ЖЕРГИЛИКТҮҮ ПРИОРИТЕТТЕР КУМТӨРДҮКҮЧӨ

Cалтка айлангандай «Кумтөр» компаниясынын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы салыктардын жана башка төлөмдөрдүн, ошондой эле республиканын «Центеррадагы» акцияларынын үлүшүнөн түшүүчү киреше менен бааланат. Бирок ишкананын оӊ таасири андан да кеӊири тараган. Компаниянын ар түркүн тармактагы жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдогону өзүнчө мультипликативдик эффектти берет. Тагыраагы, жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен кызматташуусунан ошол жергиликтүү компаниялар жакшы өнүгүүдө.

Кыргызстанда өндүрүштү өнүктүрүүнү көптөгөн саясатчылар менен аткаминерлер убада кылышкан. Антсе да, өлкө экономикасынын өндүрүш тармагын ордунан козгоп, аракетке келтирүү оӊой иш эмес экендигин тажрыйба көрсөтүп жатат. Тилекке каршы, ЕАЭСтеги шериктеш мамлекеттердин ортосундагы карым-катнаш бекемделип жатканда да, кыргыз экономикасынын глобалдык өнөр жай өнүгүшүнүн белгилери байкалган жок.

– Кыска убакытта мамлекеттеги өндүрүштү өнүктүрүп жиберүү мүмкүн эместиги анык. Буга квалификациялуу жумушчу күчүнүн жетишсиздиги, энергетикалык кубаттуулуктун тартыштыгы, ошондой эле, транспорттоо боюнча татаал логистика өӊдүү объективдүү себептер бар. Башкача айтканда, биз өндүрүш тармагын өнүктүрүү үчүн жаӊы кубаттуулук, жолдор, насыя берүү сыяктуу шарттарды түзүп жатабыз. Бирок булар жакын арада аткарылчу иштер эмес,- дейт экономика министри Олег Панкратов.

Кантсе да, өндүрүлгөн продукцияга кепил болгон суроо-талап бар чакта ишкерлерге өз ишкердигин алга жылдыруу, жогоруда айтылган таӊсыкты эске алганда да жеӊилирээк болмок. Бирок мындай идеалдуу шарттарды түзгөнгө мамлекеттин алы жетпей жатат.

Ошентсе да, жок дегенде Кыргызстандын бир аймагы үчүн бул маселе анчалык курч эмес. Маселен, Ысык-Көл облусунда жер-жемиш менен жашылчаны же сүт азыктарын кайра иштетүүнү илгерилетүү кыйла эле пайдалуу. Мунун себеби бул жерде эбегейсиз өндүрүш организми бар, анын жашоосун камсыздоо үчүн кошумча көптөгөн ресурстар талап кылынат. Кеп кызмат көрсөтүүнү жана товарларды сатып алууну жергиликтүү рыноктон алууну көздөгөн «Кумтөр» компаниясы жөнүндө.

Мындай артыкчылыктын бар экендиги, буга кошумча ири өнөктөш тарабынан кепилденген суроо-талаптын болушу компания менен кызматташууну жагымдуу кылат жана ысык-көлдүктөрдү бирге иш алып баруунун башка жолдорун издөөгө түртөт.

Компаниянын ар жылкы отчётунда азыркы тапта Кыргызстандын 600дөй ишканасы «Кумтөрдүн» күн сайын иштеп туруусу үчүн керек болгон 11 миӊден ашуун ар кандай аталыштагы продукциянын өндүрүлүшүн камсыздай турганы белгиленет. Айта кетүүчү жагдай, алтын өндүрүүчү гиганттын шериктеш компанияларынын көбү көлдүн жээгинде жайгашкан.

Кыргызстандын экономикасынын флагманы менен кызматташууну каалагандардын саны жыл сайын көбөйүп барат. Маселен, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча буга чейин эл аралык рыноктон алынып жүргөн кызмат көрсөтүү менен товарлардын 28 түрү жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн пайдасына оогон. Анын ичинде жеке коргонуу каражаттары, керектелүүчү буюмдар, транспорттук тейлөө жана башкалар бар.

Жергиликтүү ишкерлердин «Кумтөр» менен кызматташуу кызыкчылыгы барган сайын жогорулап жатат. Муну менен бир кызмат камсыздоочу экинчисин сүрүп чыгарууга аракеттенген атаандаш чөйрө да күч алууда.

Бирок компания жергиликтүү рыноктогу өзүнүн камсыздоочуларын колдоп, алардын өнүгүшүнө жардам берип жатат. Көмөк көрсөтүлгөнү негизгиден билинет: ишкерлердин капиталды жүгүртүүдөгү муктаждыгын түшүнүү менен кабыл алып, өндүрүшчүлөр менен эсептешүү максималдуу түрдө тез, көбүнчө бир нече күндүн ичинде аткарылат. Керектүү учурда «Кумтөр» аванстык төлөмдөрдү да берип турат. Бул болсо ишкерлердин өз ишканасын жакшыртканга жана өндүрүштү өркүндөткөнгө кошумча салым.

– Биз жергиликтүү рыноктогу сатып алууга байланыштуу стратегиялык мамилебиз жеке эле биздин компанияга эмес, жергиликтүү уюмдардын өнүгүшүнө салым кошоруна ишенебиз. Анда Ысык-Көл облусунун экономикасынын өнүгүшү жана иш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө жаратарына ынанабыз. Биз жергиликтүү ишканалар менен кызматташууну жана алга сүрөөнү улантабыз. 2014-жылы эле компания жергиликтүү рыноктогу сатып алууларга 80 миллион доллар жумшады,- дейт «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын президенти Дэниэл Дежарден.

«Кумтөр» тарабынан өз убагында берилген төлөмдөр жана адептүү жүрүм-турум компанияны артыкчылыгы бар сатып алуучуга айлантат. Буга кошумча алтын казып алуучу ишкана эл аралык жогорку стандартка туура келген гана продукцияны сатып алат. Бул компания менен кызматташып жаткан өндүрүшчүлөр тастыкталган, жогорку сапаттуу продукцияны чыгаруу керек деген деӊгээлди сактоого аргасыз дегенди түшүндүрөт.

Ишкерлерди мындай жагдай толугу менен канааттандырат. Себеби жогорку талаптар өндүрүштүн өсүшүнө шык берип, ишкерлерди жаӊы рынокторду, анын ичинде чет жердин рынокторун өздөштүрүү үчүн атаандаш болууга мүмкүндүк берет.

Жети-Өгүз районунда 40 жылдан бери сүт азыктарын кайра иштетип, кеӊири ассортименттеги сырларды жана башка кычкыл сүт азыктарды чыгарып келген "Ак-Жалга" ЖАКсы өткөн жылы эл аралык стандарттарга жооп берген ISO 22 000 сертификатын алган Кыргызстандагы биринчи ишкана болду. Эгерде евразиялык интеграциянын бекемделүү даражасын жана 160 миллиондон ашуун калкы бар рынокко жол ачылганын эске алсак, бул абдан чоӊ жетишкендик.

Сүт азыктарын кайра иштетүүчү завод мындай деӊгээлге өсүп жетүүгө «Кумтөр» менен 2006-жылдан тарта кызматташып келгенинин аркасында мүмкүн болду. Компания азыр да анын эӊ ишеничтүү кардары болуу менен апта сайын жалпы 120 миӊ сомдой бааланган 100 килограмм сыр, 100 килограмм май, 200 килограмм айран, 150 килограмм каймак сатып алып турат.

– Негизги көӊүлдү санитардык нормаларга бурабыз. Талаптар өтө катаал. Жайкы учурда жумуш көбөйгөндүктөн ишкана кошумча жумушчуларды алат. Алар ишке киришерден мурун адегенде окуп-үйрөнүп, жетекчилик тарабынан көрсөтмө алышат,- деген өндүрүштүн жетекчиси Шарипа Жаӊыбаева эӊ мыкты ишкана деген наамды жөн жерден алып калбаганын айтат.

Ал эми 2013-жылдын июнунда сүт азыктарын иштеп чыгаруучу завод европалык жабдуу орнотулган толук модернизациядан өттү: сүт жана каймак үчүн пастеризатор, чийки затты өткөрүп алууга эки он тонналык атайы челек, өзүн-өзү тазалоочу сепаратор-нормализатор, 5 сүт насос.

– Технологиялык процесстерди өздөштүрүүгө каражат жумшаганыбыз – биздин өнүгүп жатканыбызды көрсөтөт. Бирок мунун баары биздин өнөктөштөрдүн колдоосу болбосо ишке ашпайт болчу,- деп сөзүн жыйынтыктайт Шарипа Жаӊыбаева.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
marik10
2015-09-16 11:23:41
ушу колдун фондуна тушкон кирешеден кичинекей ишканаларда кобуроок куруш керек болчу, бийлик болсо ал акчаны мектеп курумуш болуп тойлорун откоруп алды
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан