Кумтөрдүн иши мөӊгүлөрдүн эришине таасир этет деген сыяктуу сандырак сөздөр ошондо айтылмак эмес.
Мөӊгүлөрдүн эриши тууралуу маселе мындан 30 жыл мурун катуу талкууланып баштаган. «Гринпис» жана башка уюмдар адамзатка кайрылып, Жерге тийгизген зыянды азайтыш үчүн өндүрүш тармагын көзөмөлдөөгө чакырган.
Бирок өндүрүшчүлөр укпай коюштубу же дагы башка бир себептер мененби, айтор, глобалдык жылуулануу туруктуу жүрүп жатат. Дүйнөдөгү суу каптоолор, температуранын жогорулашы, эзели кар жаабаган жерлерге бороон түшүшү сөзүбүзгө далил. Ооба, бул глобалдык жылуулануунун таасиринен келип чыккан климаттык өзгөрүүлөр. Бирок биздин саясатчыларга баары бир. Алар дагы эле Давыдов мөӊгүсү Кумтөрдүн айынан эрип жатат деген сөздөрдү айтып жатышат.
А, балким, биздин саясатчы мырзалар туура айтып жатышкандыр? Аныгын билүү үчүн чыныгы адиске кайрылып көрөлү. Көрсө, өлкөбүздө Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсү боюнча борбор бар экен. Ал жактан биз директордун орун басары Шамиль Ильясов менен байланыштык:
– Дүйнөнүн бардык бурчунда окшош кырдаал. Муз тоӊуунун даражасы төмөндөп баратат. Жалпы температура жогорулап, мөӊгүлөр эрип жатат. Кумтөр боюнча айтсам, каалаган башка кенге чыккыла да, от жагып көргүлө. Же болбосо кышкысын эшиктеги абаны жылыткыч менен жылыткыла. Бир метр аралыкта гана жылуулукту сезесиз. Бул жалпы жонунан алганда эч кандай таасир этпейт. Кумтөр боюнча да ушундай эле кеп. Болуп жаткан жылуулук бул глобалдык процесс, ага биздин алыбыз жетпейт,- деп билдирди. Буга катар Ильясов Кыргызстанда 8 миӊден ашуун мөӊгү бар экенин айтат. Андыктан бир-эки мөӊгүгө минималдуу таасир берилсе, эч кандай роль ойнобойт.
– Албетте, өндүрүш абаны булгайт, чаӊ музга отуруп чагылышууну жутуу даражасын өзгөртөт. Бирок бул болбогон эле нерсе. Жалпы жылуулануу менен салыштырганда тырмактай гана бөлүгү. Бир да өндүрүш жалпы глобалдык жылуулануу кубулушундай эрите албайт,- дейт ал.
Ал эми «Кумтөр мөӊгүлөргө терс таасирин тийгизип жатат» деген саясатчылар тууралуу Шамиль Аминович «алардын жумушу ошондой, саясий агымдардын пайдасы үчүн эмоция менен сүйлөшөт» деген ойду карманат.
– Бир да жолу бир дагы саясатчы менден кеӊешип кайрылган эмес. Эмнеге? Тилекке каршы, бизде саясатка кайсы бир тармакта эч нерсени түшүнбөгөн адамдар барышууда. Албетте, алар сүйлөөрдүн алдында кайсы бир адистер, эксперттер жана кесипкөйлөр менен кеӊешип алышса жакшы болмок. Бирок биз андай деӊгээлге өсүп жете элекпиз.
Мирлан Өмүралиев