Райкан Алканов, ишкер: «ЖАЛААНЫН ЖАРАКАТЫ ООР ЭКЕН»

Өткөн сандарыбызда 82 жашка аяк баскан ишкер Райкан Алкановго Талас шаарында болгон кол салуу окуясы боюнча соттолгон кыздардын биринин жана анын апасынын пикирлерин жарыялаган элек. Ага катар ишкер да каргашалуу окуянын кандайча болгондугу жана сот иштеринин жыйынтыгы боюнча өз оюн бөлүшкөн. Бирок жарыкка чыккан макалада экинчи тараптын билдирүүлөрү бир топ жалган жалаалар менен коштолгонун айтып нааразы болгон Райкан Алканов каргашалуу окуяны төмөнкүчө баяндап берди.

«КЫЗДАР ҮЙДӨ ТҮНӨП КАЛУУНУ СУРАНЫШКАН»
– Эӊ алгач айта кетчү нерсе, жаш курагыма, ден соолугума байланыштуу үйүмдө бир нече үй кызматчыларын иштетүүгө мажбурмун. Акыркы 5 жылдан бери артроз деген муун ооруусуна чалдыгып, Германияда эки тиземе операция жасаткам. Кыз зордуктаганды мындай кой, 5 жылдан бери таяктын жардамы менен басам, кыймыл-аракетим оор.
Мага кол салган кыздардын башка бир тууганы 5 жылдан бери менин үйүмдө иштеп келген. Үй кызматчым өзүмдүн айылдашым болгондон кийин анын энеси жана бир туугандары дагы үйгө келип-кетип, керек учурда акчалай жардам алып эле жүрүшкөн. Азыр жашап жаткан айылдагы үйүн да менин колдоом менен салышты. Окуя болор күнү дагы кыздардын энеси мага телефон чалып 10 миӊ сом жардам сураган. «Талас шаарындагы үйүмө келип алып кет» десем, Гүлнара менен Динара деген кыздарын жөнөтүптүр. Кыздарынын колу туткактыгын мурдатан эле байкап жүргөм. Себеби мурда да бир нече жолу бул кыздар үйгө келгенде акча жана баалуу буюмдар жоголгон эле. «Өзүӊө сак бол, башканы ууру тутпа» дегендей, мен дагы кыздар келгенде чөнтөгүмдөгү 150 миӊ сомдон ашык акчаны душ бөлмөсүнө катып койдум.
Кыздар үйгө кеч келишип, менин үйүмдө эле түнөп калууну, менден жардам катары алган акчага эртеси базардан соода кылып айылга кайтышарын айтып суранышты. Кыздарды караӊгыда убара болушпасын деп алардын айткандарын жүйөлүү көрүп, үйгө калтырдым да, өз бөлмөмө барып жатып алгам.

«ЭЛ АЛДЫНДАГЫ АБИЙИРИМЕ КАТУУ СОККУ УРУЛДУ»
– Түн ортосунда кыздардын улуусу Гүлнара менин бөлмөмө кирип, уктап жаткандыгымды текшерип түртүп көрдү. Ойгонуп кетсем калп эле «кир жууган машинаны кантип
иштетет?»
деп сурады. «Мен кир жууп жүрүпмүнбү?» деп кагып койсом чыгып кеткен. Бир маалда башыма катуу бир нерсе тийип, оргуштаган кан кетти. Көзүмдү ачып тургуча Гүлнара балта менен ийиниме чапты. Буга удаа эле экөөлөп бычак менен үстөкө-босток ура башташты. Канга тайгаланып жыгылып, алдан тайып жатсам үйдөн акча издеп киришти. Таппаган соӊ мага дагы бычак сайгылап, акчаны кайда каткандыгымды сурап жатышты. Айлам кеткенде акчанын турган ордун айтсам, кичүүсү чуркап барып таап, көз алдымда санап алышты. Акчадан тышкары кымбат баалуу кол саатымды жана алтын шакектеримди чечип алышты. Андан соӊ алар үйдү тазалап, кан болгон кийимдерди, жаздык жана төшөктөрдү өздөрү менен кошо ала кетишти. Кетип жатып «бизди эч кимге айтпа, бет капчан бирөөлөр жасады деп кой, болбосо бизди зордуктады деп абийириӊди төгөбүз» деп эскертишти. Таӊ атканда айдоочум мени алып кеткени үйгө келип, абалымды көрүп ооруканага жеткизди.
Жаманы – алардын мени чала жан кылып карактап кетишкени аз келгенсип, «зордуктады» деп мага жалган жалаа жаап жатышканы. Ден соолугума жана эл алдындагы абийириме катуу сокку урулгандыгы аз келгенсип айрым «адам укугун коргоочу» сөрөйлөр кыздарга соттун жүрүшүндө акыл үйрөтүп, улам алардын сүйлөчү сөздөрүн даярдап берип жүрүшөт. Жаш курагыма карабай ишкердик менен алектенип, мамлекетиме олчойгон салыктарды төлөп, миӊдеген адамдарды жумуш орду менен камсыз кылып, карылыкка баш ийбей, башка карыларга, майыптарга жана муктаждарга жардамымды аябаган менин укугумду ушундай зөөкүрлүккө дуушар болгондо коргобогон «адам укугун коргоочулардын» кылмышкерлердин укугун коргогонго далалат уруп жүрүшкөндүгү кабыргамды кайыштырат. Азыр мага бычактын жаракатынан да, жалаанын жаракаты оор болуп турган учуру.
Эми мен ден соолугума жана жаш курагыма байланыштуу кайра-кайра эле актанып ары-бери чуркаганга мүмкүнчүлүгүм жок. Болгону айрым массалык маалымат каражаттарынын окуяны туура иликтеп, талдап туруп маалымат таратышпаганы өкүнүчтүү.

РАЙКАН АЛКАНОВ ТЕРГӨӨ УЧУРУНДА БЕЛГИЛҮҮ БОЛГОН ЖАГДАЙЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮП ӨТТҮ:

  1. Райкан Алкановго кол салган кыздардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бул кылмыш биринчиси эмес. Кыздардын атасы бир нече жолу соттолуп, өмүрүнүн жарымы түрмөдө өткөн. Агасы мектеп окуучусу болгон айылдашын мыкаачылык менен өлтүргөндүгү үчүн соттолуп, 3 жылдан бери абакта.
  2. Кыздар бир жума качып жүрүп, колго түшкөндөн кийинки алгачкы түшүнүк каттарында кол салуу ошол күнү болгон зордуктоо окуясынан келип чыкканын жазышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө кыздардан алынган анализдер зордуктоо жана жыныстык катнаш болгондугун тастыктабаган соӊ сот жүрүшүндө алар түшүнүктөрүн өзгөртүп, зордуктоо фактысы 2013-жылы болгондугун, Райкан Алканов кыздардын үйүндө түнөп калып, алардын кичүүсү Динараны зордуктагандыгын айтышкан.
  3. Динара 2013-жылы зордуктоого кабылгандыгын айтып жатып, окуя болгон күнү Райкан Алканов алардын конок бөлмөсүндө жайгашканын, энеси менен өзү өз-өз бөлмөлөрүндө болгондугун, түндө зордуктоого дуушар болгондон кийин таӊ аткыча ашканада ыйлап отургандыгын айтып өткөн. Биздин иликтөөлөрдө кыздардын үй-бүлөсү акыркы жылдарга чейин өтө жакыр жашашкандыгы, 2014-жылдын аягына чейин 1992-жылкы жер титирөөдө мамлекет тарабынан жардам катары берилген эки бөлмөлүү жыгач үйдө жашап келишкендиги, азыркы тапта жашап турушкан беш бөлмөлүү үйдү Райкан Алкановдун жардамы менен 2013-жылы жаӊы куруп башташкандыгы жана зордуктоо болду делген убакта бул үйдүн дубалдары жаӊыдан курулуп жаткан учур болгондугу, натыйжада түнөп калуу жана көп бөлмөлүү үй жөнүндөгү сөздөр чындыктан алыс болгондугу маалым болду.
  4. Тергөөдө кыздар үйгө газ баллондорду жана кылмышта колдонулган бычакты өздөрү менен ала келишкендиги, кылмыштын пландуу түрдө ишке ашырылганы толук аныкталган.
  5. Кыздар Райкан Алкановдун 150 миӊ сомдон ашык акчасын, 4 миӊ долларлык кол саатын жана өтө баалуу 2 алтын шакегин алып кетишкендигин тастыкташкан. Кол салууда кан болгон төшөк, шейшеп, жаздык жана кыздардын кан кийимдери алардын туугандарынын сарайынан табылган.
  6. Кыздардын айтымында, алар Райкан Алкановдун үйүнө кечинде такси менен келип, түндө кайра такси менен кетишкен. Алардын түшүнүк катында окуядан кийин үйдөн таӊга маал такси менен кетишкендиги, эртеӊ мененки саат 9 чамаларына чейин кан кийимдери менен жүрүшкөндүгү, шаардагы соода жайлары ачылганда кийим сатып алып, кийим алмаштырышканы жазылган. Катардагы таксисттин кылмыш кылгандары белгилүү болгон кыздар менен таӊ аткыча жүрүп, кан буюмдарды шаардан алыс сарайга жеткиргендиги ишенерлик окуя эмес. Бул жерде башка бир эркек өнөктөштүн болгондугу дагы шек жаратат.

Райкан Алканов учурда «Алкан базары» ишканасынын президенти, ЕврАзЭС Кыргызстан ишкерлер кеӊешинин төрагасы, Согуштун, эмгектин жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлери уюмунун төрагасынын орун басары, КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер кеӊешинин мүчөсү, Улуттук бокс федерациясынын ардактуу президенти, Улуттук каратэ федерациясынын ардактуу президенти, Улуттук көк бөрү федерациясынын вице-президенти. Кылган эмгектери жана кайрымдуулук иштеринин натыйжасында «Даӊк» медалы баш болгон көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктар менен сыйланган.

Бакыт Жаанбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Sum
2015-09-14 18:59:21
Шайлоо алдындагы кара пиар же очошкон душмандын атайын уюштурган иши болушу мумкун
0
EdikoKG
2015-09-14 20:26:44
Урматтуу Алканов,сиздин курагыныздагы аксаклдар мечитке барып,жаштарга акыл-насаат айтып,небере - чоборолоруно мээрим тогуп тарбиялап,бактылуу каарылыкты суруудо. А сиз болсо,неберениздей болгон кыздар менен соттошуп,дооматташып олтурас. Уят!
+7
guli-1980
2015-09-15 14:50:50
Уй кызматчы алгыдай келиндери жок бекен
+2
Pantherka
2015-09-15 15:27:04
Картайганда намаз окуп акыл насаат айтып аксакалдын милдетин аткарбагандарды кудай эки эсе жаман корот экен го.
+1
kutucsha
2015-09-15 19:43:20
Бул чон атада уй було небере чоборо денег жокбу?
0
Edik_86
2015-09-15 22:07:35
МЕН алханов зордуктады дегенге ишенбейм бул жашта кыз зордукташка деле куч кубаты жетпесе керек
0
Sagidko88
2015-09-16 12:51:33
Edik_86,мен да ишенбейм. кыздар жалаа жаап жаткансыйт.
0
omka100514
2015-09-16 12:00:49
кыздардын колу туткак экендигин байкаган болсо, неге 5-жылдан бери кызматчы кылып жургон анда, аларды кетирип ордуна башкасын алса болотго.карыганда калжандап кыздар менен соттошуп
0
bolotbai
2015-09-16 13:54:30
Карыганда жаш небересиндей болгон кыздар менен секс кылып соттошуп.Уят эле абдан,бул жакта мен уялам.
0
emir_muslima
2015-09-16 18:29:55
Алкановдун азыркы берген интервьюсу менен мурдагы интервьюсу анча мынча окшошбой калыптыр
0
Ozkgbiw
2015-09-16 20:43:20
Алкановту соттош керек болчу акча бар экен кутулуп кетти
0
aitowa11
2015-09-16 21:57:42
Мурунку берген интервюсунда ошолордун уйундо жаткам деп озу айттыле эми мында уйу ошол жылы салынып баштаган дейт кайсы созуно ишеништи да билбей калдым.
0
briliant87
2015-09-17 15:36:35
Кимисине ишеништида билбейсин.
0
altynaiB
2015-09-18 10:42:49
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат дегендей Алканов да деги тажабадыго актангандан. Байлык мансап деген нерсе сокур кылып койгон ар намыс уят эмне экенин билбейт! Торунон кору жакын болуп турганда адамдык сапатты эске алып ыйман жолунда журсо болмок дагы да кеч эмес.
0
Truelensk
2015-09-18 22:06:50
Кыздар деле оной эмес окшойт биринен бири откон.иштебей эле Алкановдон акча алып конуп алган окшойт.
0
aerforce
2015-11-20 22:52:42
Акчан болсо 90го чыксанда зордуктайсын башка мамлекетте акчалуулар жаш эркек балдарды зордуктайт экен акча адамды айнытат мен айтпайм байлыгына ишенип Алканов ушул ишти жасад деп ошондой эле кыздарды да кунолуу деп айталбайм анткени корбодум билбедим акча баарын азгырат балким Алкановту азгырды же тиги кыздарды азгырды азыр адамдан баарын кутсо болот бул менин жеке пикирим Алла баарыбызга ыйман берсин
0
№ 671, 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан