2014-11-24 17:55:19
Dalil, :-)) ,
0
berdikul
2014-11-24 20:34:58
men bul kiwini jakwy insan dep oilochumumun. kaidagy akylga syibagan sozdordu ilim dep tantyp jurgonuno zeenim keiiit. Arstan myrza jalgan-jawykty, kozunuzgo korungon jin-waitandyn sozun tantyp eldin iwenimini buzbanyz. Allax bergen islam dinine kaira kaityp tooba keltirininz!!!!!
+3
altynaiB
2014-11-26 13:35:52
Канча аракет кылсам да тушунбодум негедир же конул койбодумбу билбейм.
0
TolonturCN
2014-11-26 21:05:18
Je din emes, je filosofia, je ideologia emes ele ech ele kolgo toktobogon birdekeni, sandyrakty elge jaiyltyp keletat ushul kishi.
+1
umar92
2014-11-26 22:16:05
оозуна келгенди оттоптурго ширк! суперчилер ушунун интерьвюсун чыгарбай койсонор анча сооп иш кылган болот еленер
+2
Kg.lady
2014-11-26 23:55:46
Аягына чейин окууга нерв кургур тутпой кетти. Жердеги адамдар кудайдын кочурмосу дейби, шумдугун кур!)
Ток этерин айтынызчы, ток этерин!
+2
kalbek87
2014-11-27 02:05:32
Охх, 2014-жылдын супер макаласы! Окусан нерв ойнойт тишин кычырайт. Ким жазалат мындай макааланы
+2
kalbek87
2014-11-27 02:20:02
Арстаке, сиз ден солукту каратып коюнуз
+1
kurstan-ali
2014-11-27 19:14:55
Создору тим эле октой! Бирок тушунгон жокмун Аристократтын айткандарын! Бул киши Казахстандын келечегин айтып берип,казактардыда ойго салган! Менин тан калганым бул адам космостон информация алат имиш. Бул жашоодо, жер жузундо эмне болоорун жалгыз гана Аллах билет.
0
sezimay
2014-11-28 20:36:48
тушунуксуз аягына чейин окуй албадым бул кишинин максаты не эмнени айткысы келди ким тушундуу
0
zulik_julik.kg
2014-11-30 14:17:32
бир соз менен ХХХ
0
admin_media
2014-12-01 16:28:16
zulik_julik.kg,
Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
tebessum
2014-11-30 15:10:31
Problemy etogo mira mogut byt' resheny tol'ko sleduya instrukciyam sozdatelya etogo mira! Allahu Akbar
0
admin_media
2014-12-01 16:28:25
jark23,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан