ЖАӉЫ ЖЫЛГА ЧЕЧИЛБЕГЕН КӨЙГӨЙЛӨРДҮН ЖҮГҮ МЕНЕН

Жылдан жылга агын суудай жылжып агып келе жаткан «Кумтөр» алтын кени боюнча эскирген маселелерден Кыргызстан бул ирет дагы кутула албай калды окшойт. Эки чечилбеген маселе бар: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси жана долбоор боюнча жыйынтыктоочу келишим. Булар мураска калган сыӊары кайрадан эле жаӊыдан шайланган депутаттык корпуска жана өкмөткө калды. Жаӊы 2016-жылы кыргызстандык саясатчылардын акылы жана саясий эрки бул маселелерди чечүүгө жетет деген гана үмүт калды.

Учурдагы парламенттин табышмактуу аракеттери мурдагы чакырылыштагыдай эле таӊ калтыруусун улантып келет. 2016-жыл мурундун учунда турат. Ал кыргызстандыктар жана өлкө экономикасы үчүн жалпы жонунан эмне алып келет? Эгерде бардыгы өзгөрүүсүз калса жана «Кумтөр» маселесине чекит коюлбаса, анда эч кандай жакшы нерсе алып келбейт. Белгилүүсү, бюджеттин эсебинен жашаган жарандар белди дагы бекемирээк бууп, киреше табуунун дагы башка булагын издеп жөнөөгө туура келет. Дарыгер жана мугалим – бирден-бир асыл жана аны менен бирге береке чыкпаган кесиптер багар-көрөрүнөн ажырап калуу коркунучунда турат. Педагогикалык курамдарга жана медиктерге айлык акы «Кумтөрдүн» эсебинен төлөнөөрү эч кимге жашыруун эмес. Ишенимдүү, абийирдүү өнөктөш болгон канадалык инвесторлор менен узак жылдар бою иштешип келаткан ата мекендик өндүрүшчүлөр – ондогон жергиликтүү компаниялар эки тарапка бирдей пайдалуу, убакыт менен текшерилген кызматташууну унутуп койсо да болот. Аны менен бирге алар дүйнөлүк кризистин таасирлерин дагы да ачуураак сезе башташат. Миӊдеген кыргызстандыктар жогорку маяналуу жакшы жумуштары жок калышат. Республикабызда жергиликтүү жашоочуларга жумуш жана стабилдүү айлык акы берген «Кумтөр» сыяктуу башка масштабдуу ишкана табылбашы турган кеп.
Эмне себептен эл кызматчылары муну байкабай, же байкагысы келбей алтын казуучу ишкананын мамлекет экономикасына кошкон салмактуу салымын (ушул жылдын 9 айында гана ири салык төлөөчү мамлекет бюджетине салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 6,3 миллиарддан ашуун сом которгон) жокко чыгарып, мындай ишканасыз абалыбыз өтө начар болорун моюндарына алгысы келбейт?
Азыркыдай кырдаалда «республикабыздын улуттук мүлкү» деп мөӊгүлөргө калп эле кам көрүп жаткандай популисттик билдирүүлөрдү таштай турган учурбу? Парламент депутаттары чекелери менен дубал сүзгүлөп отурганча, убакытты созуп отурушат. Тоо-кен секторундагы эксперттер үчүн бул маселени кийинкиге калтырууга болбой тургандыгы ачык эле көрүнүп калды. Жаӊы 2016-жылдан тарта биздин мыйзамдар боюнча кен жайларын иштетүүчүлөр тоо-кен иштерин кен жайларында жүргүзө албайт. Ушул жылдын аягында Темир Сариевдин өкмөтү тарабынан берилген «убактылуу уруксаттын» мөөнөтү аяктайт. Эгерде парламент мурдагыдай эле Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алууну кечеӊдете берсе (өзгөртүүлөр дегенди эске салып коёлу, бул кыргыз мыйзамдары менен карама-каршылыктарды жок кылуу), анда инвестор мөӊгүлөргө жакын аймакта иштөөнү уланта албайт.
Демек, «Центерра» жетекчилиги буга чейин бир нече жолу эскерткендей, өндүрүш ишмердүүлүгүн токтотууга туура келет. Ал эми компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кайчылаш иштей албайт.
Эмне себептен карапайым жарандар жана мамлекеттин биринчи адамдары үчүн түшүнүктүү болуп турган нерсени эл кызматчылары аягына чейин байкабай турушат? Президенттин популизмден жана саясий оюндардан тышкары туруп, салмактуу чечим чыгаруу талабын эмнеге эске алышпайт? Бул маселе тамашалашчу маселе эмес. Республикалык масштабда өтө чоӊ жоготуу болушу мүмкүн. Ири бюджетти түзүүчү ишкана менен мамилени үзүү мамлекет үчүн орду толгус окуя болот. «Кумтөр» долбоору боюнча өкмөт менен канадалык тараптын мындан аркы сүйлөшүү процесси кандай нукта уланары депутаттык корпустун чечиминен көз каранды болорун да эске алыш керек. Чечимди кечеӊдетүү жана кандай гана болбосун туура эмес жасалган кадам Кыргызстан үчүн оор, терс таасирлерин берет. Мамлекет ичинде жана жалпы эле дүйнө жүзүндө түзүлүп турган экономикалык кырдаалдын шартында биз айрым кыргызстандык саясатчылардын алысты көрө билбегендигинен, же ач көздүгүнөн, акылсыздыгынан ишкер өнөктөштөрдү жоготууга укугубуз жок.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
beben
2015-12-07 20:52:40
Эн жакшы макала. Рахмат супер инфо . Акылым жетип турат бирок ...
-1
jaazira13
2015-12-09 13:25:09
beben,саясат оюндан экономикабыз алыс болуш керек
+2
marik10
2015-12-08 16:31:28
оюнчук болуп буттуго бул суроо
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан