ЭКОЛОГИЯ: «КУМТӨРДҮН» ЖОЛУНДАГЫ ЧАӉ

Барскоон суусунун бир жээгинде ага аты уйкаш айыл жайгашса, экинчи жээгинде «Кумтөр» алтын кенине кетүүчү 90 чакырым узундуктагы жол бар. Компания бул жол аркылуу өндүрүштүк жабдууларды, тетиктерди, күйүүчү майды, жумушчуларды ташыйт. Ошондой эле кенчилердин азык-түлүгүн, тиричиликке керектүү оокаттарын, тетиктерди жеткирүү менен алек болгон кыргызстандык 600гө чукул ортомчу ишканалар, Ак-Шыйрактагы малчылар, аӊчылык чарбаларына, туристтик жайларга жана Сарычат-Ээрташ коругуна баргандар да дал ушул жолду пайдаланышат.

Алтын кен ишканасынын каражатына шагыл төшөлүп салынган технологиялык жол шаар аралык жолдордон кем эмес. Бирок унаа өткөндө көтөрүлгөн чаӊды байкоого болот. Бул тууралуу коомчулукта бир-эки жыл мурун ар кандай кептер айтылган. Бири жол четиндеги өсүмдүктөргө таасирин тийгизип жатат десе, дагы бирлери жер көчкүлөрдүн себебин мына ушул чаӊдан көрүштү.
Коомчулукта жаралган суроолордун чын-бышыгын аныктоо үчүн былтыр кен ишканасы чаӊдын деӊгээлин жана анын курамында оор металлдар бар же жок экендигин текшерүү максатында чаӊ топтогуч аспаптарды орноткон. Компания жетекчилиги экологияга аяр мамиле жасоо ишибиздин негизги принциптеринин бири болуп саналат деп дайыма белгилеп келет. Бул сөз бойдон калбай ишкана иш жүзүндө Кыргызстандагы экологияны коргоого миллиондогон доллар каражаттарды бөлүү менен тастыктап келет.
Эми аспаптарга токтолсок, алардын бири абада калкыган бөлүкчөлөрдү чаӊ соргучтай соруп топтосо, бири жөнөкөй. Башкача айтканда, чаӊ идишке топтолот. Мындан сырткары жолдон өтүп жаткан унаалардын санын, көлөмүн жана кайсы багытта баратканын каттай турган радар да коюлган. Бул аркылуу унаалардын канчасы «Кумтөргө» таандык жана канчасы башкаларга таандык экени аныкталат. Себеби жогоруда айтылгандай, бул жолду компаниядан сырткары миӊдеген адамдар да пайдаланат.
Өлчөөчү аспаптар жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, экологдор менен биргеликте алар белгилеген жол боюндагы жерлерге орнотулган. Топтолгон чаӊ үлгүлөрү ар айда Кара-Балта шаарындагы көз карандысыз «Алекс Стюарт» лабораториясына жөнөтүлүп турат.
Долбоордун жыйынтыгы кандай болуп жатканынан кабар алуу үчүн алтын кен компаниясынын Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн директору Бен Ферриске кайрылдык. Анын айтымында, байкоо жүргүзүүнүн жаӊы түрү орнотулган соӊ долбоор дароо иштеп кеткен эмес. Чаӊдын курамын өлчөөчү топтогучтарды орноткон соӊ долбоор иштегиче бир аз маселелер жаралган. Алсак, бир нечесин белгисиз адамдар уурдап, ал тургай талкалап да кетишкен. Анын айынан анализдерди чыгарууга лабораторияда мүчүлүштүктөр болуп, өлчөөчү аспаптардын ордун толуктоого көп убакыт кеткен. Себеби мындай өлчөгүчтөр бизде жок болгондуктан атайын Канададан алынып келинет.
Изилдөө иштерине зарыл болгон бардык каражаттар кайрадан толукталып, акыркы үч айдан бери иш өз нугуна түшкөнүн айткан Бен мырза үлгүлөрдөн алынган жыйынтыктар боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
– Алынган анализдер көрсөткөндөй, кабыл алынган эл аралык стандарттардагы мүмкүн болгон чектен биздин көрсөткүчтөр төмөн болуп чыкты. Ошондой эле башкы суроо болгон адамдын ден соолугуна зыян алып келүүчү оор металлдар чаӊдын курамында табигый деӊгээлдин чегинде жана адамдын саламаттыгына зыян жаратпайт. Андыктан кооптонбой эле койсо болот. Бул жакшы жаӊылык жана чаӊга байкоо жүргүзүү мындан ары да улантыла бермекчи.
Мындан сырткары компания кендеги абанын сапатынын үлгүлөрүн алуучу өлчөгүчтөрдүн бирин жылына бир ирет Барскоон айылына алып келип турат. Үч жылдан бери жасалып жаткан бул иш жайдын күнү чаӊ көп кезде бир айга орнотулуп, атмосферанын абалы боюнча маалыматтар алынат.
Белгилей кетсек, үлгүлөрдү чогултуу учурунда жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү компаниянын кызматкерлерине кошулуп иштешсе болот. Алгачкы үлгүлөрдү алууда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да келип жардамдашып, иштин ачык айкындуулугун көзөмөлдөгөн. Бирок муну менен чектелип калбай мурункудай эле кайсы күнү үлгүлөр алынарын компаниянын ошол аймактагы жергиликтүү калк менен кызматташуу бөлүмдөрүнө кайрылып тактап алууга мүмкүн экенин Бен Феррис кошумчалап, бардык анализдер компаниянын жылдык отчётторунда камтылып, жыйынтыктар боюнча коомчулукка кабарланып турарын айтты.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
marik10
2015-12-08 15:29:51
кумтор экологияны бузуп атат дегенге чейин колдун жээгинде ботолко мусордун баарын жоготушпайбы, пансионаттын кир суулары колго тушот, чычырканактын баары кыйылып бутту
+1
jaazira13
2015-12-09 13:40:28
барскоондо кыйылып жаткан токойду бийлик сактабайбы?
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан