«АТА МЕКЕН» ЖАНА «КҮЧТҮҮ КЫРГЫЗСТАН» ПАРТИЯЛАРЫНЫН БИЛДИРҮҮСҮ

«Ата Мекен» жана «Күчтүү Кыргызстан» саясий партиялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине болчу шайлоо алдындагы түзүлгөн саясий кырдаалды эске алып, боло турган бул маанилүү саясий кампанияда жана андан кийин дагы биргеликте иш алып баруу чечимине келип отурушат.
Мындай чечим партиялардын саясий платформаларында белгиленген негизги маселелер боюнча пикирлери дал келгендиктен келип чыкты.
Саясий платформалар мыйзам үстөмдүгү идеясынын негизине таянат. Мамлекеттин бүтүндүгү, уюшулган кылмыш жана терроризм менен күрөшүү, бийлик менен криминалдын жуурулушуп кетишине жол бербөө – ар дайым биздин партиялардын көӊүл борборунда.
Мамлекеттик башкаруу тармагында биз саясий реформаларды улантып, парламенттик демократия жолу менен бара беребиз. Мамлекеттик институттар адам укугун демократиялык өлкөнүн эӊ башкы байлыгы катары туу тутушу зарыл. Биз мамлекеттик башкарууда жаӊы салтты көрсөтүүгө даярбыз. Анда кесипкөйлүккө гана таянып, баарын ачык көрсөтүп, эл алдында жооп берип турууну, чынчылдык, адамдык жогорку моралдык сапаттар, руханий нарк-насилди алып жүрүүнү милдетибиз деп санайбыз.
«Ата Мекен» социалисттик партиясы менен «Күчтүү Кыргызстан» саясий партиясынын эӊ негизги багыттары – коррупция менен күрөшүү, сот реформасы, экономиканы жаӊылоо, жакырчылыкты жоюу, жаӊы инновациялардын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү, аялзаты менен жаштардын маселелерин чечүү болуп саналат.
Биздин партияларды мыйзамдуулук менен жоопкерчиликке негизделген күчтүү мамлекетти куруу идеясы бириктирип турат. Партияларыбыздын мүчөлөрү бир ооздон жетишкен күчтүү Кыргызстанда жашагылары келерин жашырбай, ал үчүн болгон аракеттерин кыларын айтып келишет. Биздин партиялаштар казаны кайнабаган калп менен күрөшүп, өтө пастыкка, ыймансыздыкка, жеке кызыкчылыкка сугарылган саясатка каршы турууга даяр.
Биз биргеликте өлкөнү өзгөртүп, башкаруу системасын, калыптанган адаттарды өзгөртүп, мамлекеттик кызматкерлердин, укук сакчылардын, ишкерлердин, өзүбүздүн да жүрүм-турумдарыбыздан бери өзөктүү өзгөртүшүбүз зарыл.
Ошондуктан биз жоопкерчиликтүү, ар маселеге өз көз карашы бар, жарандардын жалпы кабыл алынган каада-салтын сыйлаган, өзүнүн күнүмдүк майда кызыкчылыгынан ар-намысын жогору койгон журт кулундарына таянабыз.
Биз таза шайлоо үчүн! Шайлоонун жыйынтыгында кайсы бир партия эмес, алтындай болгон өлкөбүз утушка ээ болсо дейбиз.
Партиялаштарыбыздын жалпы идеялары, көз караштары бирдей чыгып, башка көйгөйлүү маселелер боюнча оюбуз бир жерден чыккандыктан, аларды ишке ашырууда кызматташтык гана утуп чыгарын сезип-туюп, шайлоо алдында да, шайлоодон кийин да иш-аракетибиз эриш-аркак болот деген максатта биригип отурабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Eldos-kg
2015-08-10 12:56:35
ийгилик!
0
Almake
2015-08-12 15:12:07
Мен куткон биригуу!!! Коррупционерлер менен курошуу эми кучтуу болчудай. Алга Ата-Мекен.
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан