КҮНДҮН ЫСЫШЫ АЧАРЧЫЛЫККА АЛЫП БАРАТАТ…

Мындай прогнозду Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмунун (ДМУ) изилдөөлөрүнө таянып айтып чыкты. Эгер жер бетинде абанын температурасы дагы 2 градуска көтөрүлө турган болсо, айрым аймактарды суу каптап, айрымдары чөлгө айланат. Жыйынтыгында миллиондогон адам жакырчылык жана ачарчылык сазына батары маалымдалды.

2014-жылы атмосферадагы парниктик газдардын (көмүр кычкыл газы, метан, азоттун оксиди жана башка) өлчөмү рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Алсак, абадагы көмүр кычкыл газы орточо 0,0395%ды түзүп келсе, бүгүн ал 0,0400%ды түздү. ДМУнун башкы катчысы Мишель Жаро: «Келечекте бул пайыздык көрсөткүчтөр дагы жогорулай турган болсо, жер бетиндеги жашоо коркунучка кептелет. Биз убакыттан уттуруп жатабыз»,- деп айыл чарбасы менен өнөр жайдан чыккан зыяндуу газдарды азайтуу керектигин белгилейт.
Атмосферада парниктик газдардын ченемден тыш көбөйүшүнө күрүч талааларынын кеӊейиши менен мал чарбачылыгынын өсүүсү, токойлордун өрттөлүшү, өнөр жай, көмүр кендери, жер семирткичтердин өндүрүлүшү жол ачууда.
Бул газдар күн нурун тез өткөргөндүктөн жердин бетин ысытат. Мындан улам мөӊгүлөрдүн эриши тездеп, суулардын бууга айлануусу күчөп, абанын температурасынын дагы да ысышына алып келери илимде белгилүү. Мындан улам быйылкы алгачкы 9 айдын жыйынтыгында орточо жылдык температура баштапкы жылдардан 0,68 градуска жогору болгонун метеорологдор маалымдайт.
Климаттын өзгөрүүсүнөн биринчи кезекте дыйкандар запкы тартып, жакынкы 15 жыл аралыгында 100 миллионго чукул адам нансыз калуу коркунучу чоӊ экенин айтып БУУ коӊгуроо кагууда. Ал эми Дүйнөлүк Банк (ДБ) тараткан маалыматта абанын температурасы бүгүнкү күндөгү чектен ашып, дагы 2 градуска көтөрүлсө, дүйнө жүзүндөгү мөӊгүлөрдүн 50%ы жок болот. Ал эми 4%га көтөрүлсө, анда 75% мөӊгүдөн айрылабыз.
Дүйнөлүк эксперттердин баамында, дүйнөлүк температура орточо 4 градуска көтөрүлө турган болсо, Орто Азия чөлкөмүндө жылдык орточо температура кылымдын соӊунда дээрлик 7 градуска жетет. Башкача айтканда, табият каатчылыгынан биздин аймак эки эсе запкы тартышы мүмкүн. Бул жаатта бир нече жылдан бери эмгектенип келе жаткан Кыргыз илимдер академиясынын суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Маматканов табияттын мыйзамына каршы чыгууга адам баласынын даремети жетпесин айтып, табият түзгөн шартка ыӊгайлашып жашоого үйрөнүшүбүз керек деген пикирде.
Дүйшөн агай өзү жетектеген институттагы адистер менен биргеликте Кыргызстандын мөӊгүлөрүнө байкоо салып келе жаткан саналуу адамдардын бири. Агайдын маалыматына таянсак, өлкө боюнча 8 миӊдей мөӊгү болсо, 1970-жылдардан бери анын 2 миӊи эрип жок болгон. Илимпоздордун көп жылдык байкоолору боюнча, акыркы 20-30 жылда Ысык-Көлдүн Күнгөй Ала-Тоосундагы (Чолпон-Ата тарабы) мөӊгүлөрдүн 30%ы калбай калган. Бул көрүнүш улана берерин жана алдыдагы 20 жылда мөӊгү дагы 70%га кыскарып, аймак суусуз калышы мүмкүн экенин айткан Дүйшөн мырза мындай көрүнүш дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнөн болуп жатканын белгилейт.
Ал эми Тоо-кен ассоциациясынын мүчөсү Валентин Богдецкий да мына ушундай пикирде. 1981-82-жылдары Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы мөӊгүлөрдү изилдөөгө катышып, СССРдин Генералдык штабынын 1942 жана 1963-жылдардагы абадан тартылган сүрөттөрүн карап чыкканын айткан Валентин мырза: «Бул жылдар аралыгында мөӊгүлөр 200-250 метрге чейин жукарыптыр. Ал кезде эч кандай адамдын таасири жок кез эле. Мындан улам мөӊгүлөрдүн эриши табигый көрүнүш жана аны сактап калуу акылга сыйбайт»,- дейт. Эске салсак, Ак-Шыйрак тоо кыркасында «Кумтөр» алтын кени жайгашкан.
Ал эми Кыргызстанда элди дүрбөтүп мөӊгүлөрдү сактап калалы деген өӊдүү демилге көтөргөн жарандарыбыз бар. Бирок жогорудагы БУУнун, ДМУнун жана ата мекендик илимпоздордун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, өлкөбүздөгү мөӊгүлөрдү жалгыз сактап калуу мүмкүн эмес. Бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык мамлекеттер бирдиктүү иш жүргүзүшүбүз зарыл…
2014-жылы «Кумтөр» кенинин аймагындагы, Арабел жана Үчкөл дарыяларынын айланасындагы мөӊгүлөрдү жана гидрометеорологиялык шарттарга байкоо жүргүзүү боюнча узак мөөнөттүү (2014-2018-жылдарга чакталган) программа башталган. Изилдөөлөр КРнын УИАнын Суу маселелери жана гидроэнергетика институту тарабынан Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (Орусия) эксперттерин тартуу менен жүргүзүлүп келет.
Бул байкоо жүргүзүү долбоору кыргыз өкмөтү менен макулдашуунун негизинде иштелип чыгып, Cуу маселелери жана гидроэнергетика институту менен «Кумтөрдүн» ортосундагы тийиштүү келишим аркылуу бекитилген.
Мониторингдин максаты – «Кумтөрдүн» түздөн-түз техногендик таасир берген аймактагы мөӊгүлөрдүн абалын баалоо жана алардын өзгөрүү динамикасын (кыймыл ылдамдыгын, сызыктуу чегинүүсүн, бетинин бузулушун), ошондой эле бетинин жарык чагылдыруу касиеттерин (альбедо) чалгындап туруу жана алынган маалыматтарды кенден бир кыйла алыс жайгашкан мөӊгүлөргө жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжалары менен салыштыруу болуп саналат.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aikol87
2015-11-30 23:57:43
Коз алдыма келип кетти.монгулордун жок болуп атышы.
0
mirlaane
2015-12-02 14:53:34
пейлибизди ондосок Алахтын колунда баары!
0
jaazira13
2015-12-02 15:22:57
элге туура жумуш откорулуш керек, карапайым элге популисттер кумторго окшогон ишканалар ээритип атат дешсе ишене беришеткен
0
zari_kosh
2015-12-05 11:42:49
Бир Аллах гана билет эмне болорун, ишене бербеш керек. Илгертеден бери эле суук ысык ар турдуу болгон аба ырайы
0
marik10
2015-12-08 14:35:20
бул нерсе глобалдык процесс, ысык бутуп кайра суук тушот бирок бир нече кылым откондон кийин, анан монгулорду кумтор ээритип атат деп элдин башын айландырышпасында
0
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан