«ЭЛДИК ЛОТЕРЕЯ» КОМПАНИЯСЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ОКУЯЛАРГА БАЙЛАНЫШТУУ КООМЧУЛУККА ЖАНА ММКЛАРГА КАЙРЫЛУУСУ

«Элдик Лотерея» компаниясы айланасындагы чындыкка дал келбеген абал тууралуу коомчулукка маалымдайт.
«Элдик Лотереяны» бир топ убактан бери негизсиз жана далилсиз каралап келе жатышат. Такталбаган маалыматтар басма сөз каражаттары аркылуу таралууда. Биз булардын артында ким турганын жана эмне максатты көздөп жатканын билбейбиз.
2015-жылдын 26-июнунда «Райдер Ассошиэйтс Лимитед» ААКсынын тышкы байланыштар боюнча директорунун милдетин аткаруучусу, бирок лотерея ишмердүүлүгү боюнча адис болуп эмгектенип жаткан Түркия Республикасынын жараны Танжу Кылыч ЖПКнын 95-беренесине ылайык кармалган. Ошондой эле компаниянын бухгалтери Мээрим Сыркынты да кармалган. Кылмыш ишинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчилерине карата ачылганын да баса белгилеп кетмекчибиз.
2015-жылдын 27-июнунда Танжу Кылыч менен Мээрим Сыркынтыга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 30-304-беренесинин 4-бөлүмү жана 303-беренесинин 1-2-бөлүмүнө ылайык, кылмыш жасаган деп күнөө коюлуп, ошол эле күнү баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими чыкты.
Баш коргоо чарасын белгилеп жатканда сот кылмыш жоопкерчилигине тартуудагы мыйзамдуулукту дагы, күнөөлөрдүн тастыкталышын дагы эске албастан, ЖПКнын 110-статьясын гана карманып өтө оор кылмыш болгондугун белгиледи да, Танжу Кылычтын Кыргыз Республикасынын жараны болбогондугуна таянды.
Танжу Кылычка негизсиз жана далилсиз күнөө коюлганын, бул күнөөлөр тергөөнүн божомолдору, фантазиялары жана боолголооруна гана негизделгенин баса белгилейбиз.Тергөө тарабынан мындай өтө оор кылмышты жасагандыгына байланыштуу айып тагып жаткан учурда Танжу Кылычтын күнөөсүн тастыктай турган эч кандай далилдери жок эле.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп турган Ю.Тойчубеков азыр издөөдө.Биз билгендей, Танжу Кылычка тиешелүү ал эч кандай көрсөтмөлөрдү берген эмес. Тойчубеков менен Кылычтын ортосундагы кандайдыр бир кылмыштуу пикирдин аркасында Танжу Кылычтын иш-аракетиндеги кылмыштуулуктун келип чыгыш божомолу да тергөө органдарынын гана фантазиясынын натыйжасы десек болот.
Биз миӊдеген жумушчу орундарын түзгөн, Кыргызстандын экономикасына инвестиция алып келген жана Кыргыз Республикасынын бюджетине ондогон миллион сом салым кошкон компаниябыздын ишмердүүлүгүн токтотууну көздөгөн кишилер тууралуу билгибиз келет.
«Элдик Лотереянын» ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасы катары жарандарга төлөнгөн утуштардын суммасы 450 миллиондон ашуун сом экенин баса белгилейбиз. Кошумча нарк салыгы, сатыктан түшкөн салык жана социалдык фондго 87 миллион сомго жакын төлөмдөр боюнча бардык милдеттемелерибизди аткардык. «Элдик Лотереянын» тираждык ойнотууларынын негизинде Кыргызстанда 31 миллионер пайда болду.
Биздин компания бизге коюлган айыптоолорго макул эместигин билдирет. Биздин күнөөсүз экендигибиздин далилдери компаниябыздын веб-баракчасында
http://lottery.kg жана бул кайрылууга тиркелген. Бул далилдер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий органдары тарабынан берилген документтер болуп саналат.
Акыркы учурда телевидение, гезит жана маалымат порталдарында активдүү талаш-тартышты жаратып жаткан түшкөн кирешенин 10 пайыздык төлөмү тууралуу маселеге
түшүндүрмө беребиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 2014-жылдын 15-апрели №12-1/692-чыгыш каты менен Кыргыз Республикасынын «Салык эмес төлөмдөр боюнча» мыйзамынын өзгөрүүлөрүнө таянып, «Элдик Лотерея» компаниясын өткөрүлгөн лотереядан түшкөн кирешенин 10 пайыздык төлөмүн төлөөдөн расмий түрдө бошоткондугун маалымдайбыз. Документ менен төмөнкү даректен тааныша аласыздар: http://lottery.kg
Лотерея ишмердүүлүгү менен алектенген башка фирмалардын да дал ушундай 10 пайыздык төлөмдөрдөн бошотуу тууралуу уруксат кагаздары бар. Алар дагы бюджетке төлөмдөрдү төлөбөгөндүгүнө карабастан тергөө бул бирдей иш-аракетти ар кандай баалап, аларды актап, бизди күнөөлөп жатат.
Биздин компания кирешелерин жашырган эмес, бардык отчёттор өз убагында салык органдарына тапшырылып турган.
Төлөнүшү керек болгон, бирок убагында төлөнбөй калган 31 511 811 сом мамлекеттен жашырылган эмес, же болбосо мамлекеттен уурдалган эмес, андыктан бул сумма эч кандай мамлекетке келтирилген зыян катары эсептелбейт.
Убагында төлөнбөй калган салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр үчүн административдик жоопкерчилик каралган жана ар бир кечиктирилген күн үчүн туум жазылат. Бирок буга карабастан Кыргыз Республикасынын ИИМ БТБнын биринчи талабына ылайык, биздин компания
31 511 811 сомду толугу менен төлөп берди. Бул факт дагы «Элдик лотерея» компаниясынын мамлекеттик органдар тарабынан коюлган бардык талаптарды (биринчи учурда госфиннадзор тарабынан, экинчи учурда ИИМ БТБ тарабынан коюлган талаптарды) аткаруу менен мыйзам чегинде ишмердүүлүк жүргүзөрүн тастыктайт.
Компания өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуулуктун негизинде уюштуруп, мыйзамдын ченемдери менен иш алып барат. Анткени компаниябыздын таза наамы жана имиджи баарынан бийик турат.»Элдик Лотерея» өз ишмердүүлүгүн тиешелүү лицензиялары болбой туруп жүргүзүп жатат, айтылган сөздөр да чындыкка дал келбейт. «Супер 3», «Мега 3», «Гипер 4», «Белек», «Береке» лотерея оюндарынын лицензиялары менен бул жактан таанышсаӊыздар болот: http://lottery.kg/posts/49
Азыркы учурда Танжу Кылычтын жок болгондугуна байланыштуу компаниянын ишмердүүлүгү токтоп калды, кызматкерлер акысыз эмгек өргүүлөрүнө жөнөтүлдү. Андыктан мамлекеттик бюджетке биздин пенсионерлер менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамы тие турган көп төлөмдөр төлөнбөй калды.
Биз элди, адилеттүүлүктү жана мыйзамды туу туткан бийлик өкүлдөрүнө – Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри урматтуу Темир Аргенбаевич Сариевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарына жана кыргыз элине «Элдик Лотереяны» каралоо жана ишмердүүлүгүн дестабилдештирүү кампаниясын уюштуруучуларын табуу жана бул маселени адилеттүү жана объективдүү чечүү боюнча жардам сурап кайрылабыз.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович жана Темир Аргенбаевич!
«Элдик лотерея» компаниясы сиздерге кыргыз элинин өркүндөп өсүшү үчүн өз каражатын жана күчүн аябай салым кошо турган чет мамлекеттик инвестор катары кайрылып жатат. Бул окуянын чын-төгүнүнө жетүүгө, биздин компаниябызга тиешелүү мыйзамдуулук менен адилеттүүлүктүн орношуна жардам берүүӊүздөрдү өтүнөбүз. Айрыкча белгисиз күчтөр тарабынан биздин компанияны рейдерлик тартып алуудан сактап калууӊуздарды суранабыз. Буга башкача ат берүү кыйын.
Бул маселе боюнча мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгарарыӊыздарга ишенимибиз зор.
Ошондой эле биз социалдык абалын мындан ары да жакшыртууну, келечегине салым кошууну көздөгөн кыргыз элинин колдоосуна ишенебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Adilet2014
2015-08-11 10:33:50
Кыргызстанда бир нерсени баштап байып кетсен эле арканан текшеруу. Башка болуп кетет ээ
+1
Elizakyshova
2015-08-17 01:09:13
Короче бирин бири коро албай эле подстава эле кыла беришет,
0
damir.1984
2017-07-10 09:35:13
бугун10июлда ойноло труган элдик лотерия эми эмне
болот ойнлобой калабы
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан