Фархад Карымшаков, ишкер: «АЙЫЛЫМДАГЫ ӨНҮГҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ КОШОТ»

Фархад Карымшаков Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында 1982-жылы туулуп, 2000-жылы мектепти аяктаган соӊ Агрардык окуу жайында билим алган. 2005-жылдан 2010-жылга чейин ар кандай кесипти аркалап, бардык иштен тажрыйба топтогон. 2010-жылы айылына келип, 2012-жылы жергиликтүү кеӊешке депутат болуп шайланган. Ошондон бери элдин көйгөйүн чечип келет. Үй-бүлөлүү. Жеке ишкердик менен алектенип, Тоӊдун борбору Бөкөнбаев айылында турат.

«АТА ЖОЛУ ЭМГЕККЕ ШЫКТАНДЫРДЫ»
– Айылдыктар атам Саалы Карымшаковду тартып чыгармачыл инсан болбогонумду айтып калышат. Ал адам убагында «Досум Үсөн» ансамблинин көркөм жетекчиси катары Кыргызстанды түрө кыдырып өнөрлөрүн тартуулап, алгачкы кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон адам болгон. Атамдын уюштуруучулук жагын мен тарткан окшойм, мектепте сынак-концерттерде музыкалык аппараттарды алып барып, уюштуруп өткөрчүмүн. 2009-жылы атам бул дүйнөдөн өтүп кетти. Бул мезгил мага бурулуш болуп, ата конушума келип, анын жолун чыгармачылыкта болбосо да, калк көйгөйлөрүнө жардам берүү менен улоону чечтим. Бөкөнбаев айылынын борборундагы таштандыга толуп эч ким пайдаланбай турган жерди сатып алып,
9 машина таштанды чыгарып,
12 машина кум төгүп тазалап «Курулуш» базарын ачтым. Ар жерге кичи ишканаларды ачуу менен элге жумуш орундарын түздүм. Ак эмгегим менен ата атын өчүрбөй, кызмат кылсам деген тилегим чоӊ.

«ЭЛ ҮМҮТҮ ТАК ИШТӨӨГӨ ТАКШАЛТАТ»
– Алган билимимди, аздыр-көптүр тажрыйбамды элиме арнап, ак кызмат өтөсөм деп ниет кылып келе жатам. Коомдук иштерге активдүү катышып, элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүдө жана айылыбыздын гүлдөп өнүгүшүнө өз үлүшүмдү кошкум келди. Ошондой эле жаштар коомдо зор күч экенин көрсөтүп, көмүскөдө калган маселелерине колдоо көрсөтсөм деген ой жаралбай койгон жок. Элдин колдоосу менен жергиликтүү кеӊешке депутат болуп, бюджеттик комитеттин мүчөлүгүнө шайландым.
Биздин чакырылыш келгени өтө көп өзгөрүүлөр болду. Жергиликтүү бюджетибиз 20 миллион сомго көтөрүлдү. Айылыбыздын жолдору оӊдолуп, айрым көчөлөргө жарык коюлду. Социалдык объектилер курулуп жатат. Учурдагы биздин орчундуу маселебиз – бул спорт комплексинин бүтпөй жатышы. Бул маселени да чечүүнүн үстүнөн иштөөдөмүн. Калкты таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу маселелерди да чечип жатабыз.
Жаштарды коомдук иштерге тартып, айылыбыздын ар кандай маселелерине активдүү катышуусун да колго алдым. Ар бирибиз өз айылыбызды көтөрсөк, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз деп ойлойм. Эл менен жүрсөӊ алардын деми менен жашап калат экенсиӊ. Калк үмүтү, колдоосу так иштеп, жоопкерчиликтүү болууга такшалтат экен.

«ТОӉ ЭЛИНЕ ТОӉ МАМИЛЕ КЫЛЫШАТ»
– Тоӊ районунун таламын талашкан адам жок. Биз, тоӊдуктар, көп маселелерди чечүүдө томсоруп калабыз. Мына, канча жылдан бери биздин районго бир дагы инвестиция келген жок. Бөкөнбаевдеги салынып жаткан мектеп аягына чыга элек. Бизде канча деген жаштарга жер тилкеси айыл өкмөтү тарабынан расмий бөлүнүп, нумерация берилип, бирок трансформация маселесине такап чечилбей келет. Маселебизди айтып кайрылып барсак, өгөйлөтүп четке каккандар көп. Былтыр Тоӊ районунда жер титирөө болуп, элде кырсык болду. Ошондо эл өзү менен өзү болуп, кырсыкта чоӊдордон эч ким кабар албай койду. Мен кайдигерликти көрүп чыдабай, күн-түн дебей алар менен болуп, мамлекеттик тиешелүү жетекчилерди таап келип, элдин арыз-муӊун жеткирүүгө аракет кылдым. Бирок ушул кырсыктан жабыр тартып, ушул күнгө чейин өкмөттөн тийиштүү жардамдарын ала албай жүргөн тоӊдуктар толтура. Бир эле мисал, жер титирөө катталган убакта 1-2-3-4-категорияда жабыр тартты деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгарган чечимдер эмнегедир кийин өзгөрүп, жогорудагы категориялар жеӊилирээк жаракат деп жылдырылып, айрымдары жардам алуудан чыгарылып жатат. Мындан тышкары Тоӊ районунун Төрт-Күл, Болот Мамбетов, Ак-Терек жана Кажы-Сай айыл өкмөттөрүндө дагы жабырланган эл көп. Бүтүндөй республика боюнча мугалимдер, врачтар жана башка мамлекеттик кызматкерлер тоӊ элине жардам кылып бир күндүк акчасын которушуп, анын эсебинен эл анча-мынча курулуш каражаттарын алышкан. Учурдан пайдаланып дал ушул аз акча алса дагы биздин кайгыбызды теӊ бөлүшүп, каражат которгон мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык билдиребиз.
Тоӊ элинин таламын талашып, тоону томкорууга даярмын. Анткени өзүм туулуп-өскөн жеримдин коён жатагына чейин билип, ар кимдин эмнеге муктаж экенин жакшы
сезем. 24 жылдан бери саясатчылар сайрап, бирок кылган жок. Эл ушундан да тажады.

«КЕЛЕЧЕК – КЕӉ МАКСАТТУУ ЖАШТАРДЫКЫ»
– 20 жылдан бери келе жаткан партияларды, мамлекеттик чиновниктердин иштерин карап көрүп элди канааттандырганын көрө алган жокмун. Бул жылдар аралыгында башка өлкөлөрдүн өнүп-өскөнүн көрүп, «эмнеге биз өз өлкөбүздү көтөрө албайбыз?» деген ой келет. Канчалаган билими, билеги күчтүү жаштарыбыз чет жактарда жүрүшөт. Алардын акылын, күчүн өз өлкөбүзгө пайдалана албайбыз. Тааныш-билиш, жек-жаат, партиялаш деген нук менен отуруп кайда бара жатканыбыз белгисиз. Биз, жаштар, мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн өндүрүштү, айыл чарбасын көтөрүшүбүз керек. Кийинки урпактарга экономикасы бийик Кыргызстанды түзүү – ар бир акыл-эси толгон жаш кадрлардын милдети деп ойлойм.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ajar.
2015-08-12 11:39:56
"Тоң элине тоң мамиле кылат" дегенге кошулбайт элем. Мамлекет колунан келгенин жасап эле жатат го.
0
Ajar.
2015-08-12 11:40:19
Менин күйөө балам Тоңдон болот,башкалардан да көп уктум, жер титирөөдө зыянга учурагандарга көрсөтүлгөн жардам тууралуу. Алардын айтуусу боюнча,жабыр тартпагандар деле,б.а.үйлөрү зыянга учурабагандар деле мамлекеттен жардам алууга жан талашып,тизмеге кирип,жардам алышкан экен. Бул деген пейил бузулгандык да, жаманчылыктан пайда көрүп калайын деп, болбогон нерсени болду деп жардам үмтөткөн кантип болсун...
0
№ 666, 7-август-13-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан