Банктардан насыя алуунун жол-жоболорун билбеген жарандарыбыздын саны арбын. Буга чейин насыя алуу боюнча окурмандардын суроолоруна банк адисинен жооп алып бергенбиз. Окурмандардан дагы да көптөгөн суроолор түшүп, аларга "Бакай Банк" АККсынын насыя берүү бөлүмүнүн адиси ГҮЛШАЙЫР МАМАТОВА жооп берет.
«НАСЫЯГА ҮЙ АЛАЙЫН ДЕГЕМ...»
– Тааныштарымдан "насыяга үй алдым" деп көп угам. Менин үйүм жок. Насыяны кантип алсам болот? Кандай шарттар менен, канча жылга чейин, канча пайыз менен берилет?
Азия, Ош.
-Насыяны бизнеси же туруктуу айлык акысы бар жарандар ала алышат. Үйдүн баасынын 40 пайызы өзүндө болушу керек. Калган сумманы банк бере алат. Эгерде сизде күрөөгө коюуга кошумча кыймылсыз мүлк болсо, сиз банктан үйдүн баасынын толук суммасын алсаӊыз болот. Насыяны бергенден мурун банк сиздин кирешеӊизалган акчаны төлөөгө жетиштүү экенин карап көрөт. Мөөнөтү 10 жылга чейин. Ал эми пайызы насыянын суммасына жана мөөнөтүнө жараша болот.
«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеӊештерге муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg