БЫЙЫЛ КЫШ КАНДАЙ БОЛОТ?

Силер билесиңерби?

Табияттын жаман аба ырайы жок

Кыргызстандын табияты эң сонун. Мына жылдын төрт мезгилин эле алалы. Кышы-кыштай, жайы-жайдай. Ак төөнүн карды жарылган күзүчү... Ошентсе да баарыбызды жыл сайын күз аяктап баратканда “быйыл кыш кандай болот?” деген суроо тынчытпайт. Биз да бул суроого жооп издедик.

СИНОПТИКТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Кыргызстан синоптиктеринин аба ырайына карата берген божомолдору дайыма эле так келе бербеси жалпыга маалым. Ошентсе да жалпы жоромолду билип алууга болот. “Жалпы кыш мезгили боюнча божомол айта албайбыз. Мындай жоромолду Кыргызстан эмес, бүткүл Борбор Азияда эч бир мамлекеттин синоптиктери жасай алышпайт. Биз, болгону, бир айга алдын ала жоромол жасайбыз”,- деп билдирет Гидрометеорология башкы башкармалыгынын аба ырайын алдын ала жоромолдоо бөлүмүнүн кызматкери Махбуба Касымова.
Ошентип, синоптиктердин айтымында, декабрь айында абанын температурасы республикабыздын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан ашпайт. Чүй, Талас облустарында декабрь ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0 -5 градус сууктан -11 -16 градуска чейин болсо, күндүзү 0 -5 градус сууктан +7 +12 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу эмес аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -1 -6 градустан 0 +5 градуска чейин термелип турса, күндүзү +1 +6 градустан +6 +11 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.
Нарын облусунун аймактарында аяз түнкүсүн -2 -7 градус сууктан -25 -30 градуска чейин жетиши мүмкүн. Күндүзү 0 -5 градустан -13 -18 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Ысык-Көл өрөөнүндө да декабрь ичинде суук жылдагы нормадан ашпайт. Алсак, абанын температурасы түнкүсүн -2 -3 градус сууктан -5 -10 градус суукка чейин термелип турса, күндүзү -2 градус сууктан +8 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.
Кыштын биринчи айында жаан-чачын көпчүлүк аймактарда жылдагы нормадан көбүрөөк болот.

КЫРГЫЗСТАНДА ДЕКАБРЬ АЙЫ

Жылуу болгон жылдар

  • 1971-жылы декабрдын 15инде күн +23,3 градус ысык болгон. Андыктан бул күнү көчөдөн пальтолорун колуна көтөрүп жүргөндөрдү көрүүгө болот эле.
  • 1988, 1989, 1999-жылдары декабрда күндүзү аба ырайынын +15 +20 градуска чейин жылуу болгон учурлары кездешкен.

Суук болгон жылдар

  • 1930-жылы 20-декабрда -34,4 градус суук болгон.
  • 1974, 1976, 1984-жылдары декабр­да -24, -28 градус суук өкүм сүргөн. Бак-дарактарды бубак басып, чыкыроон адамдардын үшүн алган.

ЭЛДИК ИШЕНИМДЕРГЕ КАЙРЫЛСАК...

Кыргыз эли илгертеден метеорологдордун жоромолусуз эле күн кандай болорун алдын ала билип, ошого жараша кам көрө алышкан. Курт-кумурскалар, куштар, бак-дарак, жаныбарлар ата-бабаларга аба ырайын алдын ала билдирүүчү курал болуп берген. Куштардын учканын, курт-кумурсканын кыймылын же бак-дарактын кантип саргайып, жалбырак таштаганына баам салып эле келерки кыш, жаз кандай болорун биле алышкан. Төмөндө алардын айрымдарына токтоло кетсек.

  • Кышкысын эртең менен бак-даракка калың аяз туруп калган болсо, күн ачык болот.
  • Эгер түнкүсүн же таң эрте билинер-билинбес шамал жүрүп, кар элеп жаап турса, эртеси күн ачык, карандай суук болот.
  • Эгер жаңырган ай түнкүсүн ачык жарык берип турса, бул ай ичи күн ачык болот. Тескерисинче, бозомук тартып, айланасын шакекче туман каптап турса, бул айда кар көп жаайт.
  • Кышкысын булуттар тилке-тилке болуп тизиле баштаса, жакынкы убакта күн жылыйт деп билүүгө болот.
  • Кар кечке жуук жаабай токтоп, бирок асман түнөргөн боюнча калса, эртеси кар калың түшөт.
  • Эгер мышык кеч күздөн тартып буту менен тумшугун жаап, башына куйругун тийгизип уктай баштаса, бул жылы кыш оор, катаал болот. Тескерисинче, буттары менен адаттагыдан көбүрөөк бети-башын сылап, жууй баштаса, бөлмөдө куйрукту артка жазып таштап, кенен уктаса кыш жылуу, жеңил өтөт.
  • Күзүндө кумурскалар уюгунан чыккан топуракты додо кылып үйө башташса, бул жылы кыш катаал болорун күтүңүз.
  • Эмендерде желим адаттагыдан көп экени байкалса, анда кыш жылуу, жыл түшүмдүү болот.
  • Күздүн ортосунда чагылган чартылдап күн күркүрөсө, бул жылы кыш жылуу болуп, жаз эрте келет.
  • Октябрдын аягына чейин кайың­дардын жалбырагы түшүп бүтпөсө, бул жылы кар кеч түшөт.
  • Декабрь ичи кар аз жаап, кургак суук күчөсө, келерки жаз, жай кургакчыл болот. Тескерисинче, бул ай жаанчыл, бирок жылуу болсо, кыш узак болуп жаз кеч келет да, жыл түшүмдүү болот.
  • Биринчи жааган кар калың түшүп, суулуу болсо жай жаанчыл, эгер кар жеңил, кургак болсо жай кургакчыл болот.

Орусиялык синоптиктер быйыл кыш былтыркыдан катаал, суук болорун айтышууда. Тилекке каршы, Кыргызгидромет үч айга карай алдын ала жоромол кыла албайт. Андыктан элдик ишенимге таянып, декабрь ичи аба ырайы жаанчыл, бирок жылуу болсун деп тилейли. Анткени жыл түшүмдүү болот.


Жылмайып коюңуз!

Синоптик катчы кызга келерки күндүн аба ырайын окуп берип жаздырууда.
– Жекшемби күнү жаан жаайт, абанын темпера­турасы...
– Ай-ата! Мен жигитим менен жолугуп, сейил бакта сейилдейин дебедим беле?!
– Андайың бар беле? Макул, анда жаан жаайт дегенин өчүрүп сал.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

СИЗГЕ ЖЫЛДЫН КАЙСЫ МЕЗГИЛИ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЖАГАТ?

Аида, 19 жашта, студент:
– Мага күз жана жаз мезгили жагат. Анткени жашоомдо болгон жакшылыктардын баары негедир жылдын ушул мезгилдерине туш келет. Жазында жаңы жашоо башталат. Ал эми күзүндө той-топурлар көп болуп, элдин да маанайы ушул мезгилде өзгөчө жайдары сезилет.

Эсен, 50 жашта, менеджер:
– Мага бардык мезгил жагат. Ар бир мезгилдин адамзатына пайдалуу жактары бар. Мисалы, жазында айдоо иштери башталса, жайында алар бышат, күзүндө жыйнап алабыз. Ал эми кышта жааган кар кийинки түшүмдүн камын көрөт. Ар бир жыл мезгили өзүнчө керемет.

Фатима, 37 жашта, жеке ишкер:
– Жай мезгилине не жетсин. Жайында көп жумуштар бүтөт эмеспи. Мисалы, курулуш иштери башталат. Кээ бирлер бүтпөй жаткан үйлөрүн бүтүрүп алышат. Дасторконуңда жер-жемиштин түрү жайнап дегендей. Жыл бою иштеп чарчагандар эс алууга чыгышат.

Топчубай, 43 жашта, мугалим:
– Ар бир мезгилдин мага жаккан жана жакпаган жактары бар. Мисалы, кыштын кымбатчылыгы, суугу, жайдын мээ кайнаткан аптабы, жаздын жаанчылдыгы, күздүн бирде суук, бирде ысык болуп кеткени жакпайт. Ушулары эле болбосо, ар бир мезгил өзүнчө кызыктуу.

Нурзат, 26 жашта, тарых мугалими:
– Кышында аппак кар жаап турса, жомоктой көрүнөт. Негизи, кар абаны тазалайт эмеспи. Бишкек шаарыбыздын үстүн жайкысын карасаң, тим эле кара түтүн чулгап турат. Кышкысын бул түтүн кадимкидей суюла түшөт. Адамдар да кышында чыйрак, сергек болуп калышат.

Улан, 30 жашта, юрист:
– Эң жаман көргөн жыл мезгилим – кыш. Баарынан да мага калың кийинген жакпайт. Жер үйдөгүлөрдө көмүр алыш керек деген баш оорутуу башталат. Светти да кычап кышында өчүрө башташат. Жай мезгили абдан жагат. Жашоо да жеңилдеп калат.

Айнагүл, 47 жашта, ашпозчу:
– Мага кыш абдан жагат. Кышында кар жаап турса, жылуу кийинип алып сейилдегенди абдан жактырам. Мындай сейилдөөдөн кийин өзүңдү жашарып калгандай сезесиң.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
юрист
2009-12-14 11:41:35
Баарынан да анектод жакты.
0
Robingud
2009-12-14 17:04:59
Ar kimge ar bawka mezgil jagat.Maga bolso JAZDIN ordu ozgo4o.bak-darak burdop,terebel jawarip,aytor,aytayin desen korkom soz,tartayin desen tustuu boyok azdik kylat.Anan da "SUYUULOR tak uwul jazda bawtalat emespi".
0
jazka
2009-12-16 05:52:47
Мага жай жагат!:)
0
Esenkojo Esen
2009-12-19 17:17:26
maga jayinda bagyp , kuzundo terip , kyshynda jegen ALMA jagat:)
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан