Иштеп чарчап, анан дагы күндүн ысыгынан жүдөп, Ысык-Көлгө барып эс алып келсем деп жүргөн чагыңызбы? Бирок кайда барып, канча суммага эс алууга болорун биле албай жатасызбы? Сиздер үчүн көлдөгү пансионаттар, эс алуу жайлары боюнча маалымдама даярдадык. Сизге чемоданды жыйноо, анан жолго чыгуу гана калды.
ЖЕКЕ МЕНЧИК ҮЙЛӨР
Стандарт – 300 сомдон жогору (1 кишиге). Тамак жасоого ашканасы бар
Люкс – 700 сомдон жогору (1 кишиге). Тамагына өзүнчө – 700 сомдун тегерегинде
Боз үй – 200 сомдон жогору (1 кишиге). Бир күнгө 1000 сом. Тамагы өзүнчө
УНАА БААЛАРЫ
(Бишкектеги батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде 1 адамга)
Бишкек-Балыкчы
Такси – 350 сом
Кичи автобус – 200 сом
Автобус – 144 сом
Бишкек-Чолпон-Ата
Такси – 550 сом
Кичи автобус – 270 сом
Автобус – 210 сом
Бишкек-Каракол
Такси – 650-700 сом
Кичи автобус – 347 сом
Автобус – 320 сом
Бишкек-Кажы-Сай
Такси – 550 сом
Кичи автобус – 250 сом
Автобус – 210 сом
САМОЛЁТ
Ысык-Көлдүн «Тамчы» аэропорту.
Алматы-Тамчы, Тамчы-Алматы аба каттамдары 2015-жылдын 3-июлунан тарта (дүйшөмбү, жума күндөрү 2 рейстен, билет баасы бир багытка 3-4 миң сом);
Ош-Тамчы, Тамчы-Ош аба каттамдары (жума жана жекшемби күндөрү 1 рейстен, билет баасы бир багытка 2800 сом).
Жакын аралыкта Орусия (Новосибирск), Өзбекстан (Ташкент) аба каттамдары ачылат деген пландар бар.
ПОЕЗД
Бишкек-Балыкчы, Балыкчы-Бишкек каттамы, бир багытка 70 сом. Каттоочу күндөрү: жума, ишемби, жекшемби. Бишкектен эртең мененки 6:40та жөнөйт.
ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫ
Стол тенниси – 100 сомдон өйдө (саатына)
Бильярд – 250-500 сом (саатына)
Караоке – 400-500 сом (саатына)
Интернет зал – 70 сомдон өйдө (саатына)
Кинозал – 150 сомдон өйдө (1 кишиге)
Концерт – 150 сомдон жогору (1 кишиге)
Дискотека – 200 сомдон жогору (1 кишиге)
Бассейн жана машыгуу залы – 200 сомдон жогору (саатына)
Сауна – 800 сомдон жогору (саатына)
Массаж – 200 сомдон жогору
Карусель – 150 сомдон жогору 15 мүнөт
Велосипед – 100-150 сом (саатына)
Кайык – 100-150 сом (саатына)
Банан – 200 сомдон жогору (1 кишиге)
Скутер – 700-800 сом (5 мүнөткө)
Катер – 300 сомдон жогору (саатына)
Парашют – 1000 сомдон жогору (1 кишиге, 1 жолку учууга)
Катамаран – 150 сомдон өйдө (саатына)
Теплоход – 15 000 сом (саатына), 500-600 сом (1 кишиге)
Дайвинг – 2000 сомдон өйдө (саатына)
Көлмөдө балык уулоо – 1000 сомдон өйдө (1 кишиге), тоо сууларында 1500 сом (кайырмак берилет)
Парустуу яхта – 2000 сомдон өйдө (1 кишиге)
Тир – 1 ок 5 сомдон жогору
Күн тоскуч – 100 сомдон жогору (саатына)
САЯКАТТООНУ ДА УНУТПАҢЫЗ
Чолпон-Ата шаарынан көлдү айланууга багытталган тур боюнча сөз кылалы. Төмөндө көрсөтүлгөн суммага гид жана унаа акысы кирет. Тамак-аш өзүңүздөн. Болжол менен 300 сомго тамактанасыз. Бул кыдырууда балык уулоо 600 сомдон өйдө болсо, куш менен сүрөткө түшүү 150 сомдон жогору.
Чоң-Ак-Суу капчыгайы (Григорьевское ущелье) – 500 сомдон өйдө (1 кишиге)
Кырчын жайлоосу (Семёновское ущелье) – 600сомдон өйдө (1 кишиге)
Көлдү айланып чыгуу – 2500-3500 сом (1 кишиге, Каракол шаары, Барскоон шаркыратмасы, Жети-Өгүздөгү жарылган жүрөк тоосу, «Жомок» кууш өрөөнү)
Туздуу көл – 1000 сомдон өйдө (1 кишиге)
Жер алдынан чыккан жылуу суу – 500 сомдон өйдө, түшүү үчүн 200 сом (1 кишиге, Чок-Тал, Сары-Ой, Өрүктү айылдары) Каркыра жайлоосу – 1000 сомдон жогору (1 кишиге)
Кочкордогу «Чоң-Туз» дарылык туз шахтасы – 1500 сом (1 кишиге)
Шоп тур «Дордой» – 1000 сом (1 кишиге, эртең менен 5.30да чыгып Бишкектеги «Дордой» базарынан соода кылып, кайра кечки саат 7ге келип калуу).
Канымжан Усупбекова,
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg